Кыргызстанда митинг жана ачкачылык жарыялоо менен өз талабын ишке ашыруу адатка айланып бараткандай. Жакында эле өлкөнүн 6 колония жана 3 тергөө изоляторунда камалган 3 миңдей адам ачкачылык жарыялады. Алар азырынча эч кандай талап коюша элек.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Жолдошбек Бузурманкулов ачкачылык абактагыларга жолугушуу боюнча киргизилген чектөөдөн улам болгонун билдирди. “Мыйзам боюнча, камалгандар бир туугандары жана башка адамдар менен жолуга алышат. Буга чейин “башка адамдар” деген ат менен колонияларга сойкулар киргизилип келгени маалым болуп, ага чектөө коюлган”,- дейт Бузурманкулов. Жаңы чектөөлөр мына ошол “башка адамдарды” камтыганын айтып, түрмөлөрдөгү ачкачылык жарыялоолорду ушул иш менен байланыштырды.
Абактагы ачкачылык жарыялоолорду Келдибековдун спикерликтен кетишине каршылык акция катары баалагандар да болууда. 2011-жылы март айында да түрмөнүн начар абалына нааразычылык катары жазалануучулар ачкачылык жарыялашкан эле.