Ырчы, актриса, колунан көөрү төгүлгөн уз эжебиз Сайра Момунбаеванын ар тараптуу таланты менен тааныш болсоңуз керек. Бир адамга мынча өнөрдү татыктуу алып жүрүү кыйын иш. Ошентсе да Сайра эже декабрь айынын экинчи жарымында жеке концертин берүүгө камынып жатыптыр.
“КИЧИНЕМДЕ АЯБАЙ ЭРКЕ КЫЗ ЭЛЕМ”
– Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлүп, 1 жашка чыкканда үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу ата-энем Ак-Талаага көчүп келишип, ошол жакта чоңойдум. Мени апам 41 жашында төрөп, атам ал убакта 55те экен. Экөө тең чоң жамакчы, атам сынчы, мыкты зергер, уста болсо, апам боз үйдүн жабдыктарын жасаган, шырдак ойгон, кийим бычып-тиккен уз болчу. Бир топ жыл экөө бала көрбөй, атам “кыңшылатып эгизден итке бердиң баланы, сиркелетип сегизден битке бердиң баланы... Бизге да бала бер” деп төгүп ырдап Жаратканга жалынып жүрүп, эки кыз, бир уулдуу болушуптур. Үй-бүлөдө эң кичүүсү менмин. Атамдын аябай эрке кызы элем.
Мектепте орто эле окудум. Алгебра, геометрия жана химия сабактарынан дайыма адашпай “3” алып жүрүп бүттүм. Ырчылык жаатында кандай гана кароо-сынак болбосун, калтырчу эмесмин.
“АПАМ МЕНЕН АЛЫШЫП ЖАТЫП АРТИСТ БОЛГОМ”
– Мектепти аяктагандан кийин апам мени тикмечинин окуусуна шаарга жөнөттү. Бирок кичинемден эле артист болууну кыялдангандыктан, тикмечиликке бутум тартпай, эки жыл бою “окууга өтпөй калдым” деп кайра эле бара бердим. Эки жылдан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищенин вокал бөлүмүнө тапшырып алдым. Апам бул жоругумду угуп, “артисттин окуусуна тапшырып алыптырсың, топурагымды түйүп берем” деп катуу урушкан. “Апа, бул окууну бүтүргөндө мен артист эмес, музыкадан сабак берген мугалим болом” деп алдап, араң сооротком.
Окууну аяктап, өзүм кыялданган Нарын музыкалык драма театрында иштеп калдым. Ошондо апам дагы урушуп кирди. Театрдын жетекчилиги менен кесиптештерим апамды чакырып түшүндүрүшүп, араң алып калышкан. Кийин Ташкенттеги Островский атындагы Театралдык институтта сырттан окудум.
“ЖОЛДОШУМ МЕНИ АЛА КАЧЫП КЕТКЕН”
– Биз жолдошум Азат экөөбүз студент кезде таанышканбыз. Бир жолу Нарын театрында иштеп жүргөндө Көлгө “Боз бойдок” спектакли менен гастролго баратып, Кочкордо үч күнгө калып калдык. Спектаклге атайын даярдалган ырым жакшы жазылбай калган эле, ошол жүрөгүмдү өйүп турган болчу. Барган эле күнү концертке барып калып, ал жактан Азат жетектеген “Күлгүн жаш” ансамблин жолуктурдум. Сүйүнүп, Азаттан жанагы ырды кайрадан жаздырып берүүсүн өтүндүм.
Эртеси барып ырдасам, булардын тобунда Кеша деген бир жигит бар эле, ордунан тура калып, “биз сени алып калабыз” деди. “Жок, мен калбаймын” десем, “мага тиесиңби?” дебеспи. “Жок, тийбеймин” дедим. “Сага кандай балдар жагат?” деп сураса, ары жакта Азат момпоюп отурганынан “мага Азаттай жоош балдар жагат” дептирмин го шашып. “Эгер сени Азатка алып бербесем, мени нан урсун!” деп нанды кармап туруп сыртка чыгып кетти. Балдар бизди ага чейин эле ошол Кешанын үйүнө конокко чакырып жатышкан. Эртеси "конокко жүргүлө" деп келип калышыптыр. Биздин жаш кесиптештер жабылып, каршы болгонума карабай мени да алып жөнөштү.
Бир үйгө алып барышып, отурарыбыз менен көшөгө тартышып, жоолугун алып келишти. “Отурбаймын” деп таң атканча жоолукту мыкчып отурдум. Эртең менен араң көнүп, Азатка “мени театрга иштетем десең отурам, иштетпесең, кетем” деген талап койсом, аным “кетпейсиң да, иштебейсиң” деп жатпайбы. Акырында кесиптеш эжелер келип, Азаттан “үч күндөн кийин театрга жиберем” деген тил кат алышып, отургузуп кетишкен. Ошондо Азат 28де, мен 27 жашта элем. Үч күндөн кийин Азат мени үйдөн эч кимге көрсөтпөй чыгарып, театрга алып барды. Жеңил ойлуу кыздын ролун аткарар элем, мен сахнага чыгарым менен “Азаттын келинчеги ушул экен” деген сөз кетти зал ичине. Эртеси кайнагамдар угуп калышып, мени ал спектаклге жибербей коюшту.
“КЫЗЫМ АЗЫРЫНЧА ЖАЛГЫЗ”
– Турмушка чыккандан кийин деле ырчылык, акртисалык жаатында бир топ ийгиликтер жаралды. 93-жылы Алмаз Сарлыкбеков агайдын жардамы менен Жаш көрүүчүлөр театрына (ТЮЗ) которулуп, Фрунзеге келдик. Ал кезде мен кош бойлуу элем. Негизи, батирлеп көчкөн жокпуз, бекер жатаканалардан жолдуу элек. Кызым Акбермет төрөлгөн кезде деле Алмаз агайга эркелеп, ишим болгондо гана театрга барбасам, күн сайын ишке баруу жагынан бошотулган элем. Кийин Алмаз агай иштен которулганда ал мүмкүнчүлүктөн ажырап, арызымды жазып театрдан чыгып кеттим.
96-жылы жолдошум ишсиз калып, ошондо абдан кыйналдык. Апамдын “сенин атыңды тикмечилик чыгарат” деген сөзү ошондо күчүнө кирип, тикмечилик өнөрүм менен күн көрө баштадык. Ошентип, турмуш, чыгармачылык деп жүрүп, дагы балалуу болуу планы артка жыла берди. Кийин мүмкүнчүлүк болгон убакта ден соолук жайында болбой калды. Азыр да ден соолукка олуттуу көңүл буруп, жакшылап дарыланышым керек. Бирок мен ооруканада жатып алсам, дүйнө токтоп калчудай сезиле берет. Ушундай көп себептерден улам кызым азырынча жалгыз. Кудайым буйруган болсо, аялзаты 50 жашында деле төрөп алат эмеспи.
“КОШ ӨНӨРДҮН ЭЭСИМИН”
– Кол өнөрчүлүк менен алгач аз-аздап гана алектенип келгем. Бирок үйдө иштеген абдан ыңгайсыз. Үйгө конок келет, ага чай бересиң, сүйлөшүп отурасың дегендей. Кыйналып кеткенде ижарага имарат алып, тигүү цехин ачкам. Кудайга шүгүр, азыр ишибиз жүрүшүп жатат. Көбүнчө заманбап улуттук кийимдерди тигүү менен алекмин. Ырчы, бийчилердин көпчүлүгү сахна кийимдерин мага тиктирип кийишет. Апам айткандай эле ушул жаатта өз ордумду таба алдым.
Андан тышкары актрисалык билимди пайдаланып, “Айыл өкмөтү” тасмасында Розанын, “Боз салкында” Сагындын апасынын ролдорун жараттым. Ырчылык өнөрүмдү болсо алигиче аздап элге тартуулап келем.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg