2012-жылы жаңы төрөлгөн ар бир балага өзгөчө PIN-код берилерин Улуттук каттоо кызматы билдирет. Бул каттоону жеңилдетери айтылат.
“Кыргызстанда бала асырап алуучу жарандардын курагы 60 жаштанашпайт”,- дейт депутат Абдимуталип Кочкорбаев.
Акыйкатчы Турсунбек Акун7-декабрда Япониядагы акыйкатчылар жыйынына калпак кийип барып, "Манас" айтып, катышуучулардын оозун ачырып кайтты.
1-декабрдан тарта көгүлтүр оттун баасы 12 сом 60 тыйындан 13 сом 3 тыйын болуп кымбаттады. Бул тууралуу «Кыргызгаз» ААКсы билдирет.
"Өлкө ичиндеги бардык шаар башчылары жана айыл өкмөттөрү 27-декабрга дейре дайындалып бүтүшү керек",- дейт БШКнын өкүлү Марат Султанов.
“ЕврАзЭСтин каатчылыкка каршы фондунан берилчү 106 миллион доллар 2012-жылы келет”,- дейт биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов.
Альтернативдик аскердик кызмат өтөө төлөмүн 12 миң сомдон 18 миң сомго көтөрүүнү депутат Исмаил Исаков сунуштоодо. Анын айтымында, бул каражат аскер кызматкерлеринин маянасын көтөрүүгө жумшалат.
Депутат Тынчтык Шайназаров:“Атай Өмүрзаков Кыргызстандын даңкын чыгарып жаткандыктан, парламент да ага колдоо көрсөтүшү зарыл”,- деп айтты.
Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоого Азия Өнүгүү Банкы тарабынан 55 миллион доллар каражат бөлүндү.
Кыргызстан 1979-жылдан 1989-жылга чейинки убакыт аралыгында Ооган согушунда дайынсыз жоголгондорду издөөгө 75 миң сом каражат бөлөт. Бул операция КМШ өлкөлөрү тарабынан жүргүзүлөт. Эске салсак, анда 270 аскер жоголуп, анын ичинде 4 кыргызстандык болгон.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ulukbek
2011-12-12 20:14:41
атайга уй берип койсо экен атамбаев
0
kaganat
2011-12-13 00:56:07
Уйду ал эмне кылмакчы, сүтүн ичеби, союп сорпосун ичеби?... Өзүң ойлоп көрчү?
0
bai.kymbat
2011-12-17 14:53:52
kaganat, кааласа сутун ичет кааласа союп сорпосун ичет Озун ойлоп корчу уй жаманбы?
0
nurlan82
2011-12-14 01:29:48
„ү” менен „у” тамгалары алмашып калган окшойт урматтуу kaganat
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.