ЭЛНУРА: “Камчы 9 ай төрөт үйүндө жашаган”

– Элнура, Камчы менен таанышып, үй­лөн­гөнүңөр тууралуу кыскача айтсаң?
– Чынын айтсам, Камчы менен эки жолу таанышкам. Алгачкы жолу БГУЭПтин экономика факультетинде окуп жүргөнүмдө драма театрда иштеген Данияр аркылуу бир кечеден таанышкан болчубуз. Кийин бул окуу жайды бүткөн соң Кыргыз драма театрынын алдындагы орто окуу жайга кирип окуп калдым. Бир күнү чогуу окуган кыздар “келгиле, студент балдар менен сүйлөшөбүз” деп калышты. Ошондо “мен студент менен сүйлөшпөйм. Сүйлөшсөм актёр менен сүйлөшөм” деп тамашалап койгом. Кудай оозума салса керек, көп өтпөй эле “Дем” театрында иштеп жүргөн Камчы менен экинчи жолу тааныштым. Бирок, биринчи жолку таанышканыбыз анын эсинде жок экен. Анан кыз-жигит катары бир айдай сүйлөшүп, кийин үйлөнүп алдык.

– Бири-бириңерди жакындан би­лүүгө бир ай аздык кылган жокпу?
– Башында кыз-жигит болуп жүргөнүбүздө Камчы “мен сени алам” десе, “ооба, мен сага тием” деп тамашалаша берчүбүз. Бир күнү теңтуштарыбыз менен Тынчтыкбек Кожобековдун үйүнө чогулуп калдык. Ошондо Тынчтык: “Болду, экөөңөр 18-ноябрда үйлөнөсүңөр, каршылык жокпу?!”- деп эле сөздү бүтүрүп салды. Бирок, 18инде кайнагам үйлөнмөк экен, андыктан, биздин тойду 28-ноябрга жылдырууга туура келди.

– Туугандарыңдан эч ким каршы болгон жокпу?
– Туугандарым каршы болгон жок. Бирок, драма театрдагы Кенже эжейим: “Сен жашсың да, жашына карабасаң да, көлөмүнө карап тийбейт белең!”- деп ыйлаган. Анткени, мен чилмийген арык кыз болчумун. Мени менен Камчыны салыштырып алып абдан ичи күйгөн.

– Кийин өзүң өкүнгөн жок­суңбу?
– Жо-ок, мен азыр өзүмдү 100 пайыз бактылуу айымдардын катарына кошо алам. Башында көнө албай бир аз кыйналгам. Азыр Камчысыз жашоомду элестете да албайм.

– Ортоңордо канча жаш айырма бар?
– Ал 1978-жылкы, мен 1987-жылкымын. Ортодогу 9 жаш деле өз ролун ойнойт экен. Бири-бирибизге сый мамиледебиз. Ортодо такыр катуу чыр чыга элек. Мен күнөөлүү болсом, унчукпай калам. Камчы күнөөлүү болсо, ал унчукпай калат.

– Камчы абдан шайыр эмес­­пи, үйдөн сенин көңүлүңдү кантип көтөрөт болду экен?
– Досторубуз: “Көчө­дө жүргөн­дө экөөңөрдөн өткөн шайыр киши жок. Үйүңөргө келсек эле үңүрөйүп каласыңар”,- деп калышат. Байкап көрсөк, чынында эле экөөбүз тең үйдөн абдан токтоо мүнөздө чоң кишилердей болуп калат экенбиз.

– Камчынын жү­рүш-туру­шунан улам ата болуп отурганын элестетүү кыйындай...
– Жок, Камчы аябай баласаак. Анын үстүнө, Барсбек көп күттүргөн бала болду, тагыраак айтканда, баш кошконубузга 3 жыл дегенде төрөлдү. Боюма бүткөндөн тарта төрөт үйүндө жаттым. Камчы да 9 ай бою мени менен бир палатада чогуу жатты. Кечинде кадимкидей жумуштан келип, үйүнө келгендей эле жатып алчу. Башында толготуп, төрөп жаткан аялдарды көргөндө чочуп, кубарып палатага кире каччу. Кийин ага да көнүп калган. Баса, боюмда бар кезде эле “уул төрөп берсең, башыңдан ылдый алтын кылам” деген болчу. Бирок, алтын эмес, башка нерсе белек кылды.

– Силерде кызганыч сезими жашайбы?
– Кызганам, бирок, билгизбегенге аракет кылам. Ал эми Камчынын кызганычы дароо эле бетине чыгат. Оюнда билдирбей жаткандай болсо да, ачык көрүнүп калат. Тактап айтканда, өңү бозоро, көзү тостоё түшөт.

– Сени кантип эркелетет?
– Илюша дейт. Кээде “кайнатамдын тун кызы” деп калат.

– Кыштын суугуна карабай кичинекей уулуңду көтөрүп келип, жакшынакай маек куруп бергениңе чоң рахмат. Бактылуу болгула!

Маектешкен Гүлмира Турманбетова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 324, 16-22-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан