АТАСЫНЫН КЫЗЫ...

Жаным Айзаттын атасы Исан (Маматсабир):
«Жоош, анан сөгүнчөөк эле»

– Ымыркай кезинде Айзат өтө жоош болгондуктан, бар-жогу деле билинчү эмес. Ошондой жоош кыз 4-классында бир бала менен анар талашып, аны сумкасы менен башка бир коюптур. Бул окуяны мен угуп алып аябай таң калгам. Бала бакчаны өтө жаман көрчү. Ошондуктан, эртең менен жеткиргенде “калбайм” деп ыйлай берип, айласыздан жумушка ала барган күндөр да болгон. Бир жолу үйбүлөм менен Өзгөнгө эс алганы барган элек. Бир жума ичинде айылдагы балдардын сөгүнгөнүн угуп үйрөнүп ала коюптур. Шаарга келгенде мени уят кылып сөгүнүп жүрдү. Урушсаң укпайт, же түшүнбөйт. Бир жыл дегенде зорго токтоткон

Айгүл Чалованын атасы Анарбек:

«Тоок экен десем, кызым экен»

– Айгүлүм беш баламдын улуусу жана сулуусу. Өзүнөн кийин катар эки уул болгондуктанбы кызым эркек мүнөз эле. Таттууну аябай жакшы көрчү. Эшиктен кирип эле биздин чай ичип отурганыбызды көрүп: “Чүмчүктө-өй, жачыны-ып алып компет жеп атачыңай, ээ?”- дей берчү.

Бир жолу чачы кырылган кезинде көпөлөктөй көйнөк кийип сүрөткө түшкөн. Анда кызым жалгыз эле эмес, жанында чоң апасы да бар. Сүрөт чыкканда чоң апасына берип койсом, “менин көпөлөк сүрөтүмдү алып кел” деп түн ортосунда апасын ойготуп, анан ээрчитип алып сүрөттү алдырып келген.

Дагы бир окуя такыр эсимден кетпейт. Чакалайдын чак түшүндө кызымды таппай калдым. Издеп жүрүп бир маалда карасам бирөө кемегенин күлүн сапырып жатат. Аны тоок экен деп ойлогом. Көрсө, бети-башынын баары күл, көө болуп кызым ойноп жатыптыр.

Ташкент кызы Гүлдүн атасы Ташкент:

«Кызым үчүн терезени араалагам»

– Алты кызымдын ичинен Гүл өзгөчөсү болду. Кичинекейинен эле бул кызымдан көп нерсени күтчүмүн. Себеби аябай көк бет, өжөр жана кекчил болчу. Сабакты аябай жакшы окугандыктан бул кызымдан бир нерсе чыгат деп ойлочумун.

Бир жолу баарыбыз ашканада отурганбыз. Анда Гүл 5 жашта эле. Терезенин түбүндө ойноп жаткан кызым бакырып-өкүрүп ыйлап калды. Бара калсам, терезенин кырына башын уруп алыптыр. Заматта башы шишип чыкты. Кызым болсо терезени карап алып аны болушунча тилдеп да жатат, көз жашын да токтотпойт. Анан кызыма боорум ооруган жаным араа алып келгем да, терезенин кырын жарашыксыз көрүнүп каларына карабай араалап салгам. Кызыгы, Гүлдүн ыйы ошондо гана басылган. Азыр апасы терезенин ошол жерин көргөн сайын мени урушат.

Бегимай Карабаеванын атасы Турдубай:

«Чуңкурга түшүп кетип, алты ай дарыланган»

– Кызым Бегимайды мен дайыма “Мактаана” деп эркелетем. Ал 5-классты аяктаганга чейин мени менен чогуу жатчу. Кичинекейинде аябай жоош кыз болгондуктан, “оо, Кудай, кызым чоңойгондо тың эле болсо экен” деп тилечү элем. Убакыт өтүп, кызым өзүнөн-өзү тың болуп калды.

Бир жолу мен да, апасы да жумушта кетип, “Мактаанам” иниси экөө үйдө жалгыз калган. Анан Бегимай жөжө кубалап ойноп жүрүп таштанды төккөн чуңкурга түшүп кетиптир. Ал жердин тереңдиги бир топ эле. Кызымды суу аралашкан сасык таштандыдан кошунам алып чыккан экен. Ошонун айынан алты ай бою ооруканада жаткан.

Бегимай такыр сүрөт тарта алчу эмес. Бир жолу сүрөт тарттырам деп курбусуна кетип калыптыр. Мен аны билбей көпкө чейин издегем. Үйгө келгенинде “айтып кетпейсиңби!” деп чыбык менен бир чапкам. Кызым мага таарынып бир жума сүйлөбөй койгон. Анысына жүрөгүм ооруп, күн сайын жакшы көргөн коюлтулган сүт менен ышталып бышкан этти сатып келип берчүмүн. Ошентип, таарынычын араң жазгам.

Жанара Атабекованын атасы Жумгалбек:

«Кызымдын үнүн радиодон угуп сүйүнгөм»

– Менин Жанарам, оо, айтканынан кайтпаган укмуш көк бет кыз эле. Ырдаганды жакшы көрчү. Бир жолу «Таласта өтө турган “Жаш таланттар” фестивалына катышам» дегенинен жибербей койгом. Мугалимдери келип: “Кокуй, жибербесең болбойт” дешкенинен алыс жерге сарсанаа болуп араң жибердим. Анан радио угуп отурсам Жанаранын 1- орунду ээлегени айтышканда аябай сүйүнгөм.

Аида Кулуеванын атасы Муканбет:

«Юбкасын көтөрүп жиберген баланы сабап...»

– Айка кичинекейинде эркек балдардан айырмасы жок эле. Балдар менен мушташып, сабап салчу. Бир жолу мектептен Азамат деген классташ баласы юбкасын өйдө көтөрүп жибергенде бетке катуу согуп калган экен. Бети көгөргөн баланын ата-энеси мектепке териштиргени барышып, кайра уят болуп кетишкен.

Жаркынай Аманованын атасы Аман:

«Дем алыш күнү да бакчага барам деп ыйлачу»

– Жаркынай кичинекейинен эле айтканынан кайтпаган кыз. Бир жолу жайлоого эс алууга бардык. Кеч кирип, жатаар маал келди. Эл көп, боз үй тар, төшөк аз болгондуктан көп адамдар батпай жатышса, “мен шейшеби жок тар жерге жатпайм” деп таң аткыча менин алдымда отуруп уктаган.

Дем алыш күндөрү деле “бакчага барам” деп ыйлап айламды кетирчү. Бакчадан балдар менен чогуу ойнобой “жалгыз ойнойм” деп тарбиячысын кыйноочу экен.

Даярдаган Бактыгүл Сокушова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 324, 16-22-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан