КЕЛДИБЕКОВ МЕНЕН КӨЛБАЕВДИН «КАПРИЗДЕ» ЖОЛУГУП, ДУБАЙГА ЧОГУУ УЧКАНЫ ДАЛИЛДЕНДИ

Өлкөнүн эң маанилүү үч адамынын бири, парламенттик мамлекеттин парламент башчысы Ахматбек Келдибеков «мыйзамдагы уруу» Камчы Көлбаев менен бир эмес, эки жерде чогуу болгондугу документ түрүндө тастыкталды.

“Ишенген кожом сен болсоң...” демекчи, минтип катардагы аткаминер эмес, Жогорку Кеңештин бакыйган башчысы, төрө пейил төрагасы, буга чейин “карандай калп, каралоо аракети” деп секирген спикер Ахматбек мырзанын “быкыйлары” документтер менен далилденди. Келдибековичтин “Каприз” эс алуу борборунда “мыйзамдагы ууру” Көлбаев менен чогуу болгондугу тууралуу ИИМдин каты жана Дубайга бир учакта кеткендиги жөнүндө экөөнүн фамилиясы жазылган тизме коомчулукка жарыяланды.
Четке кагууга мүмкүн болбогон документтер ортого чыккан соң ЖКда спикердин бул иштерин иликтеп, баа берүүчү депутаттык комиссия түзүлдү. ЖКнын 7-ноябрда өткөргөн жыйынында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Тилек Алибаев: “Парламенттин спикери менен кримавторитет Камчы Көлбаевдин 2011-жылдын 1-январында “Капризде” жолуккандыгы чын”,- деди. Анын айтымында, “30-декабрда Көлбаев өзүнүн жигиттери менен Ысык-Көлгө сапар алды” деген оперативдүү маалымат келип түшөт. “Биз Көлбаевдин артынан жүрдүк. Анын эс алуу борборуна качан келип, ким менен жолуккандыгы тууралуу бардык маалымат бар. 1-январда ЖКнын төрагасынын “Капризге” келгени бизге күтүүсүз болду. Ошол эле күнү Көлбаев экөө ресторанда жолукту, бирок эмне тууралуу сүйлөшкөнүн билбейбиз”,- деди Т.Алибаев.
Баса белгилөөчү жагдай, эки персондун жолугушуу учурун фото жана видеого тартууга спикердин жан сакчылары жол бербей койгон. Буга спикерди кайтарган УКМКнын 9-башкармалыгы: “Биздин милдет – төраганын коопсуздугун камсыз кылуу. Анын жолугушууларын көзөмөлдөө биздин компетенцияга кирбейт”,- деген жообун узатты.
Дубайга учканы да өзүнчө кеп кылууга арзыйт. 2011-жылдын январь айындагы Дубай-Бишкек багытынын №454-каттамы боюнча учкан жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарыяланды. 11-январда бир учакка отургандардын тизмесинен Ахматбек Келдибеков, Камчы Көлбаев, депутаттар Алтынбек Сулайманов, Нурлан Сулаймановдун ысымдары көрүнөт.
Бир эмес, эки жерде кримавторитет менен чогуу болуп калгандыгын Ахматбек Келдибеков кокустук катары көрсөтүүдө. Бирок эл ишенип кызмат берген, элдин эсеби менен туш тарапка учуп, эл көрүп, жер көрүп жүргөн Келдибековдун криминалдык чөйрө менен бирге жүргөндүгү – акылга сыйбас жорук. Мамлекеттин аброю үчүн да өтө уят иш. «Капризге» ошол күнү кокусунан барып калган Орусиянын элчиси кримавторитет жүргөн жерге түнөгөнү үчүн жетекчилигинен сөгүш алганын айтышты эле. Элчиге караганда спикер өлкөдөгү үчтүн бири эмеспи. 7-апрелде бейкүнөө мекендештердин каны Ак үйгө чейин ээлик кыла баштаган бандиттерди кууп чыгаруу үчүн төгүлгөнүн унутушпаса болгону...

Турдугүл Каримова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Mirlanbek1405
2011-12-12 15:21:09
Likvidаtor,сага 100%кошулам!Ушул убакыт ичинде баарын айтпай эмне кылып журду экен.Почти 1жыл болуп калганда бетин ачпай Ушуларга эч тушунбойсун!!!
0
erma_bm
2011-12-12 17:56:21
ээ элдер ПОЛИТИКА деген ушу да ал ордунан тушкондон кийин кайта тигилерди чукуй баштайт ал мындай эле тиги мындай эле деп
0
mirka
2011-12-12 18:44:38
ошол чын болсо камабайбы келдибековду, даллденди деп атышат го ыя, анда нени кутуп атасынар, результат болбогондон кийин далилдегенинер бир тыйын. эгер мунун баары чын болсо мага курал бергилечи тиги экоону тен атып салайн, камчысын да ахматбегин да жок кылайн
0
kamarik
2011-12-12 21:49:18
атамбаев келип барын оноп жатат..ийгилик
0
simon
2011-12-12 22:18:14
фейсбукта чогу тушкон суроттору журот кызык эмне учун колбаевди кармабайт ошол жерде 13-район болуп баратабыз
0
arzuu1
2011-12-13 01:31:49
эми ким жаман Келдибеков жаман Ташиев жаман боло берет Атамбаев жака кун тийип калды.Ушул Атамбаевдин жузунон корунотго бир ишти аягына чейин чыгара албаганы
0
Acer
2011-12-13 10:51:40
Мына сага. Келдибеков ушуну кылмак бул спикер болгодо эле ичим жылыган эмес. Актанып жатканына кулкун келет. Жон эле кокустук дегеничи. Бул баягы Бакиевдин бойрогум кайакта экенин азыр билдим дегендей эле болуп калды. Текебаев молодес фактылар менен мандайына койуп койду. Келдибековдун эми спикер эмес депутат болгонго маралдык укугу жок.
0
Acer
2011-12-13 11:00:53
Кечээ 5 каналдан Ошто Келдибековду колдоп чыккан элдерди коруп тан калдым бир чети зееним кейиди. Аксакалдардан ыйман кеткенби же ушунчалык акчанын артынан тушуп калышканбы тан каласын. Ушундай адамды колдосонор билбейм анда Кыргызстан кайда баратканын.
0
Kubanychbekkagan
2011-12-13 12:26:34
Бул киши спикерликке келип суйлогондо биринчи жолу коруп, угуп туруп унунон жана журум турумунан крим менен байланышы бар деп айттым эле. Чебеби суйлогондо карасанар кыска керсейип, бирок сабатсыз суйлойт. Мына ушундан улам эле анын ким экени билинип калган.
0
kgbala
2011-12-13 21:51:09
интернетте КЕЛДИБЕКОМ менен КОЛБАЕВдин тушкон суроту журот.
0
Ilnar
2011-12-15 22:27:16
Кыргыз элим качан ушул бирин-бири чукумай адатыбыз калат экен,андан коро бирибизди бирибиз колдосок ушундай кырдаалдан чыкканга жол болобу деген умутум.
0
Take84
2011-12-16 11:24:07
Бири бирин чукумай качан гана таптаза башка адам келгенде гана токтобосо азыркы Аткаминерлердин баардыгынын жаны бир кайыкта бирөөнө бир кресло жетпей калса эле былыктарын айтып чыгат. Эмне үчүн мурун айтып чыккан жок же корктубу качан гана күч келгенде айтып баштайбыз???????? андан көрө Урматтуу Атка минерлер келгиле чогуу бир ынтымакта иш алып баргыла эми Атанбаевди мазактабай андан көрө жардам берип ушул акыбалдан алып чыгышына жарда
0
maradona
2011-12-16 18:04:52
Келдибеков мурун Акматбаев менен байланышы болгон ал олгондо да депутаттардан ошол барган.Эми минтип Колбаевге жабышкан турбайбы бул деген артын саткандыкка жатат. Бул инсан мамлекеттик кызматка татыктуу эмес.
0
Fute22
2011-12-19 11:02:30
Келдибеков карыган карышкырда аны эмне спикер кылып алышты такыр тушунуксуз.
0
Kuban-1207
2020-10-30 14:06:11
Келдибеков начар адам орой
0
№ 475, 9-15-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан