Айпериге бирөөлөр куда түшүп жатышканын кулагыбыз чалып калган. Бул маалыматтын чын-бышыгын билмекке ырчы кыздын өзүнө кайрылдык. Жообу мындай болду: “Мага куда түшүп келгендер бирөө эле эмес. Эки-үчөөнөн баш тартып койдум. Жашым деле келип калды, бирок окуумду бүтө элекмин. Ооба, көңүлүмө жаккандары бар. Ошондуктан ойлонуп жатам, балким, бир жылдан кийин... Тойго баргандан да кооптонуп калдым, анткени “ала качып кетебиз” дегендерди кездештирип жатам. Эми “кыздын барар жери – күйөө” дейт, мүмкүн, жакын арада деле турмушка чыгып кетермин. Кудайдын буйругунан болот да”.