ЖАҢЫ ЖЫЛДА КИМ КАНЧА ТАПТЫ?

Замир Арыкбаев:

– 31-декабрда иштеген жокмун. Ал эми 30-декабрда жолдун тайгагына карабай Кара-Балтага чейин барып иштеп келдим. Жаңы жылда биздин кызматтын да ставкасы бир топ көтөрүлөт эмеспи, барган жерлеримден эки ырыма 6 миң сомдон алдым. Ал эми үчүнчү ырымды белек катары сунуп жаттым. Чакыруу абдан көп болду. Бирок, үчөөсүнө араң жетиштим.

Даниель:

– Бул жолкусунда жалаң эле банк кызматкерлеринин корпоративдик кечелеринде ырдадым окшойт. 21-декабрдан 31-декабрга чейин күнүнө 3-4 жерге барганга жетишип жаттым. Ар бир барган жеримден 10 миң сомдун тегерегиндеги сумманы капчыгыма салдым десем болот. Ал эми 31-­декабрда үйдөгүлөргө ырдап бердим.

Бегимай Эсенгулова:

– Убакыттын тардыгына байланыштуу бир чакырган кечеге экиден ыр ырдап, үчүнчүсүн белек катары сунганга араң жетишип жаттым. Канчалык чарчасам да элимдин шаңдуу кол чабуулары мага күч-кубат бердиби, эртең менен демейдегиден эрте туруп жаттым. Кышында алыс жол жүргөндүн түйшүгү кыйын эмеспи, ошентсе да, 22-декабрдан 24-декабрга чейин Ош шаарында, 25-декабрда Нарын шаарында болдум. “Мынча таптым” деп мактанбай эле коёюн, эл катары эле таптым.

Кундуз Канатбек кызы:

– Быйыл мен 20-декабрдан баштап эле буту-бутума тийбей чуркап иштедим. Бир күндө аз дегенде корпоративдик кечелерге 15тен ашык чакыруу алып, бардыгын таарынтпаганга аракет кылып, күнүнө 7-8 кечеге жетишип жаттым. Майрамдык ставкам бир чакырууга 500 доллардан жогору болду. “Ар бир ырым мынча сом” дебестен, эки ырды белек кылып жаттым. Ал эми 31-декабрда Ысык-Көлгө чакыруу алдым. Бирок, ага чейин катуу иштеп чарчап калгандыктан, бара алган жокмун.

Съездбек Искеналиев:

– 22-31-декабрга чейин күнүнө 15-16 чакыруудан кем эмес алып жаттым. 31-декабрда Алматы шаарына чакыруу алгам. Бирок, буга чейин дайыма эле Жаңы жылды үйдөн тоспой калчумун. Быйыл акчасына да карабай үйдөн чыкпай отуруп алдым. Баса, 30-декабрда Кара-Балтага барсам, чакырган жердин аппаратурасы менин мини дискимди окубай койсо болобу! Анан Шатуновдун ырларын жандуу үн менен сыздаттым. Ал эми каржы жагынан эч ким таарынткан жок. Бир барган жеримден 15 миң сомдон кем алган жокмун.

Омар:

– Акчага карабай, 31-декабрда үйдөгүлөрдүн көңүлүн алдым. Салаттан өйдө жасаштым. Чакыруулар абдан көп болчу. Түнкү 12ден кийин достор менен “Инфинити” кафесине барып эс алып, андан ары кыздар менен уланттым. Ал эми отузуна чейин жеке чакырууларды токтотуп, жалаң өкмөттүн деңгээлиндеги кечелерге күн куру калбай катышып жаттым. Анын ичинде Президенттик балаты, Орусиядан келген ырчылар менен бирге концерт коюп жүрдүм. Каражат жагы да ойдогудай эле болду.

Султан Садыралиев:

– Жаңы жылга жакындап калганда чакыруулар көп болот эмеспи. Бир жолу 2005-жылы 31-декабрда абдан көп чакыруу алгам. Анан Динара эжеге: “Майрам болуп жатса, кафеде ырдап жүрмөк белем. Келиңиз, мен да, сиз да бул күнү иштебей эле эс алалычы?!”- деп айткан элем. Ошондон бери 31-декабрда эс алууну салтка айландырып алгам. Бир жолу 1000 долларга чакырганда да макул болгон эмесмин. Ал эми 22-30-декабрга чейин ар бир чакырган жерден 15 миң сомго чейин алып, катуу иштеп коём.

Мирбек Иманбеков:

– Жаңы жылдык кечелерге ырдоону мен Москва шаарынан баштадым. Тагыраак айтканда, 22-25-декабрь күндөрү ошол жакта болдум. Андан соң Санкт-Петербургга бармакмын. Бирок, кыргызстандыктарды таарынткым келбей, бул жакка келе бердим. Ош, Талас, Караколдон түшкөн чакырууларга макул болгон жокмун. Ал эми борбордон эле Жаңы жылда иштеп тапкан акчам, буюрса, кулак сүйүнгөндөй эле.

Сема:

– 22-декабрдан баштап тынбай иштедим. Иштегенимдин жыйынтыгы жакшы эле болду. Кичүү иниме Мазда үлгүсүндөгү машина белек кылдым. Ар бир кечеден 400-500 доллардан кем эмес алып жаттым. Бирок, тааныштарга 300 долларга түшүрдүм. 31-декабрда да иштедим. 12де үйдөн тосуп коюп кайрадан “Алтын казынага” барып таң аткыча ырдадым. Анткени, Уй жылында да тынбай иштейин деп атайын ырым кылдым.

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 323, 9-15-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан