БАКЫТ БАЙСАРИЕВ: “Жубайым мени машиналарымдан кызганат”

Үлгүсү – Хонда Одиссей
Орундуктарынын саны – 7
Май сарптоосу – Шаар ичинде 12 литр
Багынын көлөмү – 60 литр

Үлгүсү – Тойота Ландкрузер
Орундуктарынын саны – 8
Май сарптоосу – Шаар ичинде 18 литр
Багынын көлөмү – 100 литр

– Бакыт, алгачкы суроомду канча жашыңдан баштап рулда отурганыңдан баштасак…
– 15-16 жашымда досумдун атасынын Лада машинасы бар болчу. Ошону айдаганым азыркыга чейин эсимде. Ал эми айдоочулук күбөлүгүн 2004-жылы окуп алганмын.
– Ушул убакка чейин канча темир тулпар алмаштырдың?
– Булар бешинчи жана алтынчы машиналарым.
– Алмаштырууңдун себеби эмне болду?
– Акыркы эки машинамды үйлөнгөндө сатууга туура келди. Себеби, үйлөнүү тоюма чогулткан акчамды үйүмдү оңдоп-түзөө иштерине сарптап койгон элем. Ошондуктан, тойду өткөрүү үчүн аларды саттым.
– Эки машинаң тең чоң кө­лөмдө экен. Кыя­зы, чоң машиналарды жактырасың го?
– Ооба. Кыялымда дагы бир ой бар. Тактап айтканда, чоң автобус алып, ичин кадимки эле үй кылгым келет. Буга чейинки машиналарымдан Мерседес үлгүсүндөгү эле машинам кичинекей болуптур. Калгандарынын баары ушундай чоң, адам көп бата турган машиналар болду. Досторум: “Ушул, сен, кечинде маршруткалар токтогондо элдерди ташып иштейсиң”,- деп тамашалап калышат.
– Чынында эле машина айдагандан бери таксист болуп көрдүң беле?
– Таксист болуп иштеген эмесмин. Бирок, кечке жуук кетип баратканда бирөө тоссо, жолубуз бир болуп калса жеткирип коюудан баш тартпаймын.
– Сулуу кыздар да көп тосушса керек?
– Негизи эле жолдо балдары менен кетип бараткан аялдарды, улгайган адамдарды көрсөм шашып баратсам да үйүнө чейин жеткирип койгонго аракет кылам. Кары адамдардын батасын, ыраазычылыгын алуу өзүнчө эле жагымдуу иш. А сулуу кыздарды азырынча жеткире элекмин, жеткирбей да калдым го (күлүп).
– Көпчүлүгүндө бирден гана машина болсо, сенде эки машина экен…
– Ооба, эл да: “Обу жок неме го! Элдер бир машинага жетпей жатса…”,- дейт (күлүп). Хонда менен шаар ичинде жүрөм, ал эми чоң машинамды тоого барып эс алганга, айылга барганга деп атайын алгам.
– Машинаңды кайсы жакка токтотосуң, гаражың барбы?
– Шаарга айдаган машинамдын короодо орду бар. Ал эми чоң машинамды машина токтотуучу жайга же досторумдун гараждарына коём.
– Машиналарыңды сурап келген досторуңа бересиңби?
– Эгерде менин ишеничиме кирген, жакшы айдаган, ичпеген адам болсо, бере берем.
– Өзүң машина оңдой ала­сыңбы?
– Майда-чүйдө нерселери бузулуп калса, өзүм деле оңдоп койгонго чамам жетет. Калган убакта атайын адиске кайрылам.
– Убактыңдын көбүн машинаңа бөлөсүңбү же келин­чегиңеби?
– Ммм... Машинама болсо керек. Күндүзү кечке чейин машинам менен жумуштарымды бүтү­рүп, кечинде гана жубайымдын жанында болом.
– Келинчегиң сени машинала­рыңдан кызганбайбы?
– Жубайым мени машиналарымдан кызганат (күлүп). Себеби, машиналарымды такыр кир кылбай айдайм. Бир жери бузулуп калса, кечке кабатырланып, аны оңдогонго шашылам. Азыр да сиздерге интервью бергени келе жатсам, астындагы бир нерсеси чыкылдап калды. Эми азыр ошону оңдоткону барам. Жубайымды да бир жерге таштап коюушум керек эле. Айла жоктон “жеткирбей калдым” деп телефон чалсам, ал: “Ушул сен вечно машинаң менен жүрөсүң”,- деп таарынып калды.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 323, 9-15-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан