ЖКнын депутаты Исхак Масалиев:«Сүйүүмө жетпей төрт жыл чуркагам»

Кыска суроого кыска жооп

– Өзүңүзгө жаккан сапа­тыңыз...
– Чынчылдык, туруктуулук.
– Кандай адам менен тил табыша албайсыз?
– Калпычылар менен.
– Сизге тартууланган белектерден эсте сакталып калганы...
– ЖКнын депутаты Борис Сан белек кылган сыра куюлуучу чоң кружка.
– Атыңызды ким койгон?
– Исхак Раззаковдой болсун деп атам койгон.
– Улак тартышка түшөт белеңиз?
– Жок, бир жолу улак тартышам деп атка тебеленип кала жаздагам.
– Аткарылбай жүргөн кыялыңыз...
– Алтын балык кармоо.
Жактырган тамагыңыз...
– Палоо.
– Урматтаган саясатчыңыз...
– Атам Апсамат Масалиев.
– Сүйгөн жаныбарыңыз...
– Азиат породасындагы овчарка.
– Эмнеден коркосуз?
– Чыккынчылыктан.
– Кандай музыка жагат?
– Классикалык.

«Төртүнчү класста тамеки тартып көргөм»

– Саламатсызбы, Исхак мырза. Бүгүн биз саясатты, андагы оппозиция, позицияны мындай жылдыра туруп, жөн гана жашоо-турмуш, анын ачуу-таттуусу, жыргалы-кууралы тууралуу сүйлөшөлү деп турабыз. Каршы эмес чыгарсыз?
– Каршы эмесмин. Чынында, саясатты күндө сайрай бергенден да тажайсың.
– Ар бир адамдын өмүрүнүн эң кымбат учуру – алтын балалык. Сиздин балалыгыңыз миңдеген теңтуштарыңыздан бир топ айырмалуу өтсө керек. Кантсе да учурунда мамлекетибиздин жетекчиси болгон кишинин уулусуз...
– Балалык күндөрүм жалаң эле жер кыдырып, көчүп жүрүп өттү. Ал күндөрдү ойлогондо биринчи эске келгени ошол. Бул негизинен атамдын кызматына байланыштуу болчу. Мен он жашка чыкканча Ошто, кийин Таш-Көмүр, Каракол шаарларында жашадык. Анан Бишкекке көчүп келдик. Ошол учурда чоңдун баласы болуш кыйын болчу. Бир жерден эле тартип бузганыңды байкап калышса, атаңдын жумуштан кетүүсүнө чейин иш козголчу. “Өзүнүн баласын башкара албаган неме эл башында кантип турат деген кепке калабыз”,- деп атам көп айтчу. Бирок, ал кишинин тарбиясында бир өзгөчөлүк бар эле. Натуура кылган иш үчүн кыйкырып урушуп же сабачу эмес. Ушунчалык сүрдүү көз караш менен тиктеп койгону жетиштүү болчу. Үйдө төрт биртууганбыз: эжем – Айсалкын, иним – Муса жана карындашым – Айчүрөк. Баарыбыз темирдей тартип менен чоңойдук. Бир жолу төртүнчү класста таякелериме кошулуп алып айылдын четине барып тамеки тарта коём деп таенемден эси-көөнүмдөн кеткис жаза алгам. Бирок, суранып жатып бул жөнүндө атамдарга жеткиздирген жокмун. Эгер жетсе, жаза абдан эле катуу болмок да. Кийин жетинчи класста кайрадан тамекиге азгырылдым. Ошондон бери таштай албай келе жатам.
Мектепте жакшы деле окуган жокмун. Орточо окуган окуучу болчумун. Эсимде, биринчи класста кайсы бир сабактан «2» эмес, «1» алганмын.

«Мугалимдерден жашырынып шарап иччүбүз»

– Студенттик кездер ашыктык сезимдер менен гана эсте калбаса керек...
– Басымдуу бөлүгүн баары бир Атыркүлгө болгон сүйүүм ээледи окшойт. Студент кезде атам Обкомдун биринчи секретары болуп, үйбүлөбүз Караколдо жашап калды. Мен эжем, жездем, иним, биртуугандарым болуп атамдын Бишкектеги квартирасында турчумун. Кечелерге барып шарап ичип келип калганымда эжем телефон чалып атамдарга айтып койчу. Анан мени урушуп эле жатып калышчу.
Үчүнчү курстан бир сабактан экзамен бере албай кулап, жарым жыл эжейдин артынан чуркагам. Кийин ал эжейге жолугуп калып, кайсы жазыгым үчүн мени жарым жыл кууратканын сурап калсам: “Сен ошондо жынсы кийип экзаменге келгенсиң. “Чоңдугуна чиренет” деп сени жактырбай, баа койбой койгом”,- деп айтып жатпайбы. Ойлоп көрсөм, чын эле ал кезде жынсыны мен-мен дегендер кийишчү экен. Жок жерден ошентип мугалимдерге жаман көрүнүптүрмүн.
Жаштык кезде дискотекага да көп бардык. Дискотека окуу корпусубуздун биринчи кабатындагы фойеде болчу. Анан мугалимдерге көргөзбөй вино иччүбүз. Мына ошентип эле студенттик кездер өтүп кетти.
– Азыр ичкиликке кандай карайсыз?
– Жыйырма жылдан бери оозума ала элекмин.
Сөздүн нугун эми үйбүлөңүзгө бурсак. “Идиш-аяк кагышат, эрди-катын урушат” деп коёт эмеспи. Мындай учурда ким биринчи кечирим сурайт?
– Эрте үйлөнгөндөн болсо керек, тил табыша албай таарынышып, атүгүл жеңең кетип калган учурлар, жаштыктын деми менен ичип алып тентип үйгө түнөбөгөн күндөр да болгон. Арада сүйүү, андан жаралган балдар болгон соң кечиришпей кайда бармак элек. Бир кубанганым, апам менен келинчегимдин ортосунда кырды-бычак мамилелер болгон жок. Мына жакында Атыркүл экөөбүздүн чогуу түтүн булатканыбызга 28 жыл болот. Эки кыз, бир уулду тарбиялап жатабыз. Азырынча эч кимиси турмуш кура элек.
– Кайсы тамакты мыкты жасай аласыз?
– Жумуртка кууругандан башка нерсени билбейм. Азыркы учурда апасы ашкананы улуу кызыма өткөрүп берген.

«Менин махабатым...»

– Сабакка анчалык маани бербептирсиз. Ал эми татынакай кыздаргачы? Кайсы бир кызды ойлоп, түнү бою кирпик какпай түйшөлгөн учурлар болгон чыгар?
– Мен эрте жетилсем керек. Себеби, бешинчи классымда өзүм курдуу кыздарды эмес, эжейимди жактыргам. Бир эжейим бар болчу, татынакай боёнуп, тырмагын кызыл лак менен боёп, өзүн абдан тыкан алып жүрчү. Ал кезде кыз-келиндер көп деле боёно бербегенденби, айтор, мага бул айым абдан сулуу көрүнүп, сүйүп калгам. Кээде телмирип тиктеп отура берчүмүн, эч нерсени укпай. Кыялданчумун. Чоңоюп, акыл-эс кирип, токтолуп калганда деле ал сезимди өчүрө албагам. Эжейдин сабагына аябай даярданчумун. Ар бир сабакта жооп бергенге, өзгөчөлөнүп көрүнүүгө аракет кыла берчүмүн. Кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырдым. Биринчи курста Казакстанга кыргыз студенттерин темир жол курганга алып барып калды. Анан жубайым Атыркүлдү байкап калдым. Мына ошондо чыныгы сүйүү эмне экенин түшүндүм. Өзүнчө эле бушайман болуп, жан дүйнөм жабыркап жүрдү. Эптеп жатып сүйүүмдү билгизсем: “Эч кандай шансың жок”,- деп койсо болобу?! Бирок, көшөрүп артынан төрт жыл чуркадым. Ойлосом, ошол кезде менде ал кыз жактырчу деле кебете жок экен. Өтө арык, боюм узун, чачтарым тик турган. Ансыз деле бир топ жигиттер Атыркүлдү айланчыктап жүрүшчү. Бирок, ал балдарды акырын мындай чакырып, дос балдар менен бирге муш көргөзүп, моюндан толгоп койчубуз. Байкасын деп атайын эле ар кандай жагымдуу нерселерди жасай берчүмүн. Бир жолу туулган күнүнө курсташтардын баарын чакырды. Ошондо мага тост келгенде чыгынып туруп: “Кийинки туулган күнүңдү менин үйүмдө чогуу тосолу”,- деп салгам. Ал жерде Атыркүлдүн да ата-энеси бар эле. Айткандай эле төртүнчү курста үч күн той берип, үйлөнүп алдык. Атамдын Волгасы жана бир автобус менен шаар кыдырып, сүрөткө түшүп майрамдап койдук.

«Бийлик үчүн гана күрөш»

– Саясатчы эмес, Кыргызстандын жөнөкөй жараны катары азыркы учурдагы саясатка баа бере кетсеңиз...
– Акыркы 15 жылдын ичинде биздин саясат түрүн гана өзгөртүп, сапаты өзгөрбөй келе жатат. Көбүнүн эле багыты, максаты бир. Ал – бийлик үчүн күрөш. Ал эми бийликке жеткенде байлыкты ойлошот. Ушул идеяны өзгөртөлү, элдин тагдырын ойлойлу дегендер саналуу гана.
– Саясаттан чарчаганда кандай эс алууну жактырасыз?
– Акыркы төрт жылдан бери балык уулоону хоббиге айлантып алдым. Жаңы жылдан баштап эле беш жолу бардым. Кээде тамашалап: “Эгер мени балык уулоого чакырса, баарын сатам, Ата Мекенден башкасын”,- деп айтып калам.

Маектешкен Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 324, 16-22-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан