ЖЫЛДЫН СУПЕР КОНЦЕРТИ

12-13-ДЕКАБРДА СПОРТ ОРДОСУНДА!

“Супер-Инфо” гезитинин жылдын мыктыларын аныктоо мезгили келип жетти. 2011-жылдын суперлерин аныктап, жеңүүчүлөргө салтанаттуу түрдө сыйлыктарды тапшыруу аземи 12-13-декабрда Спорт Ордосунда саат 18:00дө башталмакчы. Өткөрүп жибербеңиз!

СУПЕР КОНЦЕРТ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Гезитибиз демилге көтөрүп, жылдын суперлерин аныктаган концерт мындан 6 жыл мурун ишке киришкен.
  • Концерттин тарыхында Эрмек Нурбаев “Супер телеалпаруучу” наамын 3 жолу, Азамат Эркинбаев “Супер ди-джей” наамын 3 жолу жана “Супер ырчы мырза” наамын Мирбек Атабеков 3 ирет багынтып, азырынча супер рекордчулар болуп келишет.
  • Эң узакка созулган концерт 2008-жылы 22-декабрда саат 17:05те башталып, 23:30да аяктаган.
  • Жыл сайын концерттин уюштуруу иштери продюсерлерге тапшырылса, эң кызыктуу концертти быйыл “Супер-Инфо” гезитинин жалпы жамааты уюштурууда.
  • Алпаруучусу эң көп концерт былтыр болуп, аны 7 алпаруучу башкарган.
  • Быйылкы концертти Эрмек Нурбаев, Нурзат Токтосунова жана Чыңгыз Мырзаев алпармакчы.

“СУПЕР СУЛУУ-2011” СЫНАГЫ ДА БАР
Жыл жаңырар алдында бир ай бою www.super.kg сайтында жылдын мыктыларын аныктоо боюнча сурамжылоо жүргүзүлдү. Алардын ичинен “Жылдын супер ырчы мырзасы”, “Жылдын супер ырчы айымы”, “Жылдын супер дебюту”, “Жылдын супер ыры”, “Жылдын супер тобу” жана “Жылдын супер клиби” наамдарына ат салышкандардын алдыңкы үчтүгү тандалып алынып, сайтта добуш берүү 6-декабрь күнү саат 12де токтотулган. Алардын ичинен эң мыктысын концертте калыстар тобу аныкташат. Калган наамдар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, 12-13-декабрда сыйлыктар өз ээлерин табышат.
Сурамжылоого киргизилип, таймашка түшкөн таланттарыбыздан тышкары да атайын даярдалган сюрприз наамдарыбыз бар экендигин айта кетели. Алардын бири “Жылдын адамы” наамы экс-президентибиз Роза Отунбаевага тапшырылгандыгын гезитибиз аркылуу жарыялаган элек.
Мындан тышкары “Супер сулуу-2011” сынагы боюнча айта кетүү керек. Таймаш 4 сынактан туруп, жыйынтыгында калыстардын чечими менен чыныгы супер сулуу аныкталып, кыштын кычыраган суугунда дүйнөнүн эң кооз жана жылуу өлкөлөрүнүн бирине жолдомо алат.

АЙТЫЛУУ АТАЙ БИЙЛЕЙТ
Эки күн катары менен болчу бул концерттин эки күнү тең көрүүчүлөргө абдан кызыктуу. Сыр катары айта кетейин, концертти кыргыздын атын далайга тааныткан бийчи Атай Өмүрзаков оригиналдуу бийи менен ачып бермекчи.

ТАКШАЛГАН АЛПАРУУЧУЛАР
Куйкум сөздөрү менен жагымдуу маанай тартуулаган алпаруучулар концерттин көркүн ачышат. Быйыл да концерттин алпаруучулук тизгини Эрмек Нурбаев менен Чыңгыз Мырзаевде. Эрмек супер концертти 5-жолу башкарып жатса, Чыңгыз 4-ирет алпаруучулукту колго алууда. Быйыл бул эки мырзанын көркүнө көрк кошкон айым, алпаруучу Нурзат Токтосунова болмокчу.

КАЛЫСТАР ТОБУ
Айыгышкан чоң таймашта калыстык көрсөтчү адамдар алдын ала бекитилди. Алардын аты-жөнү концертке чейин айтылбаса да, ар кайсы чөйрөнүн төбөлдөрү экенинде шек жок. Бири саясатчы, бири ырчы, дагы бири көрүнүктүү ишкер. Алардын өз ишине так жана абдан чындыкты сүйгөн адамдар экендигине ишендиребиз.

БИЛЕТ АРЗАН, 200-350 СОМ
Быйыл супер концерттин билетинин баасы алда канча арзан. Билеттер Спорт Ордосунун кассасында жана “Супер-Инфо” гезитинин редакциясында сатылууда. Баасы 200-350 сом. Өтүп бараткан жылдын акыркы айында супер концертке келип, жаңы жылга позитивдүү маанай жыйнап кетиңиз, урматтуу окурман!

Сурап-билүү телефону: 0553 54 88 83

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫСЫ” НААМЫНА КИМДИ ТАТЫКТУУ ДЕП ЭСЕПТЕЙСИЗ?

Гүлзада Бексултанова,
тилчи:
– Мага Токтобек Асаналиевдин ырлары жагат. Айрыкча “Ат-Башым” деген ырын созгондо берилүү менен угуп калам. Бул ырчы жылдын мыкты ырчыларынын алдыңкы сабында турат болуш керек, менимче.

Бектур Курбанбаев,
сантехник:
– Гүлнур Сатылганованы айтмакмын. Үйдө Гүлнур эженин дисктери толтура. Ырларынын сөзү да, обону да маңыздуулугу менен айырмаланат. Жаңы чыгып келаткан ырчылар да ушундай таланттуу ырчылардан үлгү алышса жакшы болмок.

Дилзат Эсенкулова,
студент:

– Башкалардан бардык жагынан өзгөчөлөнгөн ырчы Каныкей деп ойлойм. Бул жылы ал ырчынын мыкты аталууга мүмкүнчүлүктөрү көп. Ырлары уккулуктуу. Ал эми жигиттерден Дайыр Исмадияровдун ырлары жагат.

Майрамбек Абдыжапаров,
курулушчу:
– Албетте, Омар. Аны эл аралык деңгээлге чыга турган ырчы деп эсептейм. Үнү да сынактардын талабына жооп берет. Кыргызстандан быйыл мыкты дегенге татыктуу бул ырчыдан башка эч кимди көрө албадым.

Айнура Усманова,
окутуучу:
– Роза Аманова менен Саламат Садыкованын комуз менен ырдаган ырларын баары угушат. Алар менин сүйүктүү ырчыларым. Теледен, радиолордон ырларын калтырбай угам. “Жылдын супер ырчысы” дегенге экөө тең татыктуу.

Нурадил Чолпонкул уулу,
практикант:
– Менин жеке оюм боюнча, рэп ырчысы Добр татыктуу. Анткени анын патриоттук духту күчөткөн ырлары көп. Ырлары жана клиптери жаштардын табитине ылайык.

Жайнагүл Абдылда кызы,
студент:
– Эрлан Андашев, Зари, Омарды “Жылдын супер ырчысына” сунуштамакмын. Ушул ырчылардын ырларын радиолордон тыңдайм. Эрландын “Сагындырба”, Омардын “Кош жүрөк” деген ырларын сүйүп угам.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
nur_gul
2011-12-12 15:11:42
каныкей татыктуу талант!!!!
0
mika91
2011-12-13 09:59:46
Омар деп ойлойм мен
0
gulkg
2011-12-14 12:41:16
kanykei dep oiloim
0
Belek17
2011-12-15 07:52:12
Omar tatyktuu dep oiloim!
0
nuranet
2011-12-17 11:13:49
Каныкей мыкты талапкер деп ойлойм
0
tolkunbek
2011-12-19 04:59:31
Каныкей гана татыктуу деп ойлойм алга Каныкей сен суперсин!
0
№ 475, 9-15-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан