ЖАНЕТА БОБКОВА: "Атым Жумакан болуп кала жаздаган"

• Үч килограмм салмакта төрөлгөн.
• Төрөлгөндө боюнун узундугу 51 сантиметр болчу.
• Биринчи тиши алты айында, тили бир жашында “мама” деп чыккан.
• Алгачкы кадамды 10 айында шилтеген.

«Атым аз жерден Жумакан болуп кала жаздаган»

Мен жети айлык болуп, аз салмакта жума күнү төрөлгөн экем. Таятам “кызым жума күнү төрөлдү. Атын Жумакан коём деп чыгыптыр. Ошондо кудай жалгап, өзүмдүн атам “койгула, бул эски ат. Азыркы заманга ылайыктап эле Жанета деп коёлу” деп Жумакан деген атка бут тосуптур. Жумакан болбой калганыма азыр абдан сүйүнөм.

«Өзбек кызды сабагам»

Бир жолу апам сиңдим Гүлзатты “нан алып кел” деп дүкөнгө жиберди. Жолдон сиңдимдин нанга деген акчасын бир өзбек кыз тартып алыптыр. Ал үйгө ыйлап келгендиктен, жиним келип дүкөнгө чуркадым. Барсам, дүкөндүн жанында бир өзбек кыз турган экен. Эркек мүнөз тентектигимди ушундан бил. Аны чыркыратып эле басып калдым. Артымдан жете келген сиңдим “Жанета, бул ал кыз эмес” деп кыйкырганда араң токтодум. Ошентип, байкуш кыз жок жерден эле менден таяк жеп калды. Мен болсо артымды карабай чымын-куюн болуп үйгө качып кеттим.

«Апамдын ролун мен, таежемдин ролун сиңдим аткарчу»

Апам биздин шаарчадагы дүкөндөрдүн башчысы болгондуктан, эки жакка көп кетер эле. Ал кеткенде сиңдим экөөбүз апамдын көйнөктөрүн, бийик такалуу туфлилерин кийип дүкөнгө барабыз. Белибизди жип менен байлап, көйнөктүн узундугун белибизден сыртка шалпылдатып коёр элек. Мен “Сабирамын” деп апамдын ролун аткарсам, сиңдим Гүлмира деген таежем болуп алчу. Азыр дагы Шамалды-Сайга барып калганда бизди тааныгандар ушул кылыктарыбызды айтып күлүп калышат. Мунубуз аз келгенсип, сиңдим экөөбүз кечке жуук чоң көчөнү да шыпырар элек. “Ай, эмне көчөнү шыпырып жатасыңар?” деп сурагандарга “үйдө жумуш жок да” деп жооп бергенибизди эстегенде азыр да жылмайып калам.

«Бышырган боорсогубузду ит жеген»

Бир күнү үйдө эч ким жокто сиңдим экөө­бүз­дүн боорсок жеги­биз келди. Апамдын боорсок бышырганын көрүп жүрчүбүз да, камыр жууруп боорсок бышырмай болдук. Унду чарага салып туз, ачыткы кошпостон, крандагы сууга жууруп салдык. Суюк жууруп алыптырбыз, жер-суунун баарын камыр кылып жатып араң окшоштурдук. Анан чараны жылуулап жаап койдук. Казандын алдына алоолонто от жагып, ичине май куйдук. Камырды жаялы десек таптакыр колго илешип болбой койгонунан үзүп, казанга сала баштадык. Ошондо апам кирип келип бир чети майга күйүп калбаганыбызга сүйүнсө, экинчи жагынан аябай урушкан. Боорсокту жеп көрсөк тузу жок, ичи камыр бойдон калыптыр. Анын баарын итке берип койгонбуз.

«Агайдын анар, алмасын жеп коюп...»

6-класста партада чогуу отурган кыз экөөбүз дежур болуп класстын полун жууп калдык. Карасак мугалим отурчу үстөлдүн үстүндө агайдын пакети турат. Ичин карасак алма, анар, токоч бар экен. Ачка болгонубуздан баарын жеп койдук. Бир убакта агай кирип келип “эмне, менин пакетимдегилерди жеп койдуңарбы?” десе, оозубуздун анар болуп калганын байкабай эле “жок, биз көргөн жокпуз” дей бериппиз. Көрсө, ал агайдын ооруканада жаткан жакын адамын көрүү үчүн алган тамагы экен.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 323, 9-15-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан