КАЗА БОЛГОН КЫЗДЫН АТАСЫ КЫЗМАТТАН КӨТӨРҮЛДҮ

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев катышкан жол кырсыгында үч адам каза тапканын, анын бири кыз экенин жазган элек. Мына эми ошол маркум кыздын атасы Мырзабек Исмаилов ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Эскертүүчү жагдай, дал ушул киши башка жабыркоочулардан айырмаланып, соттук ишке чейин доо арызын албай койгон.
Исмаилов 2006-жылы Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыкты жетектеп турган. 2010-жылы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары болчу. Бирок ал Июнь окуясынан кийин кызматынан бошотулуп, Өзгөн райондук ИИБинин башчысы болуп дайындалган. Кадыресе жумуштан көтөрүлүүбү же Өмүркуловдор менен сүйлөшүүдөн улам чоң кызматка келдиби, кыскасы, ойлонтпой койбойт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
kubik
2011-12-12 15:55:47
Кызынын олумунун устунон соодалашуу ийгиликтуу болгон корунот...
0
operaledi
2011-12-12 17:15:55
Ушундай атадан коро жогу жакшы. Эгер ошондой болгон болсо.Кызынын арбагы деле жон койбойт го.
0
mirka
2011-12-12 18:32:58
ээ олсун ошо чондор
0
arlekino
2011-12-13 10:44:19
эми озунун жолу менен деле которулуп жаткандыр....каралай бербеш керек.
0
zhumabek
2011-12-13 14:07:37
bul kanday wumduk!!!akcha,bailyk,mansap dese azyr baary unutup kaldyk!!!tilibizdi,dinibizdi,jeribizdi naamysybyzdy unutbailyy kyrgyzdar
0
Lui
2011-12-13 18:06:02
чын тогунун билбей туруп ушинтип ушак соз айта берген кантип болсун, адам оз кучу менен бир нерсеге жетишине козунор жетпейби? Доо арызын 1чи алса да жазып чыгышмак , бир нерсе берип койду ошон учун унчукпай калды дегендей....Оз баласын жоготуудан жаман эмне бар, бул дуйнодо?.Мынчалык эле адамдар эмне коро албайбыз бир нерсени? Билип-билбей имиш угуп алып, чуу чыгара бермейибиз качан токтойт???
0
ELTYN
2011-12-16 11:49:00
Lui, Мыйзам алдында баарыбыздын укуктарыбыз тен ошондуктан Омуркуловтун баласы оз жазасын алыш керек.Эгер жабырлануучу тарап оз арызын алса да.Иса Омуркуловтун ушул убака чейин баласы жонундо айткандары бул коз боёмочулук.Эмне учун акчалуулардын балдары жазага тартылбаш керек?Акчасы жокдор камалыш керек.Ушул убака чейин соттордун адилетсиздигинен канчалаган бейкуноо адамдар камалып кетип жатышат.Сотко акча берсен азыр куноолуу адамды да актап койушат.Куноосу жок адамды олтургузуп койушат турмого
0
ELTYN
2011-12-16 11:56:50
ELTYN, Армияга кызмат отогону барганда да чондордун балдары барбайт,карапайым элдердин балдары барат.
0
gulkg
2011-12-14 12:48:22
lui saga koshulam,chynda dostor.
0
kamarik
2011-12-14 18:49:53
ишине ийгилик,
0
Myskal86
2011-12-15 10:12:32
андай болгон жок,супер да ойлонбой жаза бересинер да,оз жолу мн эле которулду.Кызынын кайра тирилте албагандан кийин 4 баласын жетимсиреткенде эмне пайда.
0
ALBIKA
2011-12-15 23:43:56
Бетеге кетет бел калат,бектер кетет эл калат.Алар оз каалаганын кыла берсин.элим аман болсун демекмин...
0
bolsun85
2011-12-16 17:04:21
sotow kerek bai kedeige karabai sabak bolot bawka atka minerlerge
0
salvatori
2011-12-17 03:20:24
Daa , zamanyn ...
Egerde Myrzabek Ismailovtun kyzy oshol mashinany aidap kokustan Isa Omyrkulovtun uulu kaza bolup kalsa emne bolot ele .... Anda Isa baikebiz , Myrzabek baikeni tiryyloi jok kylmak .
Kyzdyn jatkan jeri jailuu bolsun ! Kalgan omyr jashyn eki bir tuuganyna bersin !
Myrzabek baike ozynyn jumushun bilgen adam !
0
Peri76
2011-12-17 14:35:40
Эгер чындап кызынын олумунун артынан которулсо ал атага наалат,эгер озунун жакшы иштегендиги учун которулсо ийгилик!
0
№ 475, 9-15-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан