Экс-президент Роза Отунбаева – үч президенттин эң бактылуусу. Экс-президент тууралуу токтом кабыл алынган мыйзам биринчи жолу иштей баштады. Анын негизинде Роза айым маянасынын 75 пайызын түзгөн акчаны ай сайын алып турат. Демек, маянасы 100 миң сомдун тегерегинде экенин эске алсак, анда 75 миң сомдон кем эмес каражат берилип турат. Ошол эле учурда экс-президент өмүр бою мамлекеттин резиденциясындагы үйдө жашай алат жана мамлекеттик коргоодо болот. Мындан сырткары экс-президентке айдоочу, унаа жана күйүүчү май мамлекеттин эсебинен берилет.