АРМЕНИЯ. Пир тутканы – Арарат, атагын ашырганы – коньяк

Арменияны кулагыбыз чалып калганда дароо эле Кавказ тоосундагы өлкөлөрдүн бири, Карабахтын айынан кыйылган өмүрлөр, таштан курулган имараттар, эстеликтер кинокадр болуп тартыла баштайт. Бирок Москва-Ереван аба каттамына түшкөндө биринчи иретте кара, коюу каштуу, бакыраң көздүү, анан, албетте, коңкойгон чоң мурундуулардын өлкөсүнө баратканымды сездим.

БИР УЛУТТУУ АРМЕНИЯ
Армения – Кавказдын түштүк бөлүгүн ээлеген мамлекет.
Азербайжан, Иран, Түркия, Грузия менен чектешет.
1988-жылы армян-азербайжан конфликти башталып, кийин ал Карабах согушуна айланган.
Валютасы – драм. 1 сом 8 драмдын тегерегиндеги акчага барабар.
Калкы – 3 миллионго чукул. Анын 98 пайызын армяндар түзөт.
Дини – христиан.
Маданий эстеликтерге бай болгону үчүн Арменияны “ачык асман алдындагы музей” деп коюшат. Баш-аягы 4 миң уникалдуу эстеликтери бар.

ШАШМА ЖАНА КЫЗУУ КАНДУУ АРМЯНДАР
Бишкек шаарынан Армениянын борбору – Ереванга түз аба каттамы жок болгондуктан, Москва аркылуу учууга туура келди. Москва-Ереван аба каттамынан элдин алды болуп орун алдым. Бакылдап сүйлөгөн армяндарды карап турсам, менин жаныма армян киши келип отуруп калды. Андан канча саат учарыбызды сурап кайрылдым.
– Бул орусиялыктардын аба компаниясы эмеспи. Эгерде өзүбүздүкү болгондо эки жарым саатта жеткирип коймок. Орустар ишине кылдат, жок дегенде үч саат учабыз.
– Армяндар шашма болот турбайбы анда?
– Кызуу кандуу десе жарашат. Бирок кавказ элинин ичинен армяндар кайда барбасын, дайыма кечигип жүрүшөт,- деп бири-бирине дал келбеген жооп узатты.
Сапардын узактыгы билинбесин деп, ат жалында кеп улай, ал мага Ереванды дүйнөдөгү эң кооз шаар деп мактады. Иллюминатордон Арменияга жакындаган сайын Кавказдын кырка тоолору биринин артынан бири ээрчиген кербенге окшошуп көрүнүп жатты.

ДАЛАЙЫН ҮЙСҮЗ КАЛТЫРГАН ПРОСПЕКТ
Ереванга да жетип келдик. Аба ырайы Бишкектен жылуу да, суук да эмес. Жердин кара бети чала көрүнгөн кар жатат. Кийин билдим, Ереванда кыйратып деле кар жаабайт экенин. Суук да катуу болбойт дешти. Алар “карды силер кошо ала келдиңер окшойт” деп тамашалашты.
Мейманканага жайгашпай эле күүгүм киргенине карабастан, Ереван шаарын кыдырууга ашыктык. Биз орун алган мейманкана “Марриотт Армения” деп аталып, ал борбор шаардын эң эле сыймыктанган аянтында жайгашыптыр. Республика аянты 1924-1958-жылдар аралыгында атактуу архитектор Александр Таманян тарабынан иштелип чыккан долбоор менен курулган. Аянттын так борборунда легендарлуу “ырдаган” фонтан орун алып, атырылган суу түркүн түскө чөмүлөт.
Түндүк тарабында акыркы он жылдын ичинде тургузулган Түндүк проспекти орун алат. Эки тарабында заманбап көп кабаттуу имараттар тизилип, ортоңку бөлүгүн жөө жүрүүчү жол ээлеген. Бүгүн бул имараттар укмуштуудай кооз көрүнгөнү менен, артында көпчүлүктүн ыйы-кайгысы, чатырсыз калгандардын тагдыры жатат. Түндүк проспектти куруу үчүн мындагы эски үйлөрдү бузушуп, анын кожоюндарын үйүн арзан саттырууга мажбурлашкан дешет. Кийин алардын көпчүлүгү үйсүз калышкан. Күүгүм кирип калгандыктан, Түндүк проспектинин караңгы үйлөрү кунарсыз көрүнүп жатты. Анткени 3 бөлмөлүү үй
1 миллион долларды чапчып, бул баа ар бир эле армяндын чөнтөгүнө чак келбейт.

АРАРАТТЫН АРМАНЫ
Ош Сулайман тоону кандай ыйык көрсө, Ереван Араратты ошондой эле пир тутат. Библия китебинде жазылган уламыш боюнча, Ной пайгамбар топон суу каптаардын алдында үй-бүлөсү менен кеме курат. Кийин кеме дал ушул Арарат тоосуна келип токтоп, кемедегилер жерге түшүшөт. Ыйык деп эсептелген тоону көрүү үчүн сапарыбыздын кийинки күнү Армениянын байыркы борбору – Арташат шаарында тургузулган Хор Вирап (армян тилинен “терең зындан” деп которулат) монастырына жөнөдүк.
Арменияга келген ар бир турист сөзсүз Араратты көрүп кетиши керек. Анткени бул тоо, азыркылардын тили менен айтканда, Армениянын “фишкасы” жана “бренди”. Бирок каалообуз канчалык күчтүү болбосун, Араратты коюу туман бекитип, бир саамга болсо да көрсөтүүгө жол бербеди.
Биздин замандын I кылымынын тегерегинде курулган монастырь жердин астындагы түрмөнүн үстүндө жайгашкан. Монастырга кирип, тепкич менен 6 метрдик тереңдиктеги бир кезде Ыйык Григорий 13 жыл камалган зынданга түштүк. Туш тарабы караңгы, абанын жетишсиздиги өкүм сүргөн зындан элестеткенимден чоңураак болуп чыкты. Кенен-кесири он бештей адам батчудай.

АРЕНИГЕ КЕЛБЕПСИЗ, ШАРАП ТҮРҮН ИЧПЕПСИЗ
Монастырдан чыгып, армяндардын көкүрөк кага сыймыктанган шарап жасалуучу айылына сапар алдык. Арени айылы кадимки кыргыз кыштактарынан жүзүм эгилген короолору менен айырмаланат. Жолду катар желим бөтөлкөлөргө куюлган шарапты, сары-кызыл алма салынган жашиктерди көрдүк. Бизди шарап жасалган жайга алып келишип, ал жерде атагы алыска кеткен армян шарабынын даамын татуу башталды. Башка жерде кандай экенин билбейм, бирок армяндар лавашка оролгон сырды астейдил тиштеп, артынан шарапты ичишет экен. Шараптын түрүнө көз жүгүртүп, алча жана шабдалыдан жасалганын 2 миң драмдан (350 сомго чукул) сатып алдым.
Баса, Армения бир гана шарап менен эмес, коньягы менен да таанымал. Ал “арбун” деп аталып, СССРдин кезинде эле армян коньягынын атагы дүйнөгө тараган.
Жер кезүүнүн соңку чекити Нораванк (армян тилинен “Жаңы монастырь” деп которулат) менен токтоду. Ал XIII кылымда армян князы Орбеляндын ак сарайы да болуп турган. Кызыл топурактуу тоонун боорунда орун алгандыгы Нораванктын ансыз да керемет кооздугуна көрк кошот. Монастырдык комплексте Армениянын ошол кездеги белгилүү диний кызматкерлеринин жана княздарынын сөөктөрү көмүлгөн.
Армениядагы курулган ар бир чиркөө, имарат же катардагы үйбү, кызгылтым чоң кыштан жасалганы даана байкалат. Ал армянча “туф” деп аталып, эң кеңири таралган курулуш материал экен.

ЧӨП-ЧАР, КУРГАТЫЛГАН ЖЕМИШТИН МЕКЕНИ
Армян ашканасы чөп-чар, жашылча, сүт азыктары жана этке басым жасагандыгы менен айырмаланат. Бизде конок келерде үстөлгө салат койсок, алардын үстөлүнө бир табак чөп-чар, экинчи табакка туздалган помидор, бадыраң, болгар калемпири, дагы бир табакка сыр коюлат. Армяндарды туурап лавашка чөп-чар, сырды ороп, армянча шаурма жасап жедик.
Айрыкча, ашкабактын ичинде жасалган палоо, кюфта (аябай жанчылып, кийин атайын ыкма менен сууда бышырылган эт), бастурма (ышталган эт), долма (жүзүм жалбырагына оролгон фарш), армян кебабы жакты.
Еревандын дүкөндөрүндөгү түрдүү кургатылган жемиштердин текчелери баш айлантат. Карасаң, ал жемиштердин баары бизде бар. Анан “неге минтип кургатпайбыз?” деген суроо да туулду. Жаңгактын түрү, кургатылган чөп-чар, алма, алмурут, шабдалы, коон, дарбыз, өрүктүн кактары... Таттуусу да, ачуусу да бар. Куржунду шарап, таттуу жана сувенирге толтуруп алып, “кайдасың, кең Ала-Тоо?” деп үйдү көздөй жөнөдүк.

BEELINE 7 ӨЛКӨНҮ БИРИКТИРДИ
Жогоруда айтылган кептин, саякаттын баарына “Sky Mobile” компаниясы (Beeline) бир жагынан бизге шылтоо болсо, экинчи жагынан көмөк берди. Аталган компания Ереван шаарында жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн семинар өткөрдү. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Армения жана Грузиянын журналисттери бат эле бири-бирибиз менен тил табышып, мекенибиздин актуалдуу маселелери тууралуу сүйлөштүк.
Семинарда аналитик Марина Коробкова КМШнын мамлекеттеринде уюлдук байланыш жөнүндө сандарга токтолсо, “Nomobile.ru” долбоорунун жетекчиси Николай Турубар гаджет-журналистиканын сырлары менен бөлүштү. Орусиянын “Ведомости” гезитинин кабарчысы Ксения Болецкая экономикалык журналистиканын күңгөй-тескейине токтолсо, мага өзгөчө таасир калтырган жазуучу-фантаст, сценарист жана блоггер Леонид Каганов интернет дүйнөсүн өзүнүн чыгармалары менен кантип багындырганын айтып берди.
“Sky Mobile” компаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча кызматынын башчысы Татьяна Шахин: “Социалдык багытка умтулган оператор катары биз өлкөдөгү журналистиканын өнүгүшүнө көңүл буруп келебиз. Бир канча жылдан бери кесипкөйлүгүн арттыруу, башка мамлекеттердин журналисттери менен тажрыйба алмашуу максатында кабарчылар үчүн чет жерде семинар өткөрөбүз”,- деп семинар тууралуу токтолуп өттү.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Asus84
2011-12-26 11:20:28
абдан жакшы болгон экен да аз да болсо Армения жонундо билип калдык
0
Juliana
2011-12-27 02:53:42
emnege alar musulman emes?
0
ulaAjidar
2011-12-28 00:08:16
Себеби мен билишимче,христиан динин биринчи кабыл алган Армения...
0
Leanor
2011-12-29 16:57:29
Эх,мен да баргым келип кетти.
0
№ 477, 23-29-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан