«Мен 7-апрелде болгон төңкөрүштөн кийин Роза Отунбаеванын жардамчысы болуп бекитилген элем»,- деп сөз баштады кеңсебизге келген ырчы Бека. «Мына ошондон кийин өзүмдүн суранычым менен КТРдин жаштар редакциясында иштеп калдым. Мындан улам мамлекеттик телеканалдын бир орундан кыймылдабаганы, керек болсо бир кылым артта калганы мага даана көрүнүп, күйүп-бышып жүрөм.
Мамлекеттик канал болгондуктан, жылына 350 миллион сом бөлүнүп турат. Бирок берүүлөрүнүн сапаты начар, кызматкерлеринин эң көп айлыгы 5000 сомду түзөт. Ал эми жогорудагы акчалар кайда кетип жатат? Эгерде сапаттуу программаларды жарата алышпаса, анда мамлекет бөлүп берген даяр акчага сапаттуу, кызыктуу берүүлөрдү сатып алышса болот эле да.
Эки жылдан кийин КТРК санариптик форматка өтөт. Тагыраак айтканда, КТРКнын астында дагы 5 канал иштеп калат. Менин таң калганым, бир каналды жакшылыктуу иштете албагандар 5 каналды кантип жөндөшөт? Бул телеканалдын мындай абалын Кубат Оторбаевдин өзүнө да айткам. Бирок жылыш качан болору дагы деле белгисиз бойдон калууда”,- деп билдирди Бека. Бул жигит учурда КТРКда иштебейт. Беканын айтымында, өз каалоосу менен иштен кеткен.