Нурзат Садыкова: «МАШИНА БЕЛЕК КЫЛГАН ЖИГИТИМДЕН КОЛ ҮЗГӨМ»

“Балалык” деген ыры менен чоң сахнаны аттап, аздыр-көптүр күйөрман чогултуп калган Нурзат Садыкованы мейманга чакырдык. Нурзат менен чыгармачылыгы, балалыгы жана жеке жашоосу тууралуу маек курдук.

НУРЗАТ ТУУРАЛУУ

  • Туулган күнү – 1982-жыл, 1-август
  • Бою – 168 см
  • Чачын 3 жылдан бери өстүрүп жатат
  • Үйрөнө албай койгон спорт түрү – Сууда сүзүү
  • Кийинүү стили – Кыргыз оймолору түшүрүлгөн кийимдерге көп басым жасайт
  • Ичимдикке мамилеси – Ичимдик ичпейт
  • Фобиясы – Бийиктик

– Нурзат, чыгармачылыктын чыйыр жолунда жүргөн соң сөздү сенин бул чөйрөдөгү жаңылыкта­рыңан баштасак...
– Саламатсыңарбы деп бардык күйөрмандарым менен алгач амандаша кетейин. Чыгармачылыкта эл катары эле жакшы ырларды тартуулайын деп алпурушуп жүрөм. Негизи, чыгармачылыгыңды өр­күн­дө­түү үчүн билимиң да жогору болуш керек эмеспи. Ошондуктан быйыл Улуттук консерваторияга тапшырдым. Буга чейин филармониянын алдындагы эки жылдык фольклор боюнча студияны бүткөндөн кийин Улукмырза Полотовдон атайын сабак алып жүргөм. Бирок алыска кетем десең, баары бир билимиң терең болушу керек да.
– Сендеги ырчылыктын булагы кайдан башталган?
– Музыкага болгон кызыгуум, тартылуум балалыгымда эле ойгонгон. Өзүм чоң ата-чоң энемдин колунда өстүм. Ал кишилер мал кармашчу. Эсимде, коңшу кыздар чогулуп калсак эле концерт коюп ойной берчүбүз. Ии, дагы бир адатым бар болчу, эриксем мал сарайга барып, өзүмдү сахнада жүргөндөй сезип койлорго ырдап берчүмүн.
– Мал деп калдың, балалыгың тоолуу аймакта өткөн окшойт...
– Бала кезим Нарындын Миң-Куш шаарчасында өттү. Өзүңөр билгендей, биздин өрөөн мал багууга ылайыктуу. Андыктан айылдын чаңында, козу-улак менен жарыша жүгүрүп жүрүп эле чоңойгон кызмын. Мектепте окуп жүргөнүмдө ыр сынактарды калтырчу эмесмин. Көбүнчө элдик ырларды жакшы созчумун.
– Мисалы, кайсы ырларды?
– “Сары-Ой”, “Кол­хоздогу курбума” деген ырларды көп ырдачумун. Орто мектепти бүткөндөн кийин музыкалык жааттан билим алууну тандаганым да ошол болду.
– “Балалык” деген ырыңды бир башкача эргүү менен ырдайсың. Кичине курагың дагы эмнелери менен эсте калды?
– Бешинчи класска көчкөнчө жайкы каникулда чачымды алып салышчу. Коюу болуп өссүн деп. Анан мен балдар менен ойногондон аябай уялып, сыртка калың кышкы топумду кийип, топоздун куйругунан өрүлүп жасалган чач тагып алып чыкчумун. Эгерде артка кайтууга бир мүмкүнчүлүк берилсе, кайра ошол баёо мүнөз балалыгыма кайтар элем.
– Ырга шыктуу кыздын ата-энесинин бирөөндө талант бар болсо керек, ээ?
– Биздин үй-бүлөдө эч кимдин ырга, бийге шыгы жок. Эми бул Жараткандын мага берген белеги го. Атам Сейдакмат замандын талабына ылайык, ишкердик менен алек болуп жүрөт. Ал эми апам Анара кесиби боюнча мугалим. Үч бир тууганбыз, Перизат деген эжем, анан Азамат деген иним бар. Эжем турмуш курган, иним учурда студент.
– Бир жолу айттың эле, “оркестр жаатында да өзүмдү сынап көрөйүн деп жатам” деп. Бул максаттарың канчалык деңгээл­де ишке ашып жатат?
– Кайсы бир концертте оркестр менен ырдаганымды белгилүү дирижёр Бакыт Тилегенов агай көрүп калып, “оркестр менен ырдабайсыңбы?” деп чакырган эле. Ошондон бери оркестрдин коштоосунда ырдап жүрөм. Негизи, ырчы болгон соң ар тараптан өзүңдү сынап көрүү ашыктык кылбайт.
– Музыканын бул эки жанрын бирдей алып кете алам деп өзүңө ишенесиңби?
– Мен өзүмө ишенем. Азыр комуз үйрөнүүгө да абдан дилгирленип жүрөм. Убагында көп маани бербептирмин, комуз чертүүнү үйрөнүп алууга. Азыр баркын билип жатам.
– Сендей кара көз сулууга ашык болгондор көп болсо керек...
– Өзүм абдан шайырмын, бирок кээ бирлер айтат “сырткы келбетиң андай көрүнбөйт” деп. Сүрдүү көрүнөт экенмин. Эми ашык болуп жүргөндөр көп деп айтпайм. Турмушка чыга элекмин. “Кыздын чырагы кырк” дейт, буюрса, мени күтүп жүргөн жигитке бир күнү жолугармын.
– Эмне анча кейип калдың?
– Билбейм, негедир улам жашың өткөн сайын көптөгөн сыноолорду башыңан кечирет экенсиң. Өзүмдүн түгөйүмө жолуга албай жүргөнүмө кейип кетем, кээде. Акыркы күндөрү жакшы түгөй таап, балалуу болууну көп ойлонуп калдым.
– “Нурзаттын жигити машина белек кылыптыр” деп сөз кылып жүрүштү эле, чынбы?
– Буюрбаган аш бышпайт экен. Бир жигит менен сүйлөшүп жүргөм. Анан ортодо түшүнбөстүктөр болуп, экөөбүз эки айрым жолго түштүк. Ооба, машина белек кылганы чын. Мен ал жигитти абдан сыйлачумун.
– Ар бир атактуунун артынан ушак ээрчийт. Сен тууралуу да “бир үй-бүлөлүү адам менен жашайт” деген кептер айтылууда. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– “Тилде сөөк жок” деген ушул экен. Эгерде мен ал киши менен жашасам, эмнеге аны элден жашырмак элем?! Жашоо деген оюнчук нерсе эмес. Бардык нерсени Жараткандын алдына койдум. Ким ак, ким кара экенин бир гана Алла талдайт. Айта кетейин, учурда ата-энемдин үйүндө жашайм.
– Негизи эле өзүң тууралуу жаман кепке чыча­лайсың­бы?
– Бардыгына көңүл бура берсең, өзүңдүн эле ден соолугуңа зыян келтиресиң. Ал эми айтылган сын кептер, тескерисинче, адамды чыйралтып, чыдамкай болууга үйрөтөт.
– “Кыз кыялы менен” дешет. Сенин кыял-жо­ругуңду билгим келип турат...
– Өзүмө жакпаган сапаттарымдан ишенчээктигимди айтар элем. Ушул сапатымдын айынан көп жапа чегем. Анан дагы бир адатым бар, тырмагымды тиштей бермей. Ошол себептен да тырмак өстүрбөйм.
– Шоу-бизнестен жакын кур­бу­ларың барбы?
– Баары менен эле саламым түз. Каныкей Раймалиева, анан Нурзат Токтосунова менен жакын сырдашмын.
– Байкасам, териден жасалган кийим-кечекке жакын экенсиң...
– Ии, аябай жактырам. Ушундан улам да Съездбек байке “менин стилимди туурап алыптырсың” деп күлүп калат.
– Машинаны зуулдатып ай­дайт экен­сиң, МАИ­чи­лерге кармалган учурларың деле көп болсо керек. Бул учурда атыңды колдонуп айып төлөбөй кетесиңби?
– Өтө шашмамын. Аны мойнума алам. Кээде “байке, тойго, концертке шашып жаттым эле” деп айтууга туура келет. Анча-мынчада айып деле төлөйм.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Нурзат Садыкова үй-бүлөлүү адам менен жашаганы чынбы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
youyi08
2011-12-12 17:36:16
Nurzat ejenin jashoogo bolgon koz karashy, yimanduulugu abdan jakty. suilogon sozdoru dagy ordu menen! anan albette talanttuu! ishterinizge iygilik jana bakyt kaalaim!
0
operaledi
2011-12-12 17:37:07
Алып баруучунар атайын акцент кылабы? Же чындап эле акценти барбы?
0
arlekino
2011-12-13 12:09:36
кашын которуп ийсе сурдуу эле корунот экен...чындан эле озу айткандай..
0
engel
2011-12-15 22:58:53
Daa abdan jakty,kyrgyzcha sonun suiloit eken azyr myndailar az go deim,kop dele taanychu emes ekenmin ishinizge,jeke jashoonuzga iygilik kaalaim!!!
0
№ 475, 9-15-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан