ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Италия

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АКЫСЫЗ ИШТЕЙТ
Жаңы өкмөт башчысы Марио Монти өлкөнүн олчойгон карызынан кутулуу үчүн алгачкылардан болуп өз айлык акысынан баш тартты. Ал Италиянын 1,9 триллион евро көлөмүндөгү тышкы карызын жоюуга бир канча кескин чараларды кабыл аларын баса белгиледи. Биринчиден, мамлекеттик бюджеттин чыгымын 30 миллиард еврого азайтуу үчүн административдик аппарат кыскартылат. Ошол эле учурда салык көтөрүлүп, эркек-аял дебей пенсияга чыгуу курагы 66 жаш болду. Буга чейин италиялыктар 60 жаштан ардактуу эс алууга чыгышчу.

Швейцария

КАРИМОВА МЕНЕН НАЗАРБАЕВА – ЭҢ БАЙ АЙЫМДАР
Швейцариялык “Билан” журналы жыл сайын өлкөдөгү эң бай 300 адамдын тизмесин чыгарат. Салтка айланган тизменин сап башында өзбек жана казак президентинин кыздары кайрадан орун алды. Ислам Каримовдун кызы Гүлнара өткөн жылы үчүнчүлүктү алган. Бул жылы ЮНЕСКОдо Өзбекстандын өкүлү болгон эжеси Лола Каримова менен бул орунду тең бөлүшүп, алар 1 миллиард доллардын кожойкелери деп табылды.
Баурдастардын ажосу Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Кулибаева өткөн жылы Швейцариядан 80 миллион долларга бааланган заңгыраган үй сатып алганынан улам тизмеге киргизилген. Быйыл эми күйөөсү Тимур Кулибаев да алардын катарында. Экөөнүн байлыгы 4-5 миллиард долларды чапчыйт.

Молдавия

АФРИКАЛЫК «МОЛДАВАНДАРДЫ БАШКАРАМ» ДЕЙТ
Түбү Африканын Сьерра-Леоне мамлекетинен болгон, бирок Молдавиянын жараны Жон Оноже президенттикке ат салышууда. Мыйзамга ылайык, президент 40 жаштан улуу, өлкөдө 10 жылдан ашуун жашаган жаран боло алат. Африкалык талапкер 11 жашында эле Молдавияга көчүп келген. Ал гезит жана журнал сатуу менен алектенет.
Талапкер биринчи эле Приднестровья аймагындагы Орусиянын аскерлерин чыгарып, НАТО күчтөрүн киргизерин жар салды. 16-декабрда өтүүчү президенттик шайлоого аттанып жаткандардын арасында учурдагы мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Мариан Лупу да бар.

Түштүк Осетия

ЖИОЕВА ИНАУГУРАЦИЯДА ЖАЛГЫЗ КАЛБАЙБЫ?
Түштүк Осетияда ноябрда өткөн президенттик шайлоодо оппозициядан чыккан Алла Жиоева жеңишке жетип, Кремль колдогон Анатолий Бибилов андан 16 пайыз добушка артта калган. Бирок «шайлоо учурунда мыйзам бузуулар болгон» деп өлкөнүн Жогорку Соту шайлоону мыйзамсыз деп тапты. Бул чечимге каршы чыккан Алла Жиоева сотко доо арыз менен кайрылып, утулгандан кийин бир канча аптадан бери митингге чыгып келет. Мурунку Билим берүү министри Жиоева соттун чечими негизсиз экенин айтып, 10-декабрда өзүнө өзү инаугурация салтанатын өткөргөн соң бийлик түзөрүн билдирди.

Казакстан

«COUNTER-STRIKE» ОЙНОГОН КЫЗМАТКЕРЛЕР ИШТЕН КУУЛДУ
Алматы шаарындагы Калкты тейлөө борборунун эки кызматкери жумуш убагында компьютердик «Counter-Strike» оюнун ойногону үчүн жумуштан куулду. Нааразы болгон жарандар эки жумушчунун ойноп отурган сүрөттөрүн интернетке илип, кызуу талкууга алышкан. Маалымат жана байланыш министри тийиштүү чара көрүп, аларга “маалымат үчүн ыраазычылыгымды билдирем” деген катын жөнөткөн.
Казакстандагы Калкты тейлөө борборлору түрдүү документтерди толтуруу, юридикалык адамдарды жана кыймылсыз мүлктү каттоо менен алектенет.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 475, 9-15-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан