Уларбек тууралуу...
Илгиз тууралуу...
өкмөттөн камкордук
“Мушташканда талуу жерине боюм жетсе болду”
Айтылган убактан кечикпей редакциябызга кирип келген эки жигиттен биринчи эле байкаганым, алардын тамашакөйлүгү болду. Сүрүштүрө келгенде Илгиз жашы боюнча улуу болуп чыкты. Андыктан, алгачкы суроону дал ушул жигитке узаттым.
– Иштериң кандай, Илгиз?
– Кудай деп куурдак жеп, Алла деш аш жеп жүрөбүз эл катары.
– “Улууга урмат” дегендей, алгач сөздү сенден баштасак. Бала чагың, бир- туугандарың дегендей...
– Өзүм Алай районунун Сопу-Коргон айылынан болом. Биз 13 биртууганбыз. Алардын ичинен менин эле боюм “пасыраак”. Азыр Бишкекте байкем менен турам.
– Иштейсиңби же окуйсуңбу?
– Кичине кезимден бери бизнесмен болууну самап келем. Жетинчи классымда эле бензин сатып акча тапчумун. Азыр бөтөлкө алып иштейм. Буга деле ыраазымын, бирок, өзүмдүн кыялыма жетмейинче тырышканымды койбойм. Ал эми окууну болсо 11-классты бүткөндө эле жыйыштырып салгам.
– Угушубузга караганда, Келечек жаңы конушунда “авторитет” экенсиң...
– Мен бул дүйнөдө бир нерсеге нааразы, бир нерсеге ыраазымын. Ыраазы болгонум – дос балдарым. Кайсы жерде болбосун сый-урматын көрсөтүп турушат. Ал эми нааразы болгон нерсем... түшүнүктүү да. Сиздин сурооңузга түз жооп берсем, ызы-чуу чыгып кеткенде бир тобуна менин сөзүм өтөт.
– Негизи, адамзаты айрыкча бала кезде бирөөнүн кемчилигин чукуганды жакшы көрүшөт эмеспи. Андай учурларда абалдан кантип чыгар элең?..
– Адамдардын ушул адаты менин кыжырымды кайнатат. Айрыкча кичинекей кезимде балдар мени шылдыңдап күлгөн учурлар көп болгон. Мазактаган адамдарды кантип жазалаштын да жолдорун ойлочумун. Азыр мага баары бир, мазактап жатабы, таң калып карап жатабы, мындай нерселерге көп маани бербей калдым. Менин мындай болуп жарык дүйнөдө жашап жатканыма эч кимдин күнөөсү жок. Нааразы болуп, Жаратканга шек келтиргим келбейт. Мен өзүмдү башкалардан кеммин деп да эсептебейм. Башкалар барган кыздарга мен деле барам. Ии, баса баштан өткөн бир окуяны айта кетейинчи. Мен бийлегенди абдан жактырам. Кафеге барып арактан аябай ичип алып берилүү менен бийлеп жатсам, жаныма эки кыз келип, анан тааныша кеттик. Бир маалда ал кыздардын жигиттери мага “секире” башташса болобу. Сыртка чыгып, бирөөсүнүн боюм жеткен талуу жерине согуп калдым. Негизи, дайыма талуу жерлерге муштайм.
– Сөзүңө аралжы, спорт менен машыгасыңбы?
– Эркек деген, албетте, спорт менен дос болушу керек. Мен бокс менен машыгам.
– Жеке жашооң тууралуу сурасак кандай болот?
– Жеке жашоом тууралуу айтсам, айылда жүргөндө бир кызды аябай сүйгөм. Бирок, шаарга менин артымдан келмекчи болуп узатып калган ал кызымдын дайыны чыкпай кетти. Азыр бир кыз менен мамилем жакшы. Алгач дос катары сый мамиледе болчубуз. Ал сыпаалык күндөн-күнгө жылуу мамилеге алмашып баратат. Буюрса, келерки күздө үйлөнөйүн деп жатам.
– Кудай тилегиңди берсин! Мындай бой менен кийим-кече сатып алууда бир топ кыйынчылык туулса керек?
– Туура, мага жаккан кийимдер чак келбейт, көздү кызартып. Айла жок, “сэконд хэндден” кийинем. Мага ылайыктуу кийимдерди ошол жерден гана таба алам. Ал эми бут кийим алуу мен үчүн азап. Издеп жүрүп, араң табам. Ошондо да көпчүлүк учурда бир өлчөмгө чоң болуп калат. Чынбы, Уларбек? Анда сөздү сага бербейлиби?..
Бул сөздөрдөн улам баятан бери жылмайып бизди тиктеп отурган Уларбек сөзгө аралашты.
– Илгиздин айтып берип жаткандарын угуп отуруп, башыман өткөн окуяларды көз алдыма келтирдим. Мен да эргежээлдиктин азабын кичине кезимде көп тарттым. Беш жаштан тарта денем жакшы өспөй, башым эле чарадай болуп баратканда апам бир молдого алып барып көргөзгөн экен. Сыягы, ал молдо деле кыйратып жардам бере албаган көрүнөт. Ошондон баштап өсүүм начарлаптыр. Айылдагы мен курдуу балдар мага түрдүү лакап аттарды коюшуп, шылдыңдап күлгөнүнөн үйдөн да көп чыкпай жатып алчу адатым бар эле. Мектепте окуп жүргөн кезимде бир эже менен айтыша кетсем, ушунчалык шагымды сындырган сөздөрдү айтып тилдеди. Ызама чыдабай бир күн кечке ыйлагам. Азыр тагдырыма баш ийип калдым. Негизи, кичинекей балдар түртүп кетишип, “кодопиш, лилипут, коротышка”деп көп шылдыңдашат. Аларга күлгөндөн башка жооп кайтара албайм. Ал эми чоңдор мыскылдап калышса, бир колумдун ачуусун экинчи колум менен басып, укмаксанга салып коюуга көнгөм. Бир жолу телеграфка барып, бийик текчеге араң колумду жеткизип акчамды берип: “Эже, жетон бериңизчи”,- десем, тиги аял: “Бул акча кимдики?”- деп эле кыйкырат ылдый эңкейип койбой. Анан айлам кетип, жанымда турган кишиден жардам сурадым. Буга окшогон окуялар көп эле болот. Кээде арданганда апама келип: “Эмне мени ушинтип төрөп койдуң?”- деп айта берчүмүн. Азыр антпей калдым. Ансыз деле кургур апам менин минтип төрөлгөнүмдөн тартып сыгылып иче баштаптыр. Биздин тукумдан жети атадан кийин мага окшош бир бала төрөлүп турат экен. Муну мага чоң атам көз жумар алдында айтып кеткен. Бирок, ошентсе да, келечектен үмүтүмдү үзбөйм.
Маектешип отуруп, бул жигиттердин эч нерсеге карабай алдыга ишенимдүү максат коюп, оптимисттик көз карашта жашоо сүрүп жатканына тан бербей коё албайсың. Арабызда жашоонун бир аз кыйынчылыктарына чыдабай, өз өмүрүнө деле кол салгандар аз эмес. “Мына ошондойлор бул жигиттерден үлгү алышса” деген ойго жетеленбей койбойсуң.
Даярдаган Бахияна Сатылганова