КӨЧӨЛӨР КИМДИН АТЫН АЛЫП ЖҮРӨТ?

(Башталышы өткөн сандарда)

Ж.АБДРАХМАНОВ
АТЫНДАГЫ КӨЧӨ

Ж.Абдрахманов (мурдагы Совет) атындагы көчө – Бишкектеги ири көчөлөрдүн бири. Ал шаардын борбордук бөлүгүнөн орун алып, түндүк башы Чоң Чүй каналынан башталып Баялинов, Күрөңкеев, Пролетарская, Мичурин, Жибек Жолу проспекти, Баетов, Жумабек, Фрунзе, Абдымомунов, Чүй, Киев, Токтогул, Москва, Чокморов, Бөкөнбаев көчөлөрүн кесип өтөт. Толстой көчөсүнөн тарта Байтик баатыр атындагы көчө болуп атын өзгөртөт.

КИМ БОЛГОН?
Жусуп Абдрахманов – саясий жана мамлекеттик ишмер, эл тарыхын объективдүү изилдөөчү. 1901-жылы 28-декабрда күңгөй Ак-Суу болушунун Чиркей кыштагында (азыркы Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында) төрөлгөн. 1911-1916-жылдары Сазанов айылындагы (азыркы Ананьево) үч жылдык жергиликтүү орус мектебинде, андан соң Каракол шаарында билим алат. 1916-жылкы үркүндө эл менен кошо Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген. 1924-жылы Кара кыргыз автономиялуу облусунун партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилет. 1926-жылы октябрда Кыргызстанга келип, облустук Аткаруу комитетинин төрагасынын 1-орун басары болуп дайындалат. 1927-1933-жылдары Кыргыз автономиялык облусунун төрагасынын 1-орун басары жана Орто Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кеңешинин президиумуна, кыргыз обкомуна мүчө болгон. 1933-жылы сентябрда жалган жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. Андан кийин Орусияда кызмат өтөп жүрөт. 1937-жылы 10-июнда жалган жалаа менен камакка алынып, 1938-жылы 5-ноябрда атууга кетип, 1958-жылы акталган. Ж.Абдрахмановдун ысымы Ысык-Көл районундагы айылдык кеңешке да ыйгарылган.

С.АЙНИ
АТЫНДАГЫ КӨЧӨ

Садриддин Айни атындагы көчө борборубуздун түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Анын чыгыш башы Токтоналиев көчөсүнөн башталып Худайбергенов, Табалдиев, Водопроводная, Тынчтык проспекти, Фурманов, Севастопольская, Руставели, Жунусалиев, Юдахин, Бакаев, Островский, Сухомлинов, Леваневский, Псковская көчөлөрү менен кесилишип өтүп, Поваринская көчөсүнө барып такалат. Ортодон бир аз үзүлүп, кайрадан Дагестан, Кривоносов көчөлөрү менен кесилишип, батышынан Осмонов көчөсү менен чектелет.

КИМ БОЛГОН?
Садриддин Айни (чыныгы аты-жөнү Садриддин Саид-Муродзода) – тажик акыны, коомдук ишмер жана окумуштуу. II даражадагы Сталин сыйлыгынын лауреаты.
Ал 1878-жылы 15 (27)-апрелде Сактари айылында (Өзбекстандын азыркы Бухара облусунун Гуждуван району) төрөлгөн. Бухарадагы медреседен билим алып, ал мезгилдин төбөлдөрү менен жакшы мамиледе болгон. Бухарага советтик бийликтин орношуна чоң салым кошкон. Садриддин Айни биринчи болуп «Тажик адабиятынын үлгүлөрү» аттуу тажик улутунун оозеки чыгармачылыгынын жыйнагын түзгөн. 1951-жылдан тарта Тажик ССРинин Илимдер академиясынын 1-президенти болуп шайланат. 1950-жылдан тартып СССР Жогорку Советинин 3-4-чакырылышынын депутаты болгон. С.Айни Самарканд мамлекеттик университетинин (ошол кезде академия) негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Ал айрым чыгармаларын өзбек тилинде да жазуу менен эки элдин адабиятына салымын кошо алган. «Одина», «Кулдар», «Эскерүүлөр» аттуу чыгармалардын автору. 3 Ленин орденинин жана Кызыл Туу орденинин ээси. Тажик ССРинин Эмгек сиңирген ишмери, Өзбек Илимдер академиясынын ардактуу академиги, Тажик Республикасынын Баатыры. Анын сүрөтү 5 сомониде (Тажикстандын улуттук валютасы) түшүрүлгөн. Садриддин Айни 1954-жылы 29-декабрда каза тапкан.

(Уландысы кийинки санда)

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 477, 23-29-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан