РААТБЕК ЖҮРӨКТӨРДӨ ЖАШАП КАЛА БЕРЕТ!

Талыкпаган машыгуунун үзүрү

  • 1994-жыл. “Vaanta” Эл аралык мелдеши, Гран-при.
  • 1994-жыл. Хиросима (Япония). XII Азия оюндарында күмүш медаль, 2-орун.
  • 1995-жыл. Манила (Филиппин аралдары). Азия чемпиондугунда 2-орун.
  • 1996-жыл. Атланта (АКШ). XXVI олимпиадалык оюндар.
  • 1998-жыл. Бангкок (Таиланд). XIII Азия оюндарында күмүш байге.
  • 1999-жыл. Афины (Греция). “Акропольс” Эл аралык мелдеши, алтын медаль.
  • 1999-жыл. Ташкент (Өз­бекстан). Азия чемпиондугунда алтын медаль.
  • 2000-жыл. Сеул (Корея). Азия чемпиондугунда алтын медаль.

Эмгек менен айкалышкан балалык

Даңазалуу балбан Раатбек Санатбаев Ош шаарында 1969-жылы 7-майда үйбүлөдөгү экинчи уул болуп жарык дүйнөгө келген. Болочок чемпиондун атасы Калыбек Москвадагы ВГИКти бүтүрүп, кыргыз маданиятына өмүрүнүн акырына чейин салым кошуу менен алектенди. Алты баланы тарбиялаган Дилбар эне балдарын өстүрүү менен бирге ар түрдүү мекемелерде кызмат кылып келген.

Келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчу кичине кезинен эле иштерман өскөн. Мындай тарбияда өсүшүнө таятасы Калынын таасири чоң. Ал дайыма: “Баланы кыймыл, таза аба жана адал эмгек чыныгы адам кылат. Кичинесинен нандын кантип, кайдан табыларын билип өсүш керек”,- дечү.

Раатбектин кичинесиндеги максаты атактуу сүрөтчү болуу эле. Бул спортчунун эч кимге айта бербеген сырларынын бири болгон. Бир күнү классташы Нурмамбет: “Мен күрөш ийримине барып жүрөм. Жүрү сен дагы”,- деп калат. Ошондон тарта Раатбек күрөшкө кызыга баштайт. Чогуу машыккан балдардын арасында маркум Баяман Эркинбаев да бар экен. Болочок спортчунун алгачкы машыктыруучусун эл Тапанча балбан деп аташчу.

Тапанча балбан Раатбек 5-6-класс болуп калган убагында алты баланы борбордо өткөн мелдешке алып келет. Мелдештен кийин машыктыруучу балдарды борбордогу спорттук мектеп-интернатка жайгаштырып, “ушул жерде жашап, машыгып тургула” деп таштап кетет. Ата-энелер: “Көзүбүз тирүү турганда интернатка балдарыбызды бергениң эмне?”- деп нааразы болушат. Ошондой болсо да Тапанча балбан балдарды кайра айылга алып келбей койгон.

Спортко арналган өмүр башаты

Спорт мектебин аяктаган Раатбек Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна өтөт. 1987-жылы грек-рим күрөшү боюнча Ташкент шаарында өткөн Советтер Союзунун Баатыры Сабир Рахимовдун ысымына арналган турнирге барат. Мелдеште финалга өзбек балбаны менен чыгып экинчи орунга татып, «СССРдин эл аралык класстагы спорт чебери» деген наам менен күмүш медалды жеңип алат. Ошондон кийин Раатбек өзүнүн спорт үчүн жаралган адам экенин сезип, спорт үчүн баарына даяр болууга талпынат.

Сүйүүгө толгон көз ирмем

Раатбек бир жолу өзү машыккан спорт залдан кокусунан татынакай кызды көрүп калат. Ошондогу көз ирмемдер спортчунун жүрөгүнө катуу сокку болуп урулду. Татына кыздан көзүн тарта албай көпкө тиктеп калганын өзү да сезбей калат. Мындай сезимдин баарын уяңдык жеңип, Раатбек кыз менен тааныша албай үйүнө кетет. Эстонияда аскер кызматын өтөп алыста жүргөн Раатбектин жүрөгүн спорт залдагы кыздын элеси эзе берет. Ошондой күндөрдүн биринде колуна карандаш алып, жүрөк кылдарын күүгө келтирген кыздын элесин кагазга түшүрөт. Эки жылдан кийин мекенге кайткан Раатбек үйдөгү жакындары менен көрүшкөн соң дароо элеси кагазында сакталган кызды издейт. “Издеген табат” болуп ал кызды биринчи көзү түшкөн спорт залдан көрүп, таанышууга шашылат. Экөө кыйышпас жакындарга айланып, ажайып сүйүү даамын татышат. Раатбекке сүйүү тартуулаган бул селкинин аты Сайра эле. Сайра эки биртууган болчу. Эжеси Калыгүл жол кырсыгынан каза болуп калган. Анысы аз келгенсип Сайранын атасы да о дүйнө салган. 1992-жылы Сайрага үйлөнгөн Раатбек кайненесинин жалгыз күйөө баласына да, уулуна да айланат.

1994-жылдын 3-январы спортчу үчүн өмүрүндөгү унутулгус күндөрдүн бири болду. Хиросимадагы мелдештен кайтып келип учактан түшөрү менен таш билек балбан үйүнө эмес, төрөтканага жөнөйт. Тун небересин көргөнүнө жетине албаган Дилбар апа небересине Бексултан деген ысым ыйгарат. 1996-жылы 1-февралда экинчи уулу Даулет төрөлөт. Даулет деген ысымды Раатбек казак досунун атынан койгон. Даулет Турлыханов – атактуу казак балбаны. Эки элдин эки балбаны эл аралык мелдештердин биринде таанышып, достошушкан. Улуу спортчунун кичүү кызы Асема 2003-жылы бул жарыкка келген.

Раатбек – түбөлүктүү ысым

2006-жылдын 8-январы кыргыз үчүн кабырганы майыштырып, оор үшкүртө турган күн болду. Бул күнү эл кыргыздын намысын коргоп, дүйнөгө атын таанытып келген, кырчындай уулунан ажырады. Борбордун 7-кичирайонундагы күркөлөрдүн биринен сүт алып бейкапар чыгып келе жаткан Раатбекти капилеттен атылган ок катуу чочутат. Экинчи болуп спортчунун артынан чыгып келе жаткан иниси Орунбек чочуп кайра күркөгө кире качат. Бир эмес, бир нече жолу атылган канкор огу акыры Раатбекти келбес сапарга аттантып тынды. Окуяга түшүнбөгөн чогулгандар Раатбекти ооруканага алып жөнөшөт. Бирок, ооруканага жеткирилген Раатбектин жаны небак эле өчпөгөн жылдыз болуп асманга учуп кеткен. Бул жарыкта өлбөс болуп, жашоо улаган эч ким жок. Бардык тирүү жан келет, кайра кетет. Бирок, Раатбектин жапжаш, дени-карды сопсоо, канчалаган мелдештерди багындырган балбан, элинин патриоту болуп туруп, канкор колунан ок жегени зээнди кейитпей койбойт. Улуу спортчу арабызда жок болсо да, анын жаркын элеси ар бир кыргыз баласынын көңүлүндө жашай берет. Даңазалуу балбанды жок кылууга буйрук бергендер да, буйрукту аткаргандар да улуу инсандын өзүн сындырганы менен, анын атын, баскан жолун сындыра албасын сезишти бекен?! Эми эмне демекчибиз? Артында кулундай туйлаган уулдары Бексултан менен Даулетке, кызы Асемага Кудай өмүр берсин. Атасы жетпеген ийгиликтерге, бийиктиктерге уул-кыздары жетсин. Раатбек кыргыз элинин эсинде түбөлүк жашай берет.

Армандуу дүйнө

Улуу спортчунун жубайы Сайра эже менен болгон маек.

– Раатбек ага экөөңүздөрдүн жаштыгыңарга кайрылсак. Сиз Раатбек аганын эмнесин жактыргансыз?
– Анын турган турпатын, сүйлө­гөнүн, күлгөнүн, баарын сүйгөм. Ал ушунчалык ак көңүл, жан дүйнөсү таза адам эле.
– Үйдө казан-аяк кагышчу беле?
– Чынында биздин урушканга убактыбыз жок болчу. Анткени, 12 жыл бирге жашаганыбыз менен, санай келгенде төрт-беш жыл гана чогуу жашадык деп ойлойм. Ал көбүнчө машыгууда, мелдештерде жүрүп, бизге убактысын аз бөлчү. Балдар аны сагынып, кусага батканда сүрөттөрүн колдон түшүрбөй калышчу. Раатбек үйгө келгенде алгач чочуркашып, анан белектерин көргөн соң моюнуна асылып калышчу.
– Ашканада кандай адам эле?
– Ашкана менен иши жок болчу. Бир жолу өзүң жумуртка кууруп же деп кетсем, аз жерден үйдү өрттөп жибере жаздаптыр. Көмөч казанды отко коюп, душка кирип кетиптир. Чыкса үйдүн баары түтүн.
– Балдарыңыздын ичинен кимиси атасына окшош?
– Бексултан азыр 8-класста. Даулет 7-класста. Асема болсо беште. Мүнөзү, өң-келбети жагынан Даулет менен Асема атасына көбүрөөк окшош. Бексултан мага окшош. Эки балам тең грек-рим күрөшү менен машыгышат. Бирок, азыр спортко караганда компьютерге көбүрөөк ыктап жатышат.
– Раатбек байке киши колдуу болгондо бир нече көз караштар айтылды эле. Сиздин оюңузча, кылмыш дүйнөсүнө аралашканбы?
– Учурунда Рааттын өлүмүн түшүнгөн эмесмин. Азыр ойлосом, Раатбек тирүү болсо, балким, Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти болмок. Андайды алдыртан сезген атаандаштары да өлтүрүшү мүмкүн. Балким, кимдир бирөө менен алмаштырып, жаңылыш атып кетишти.
– Иликтөө иштери азыр деле жүрүп жатабы?
– Иликтөө иштеринин жүрүп жатканын деле билбейм. Бул иш ачылса Раатбек көз жумары менен ачылмак. Мамлекетибизде буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн бети ачылбай эле келе жатпайбы.
– Жолдошуңуздун сизди таштап кеткенине көпкө ишене албай жүрсөңүз керек?
– Айла жоктон ишенүүгө аргасыз болдум. Бирок, анын өлгөнүнө көп убакыт болгон сайын сагынычым артып, куса болуп кыйналып жатам. Бейшемби сайын Раатбектин жаткан жерине барып бир сыйра ыйлап алам. Кызым атасы менен эки жыл жашаса да, “жүрсөң, атамдын эстелигине барып келели” деп сүйрөй берет.
– Эже, убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңизге рахмат. Раатбек ага көрбөй кеткен үч балаңыздын урмат-сыйын көрүңүз.
Материалды даярдоого жардам берген “Раатбек” аттуу китептин автору, журналист Рабиха Алыбаевага ыраазычылык билдиребиз.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Anqelina2
2014-09-14 02:02:47
Ай ай окунучтууу... Олтургон адам жакшы кун корбой калсын. Эмне кылабыз айла жок. Бир гана аллах жазасын берет, олтургон адамдын.
+2
№ 323, 9-15-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан