“Революциялардын бульдозери” атыккан Азимбек Бекназаров убактылуу бош, бирок жакын арада кайрадан эски ролун аткарышы мүмкүн. “Мага бийликтегилер “кресло” сунуштай элек, бирок оппозициянын жаңы күчтөрүн жетектөөгө чакырып жатышат”,- деди. Экс-президент Роза Отунбаева бийликтен кетер алдында 7-апрель окуясынын аткарылышына салым кошкон санаалаштарына сыйлык тараткан эле. Анда Бекназаров Манас орденин алуудан баш тартты. “Өзүбүздү өзүбүз сыйлаганыбыз туура эмес. Татыктуу болсок, жакшысы, кийинки бийлик сыйлык тапшырсын”,- дейт ал.
Азимбек мырза уулу Руслан Бекназаровдун Япониядагы элчиликке кызматкер болуп дайындалганы тууралуу да түшүндүрмө берди. “Мен азыр бийликте отурбасам, кандайча баламдын кызматка алынышына таасир бере алмакмын? Уулум билимдүү, жашы 30да, буга чейин Акыйкатчынын институтунда жана өкмөттүк аппаратта иштеген”,- деген жообун айтты. Бирок бул окуя интернет чөйрөсүндө талкуу жаратып, кээ бири “Русланга салыштырмалуу япон жана англис тилин мыкты билген, тиешелүү дипломатиялык билими барлар он жылдап ошол кызматка келе албай жүрүшөт”,- деп нааразы болушууда.