Рысбек ЖАБИРОВ: «КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАПАЙЫЛЫГЫН ТАРТКАНДА ГАНА ФЕСТИВАЛГА ИЛИНЕСИҢ»

– Рысбек байке, «Достор» фильми прокатка чыкты. Көрүүчүлөрдүн көз карашы кандай?
– Жакшы. Албетте, кемчиликтер жок эмес. Эч нерсе жасабай жүрүп, акыл үйрөтүп, сын айткан кишилерден айырмаланып, бир жакшы нерсе жаратканым үчүн кубанычтамын.
– Тасманын чыгымы өзүн актадыбы?
– Жалпы бюджети 27 000 доллар эле. Учурда кетирген чыгымымды толук актап бүттү.
– «Достор» фильми башка тасмалардай болуп сынчылардын каарына кабылдыбы? Эмнеге кинолоруңуз фестивалдарга катышпайт?
– Башкаларга караганда киносынчылардын каарына азыраак кабылдым окшойт. «Кайып булак», «Достор» фильмдери жөнүндө сын эмес, акыл-насаат уктум. Мен үчүн чыгармачыл адамдардын көз карашы маанилүү, алардын кеңешин угуп, туура чечим чыгарууга милдеттүүмүн. Белгилүү бир режиссёр «кемчилиги жок фильм болбойт, келечеги жок фильмдер бар» деп жакшы кеңешин айткан. Ошол сөздөн таасирленип, келечеги бар фильмдерди тартууга аракеттенип жүрөм. Мен тарткан тасмалар фестивалдарга жарабайт. Анткени техникалык талаптарга жооп бербейт. Экинчи жактан, мен кино тартсам мусулманчылыктын жакшы жактарын жайылтып салам. Бул көрүнүш батышка жакпайт. Негизи, кыргыздардын кемчонтойлугун, жапайылыгын, эски салттарын маскаралап тасма тартсаң, каалаган фестивалга илинесиң. Муну ошол фестивалдарга барып жүргөн агайлар өздөрү айтып жүрүшөт.
– Кыргыз киносунун өнүгүүсүнө көзүңүз жетеби?
– Ооба, кыргыз киносунун келечеги кең. Т.Океев, Б.Шамшиев, Д.Садыркулов сыяктуу агалар кыргыз киносунун шедеврлерин жаратышкан. Азыр Э.Абдыжапаров, Т.Бирназаров, Актан Арым Кубат, Нурбек Эген аттуу күчтүү кинорежиссёрлор бар. Келечекте кино тармагына жаш, күчтүү толкун келет. Ошолор кыргыз киносунун жаңы жүзүн ачат деген ойдомун.
– Экинчи тасмаңыздын атын «Достор» деп атадыңыз, өзүңүз достукка кандайсыз?
– Менин досторум көп. Ак үйдө, чаң үйдө, милицияда, криминалда, спортсмени да, спиртсмени да, бизнесмени да, жада калса абакта жаткан досторум бар. Алардын баары мен үчүн бирдей кымбат.
– Кино тармагына келгениңизге аз эле убакыт болду. Шоу-бизнестен такыр алыстадыңызбы?
– Шоу-бизнеске баш-отум менен киргениме 6 жыл болду. Шоу-бизнес баңги зат бизнесинен кийинки акчалуу тармак болуп саналат. Андыктан андан кетүү кыйын. Кыргыз шоу-бизнеси эми гана жандана баштады. Мен кино менен чектелүүнү каалабайм.
– Сөзүбүз шоу-бизнеске бурулуп калган соң андагы ызы-чуулар, продюсер-ырчы деген түшүнүктөр тууралуу да оюңузду билсек...
– Шоу-бизнесте ызы-чуу болсо, демек, ал жерде иш болуп жатат. Продюсер – бул устат. Устатты шакирт сыйлаш керек. Ал эми шакиртине бут тоскон устат, ал устат эмес. Чыныгы продюсер бар нерсени жок кылбайт, тескерисинче жоктон бар кылат. Чыныгы талант буркуп аккан булак сымал. Аны канчалык бууп тоспо, ал баары бир тосмодон тешик таап агып чыгат.
– Кыргызстанды 15 жылдан кийин кандай элестетесиз? Саясатка кызыгасызбы?
– Мен оптимистмин. Мындан 15 жыл мурун эл унга, майга жетпей кыйналган. Азыр Кудайга шүгүр, светтен башкасынын баары жетиштүү. 15 жылдан кийин мындан да сонун болот. Саясатка бир убакта аябай кызыгып кеткем. Бирөө «саясат сасык нерсе, бир булгансаң тазалана албайсың» деген эле. Учурда жашообуз саясатташып кетпедиби, каалабасаң да аралашасың.
– Маегибиз бардык жаатка урунду окшойт. Эми өзүңүз, үйбүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз?
– Өзүм Жалал-Абаддан жогору жайгашкан Октябрь айылынан болом. Балалык кезим жайлоодо өттү. Тогуз биртууганбыз. Апам беш кыздан кийин мени төрөгөн экен. “Сен бизди ажыраштырбай кармап калгансың” деп күлүп калышат. 200дөн ашуун классташым бар. Акыркы окуган мектебимде классыбыздагы балдардын 80 пайызы милициянын эсебинде турчу. Убагында бейбаштык кылып камалып да кала жаздаганбыз. Азыр ошол классташ балдарым үйбүлө күтүп, үлгүлүү адамдар болуп калышты. Өзүмдүн үйбүлөм жөнүндө айтсам, 17 жашымда өзгөндүк Элмира деген сулууга үйлөнгөм. Төрт балалуу болдум.
– Калк айтса калп айтпайт дейт. Бүлөлөрүңүз көп деп уктук.
– Жубайым экөөбүзгө тиешелүү сырлар экөөбүздүн ортобузда эле болгону жакшы. Азыр коомубузда бойдокторду мындай кой, бүлөлүү аял, эркектер да өтө бузулду. Шаардагы сауна менен менчик мейманканалар кезектен бошобой калды. Анан ойлойсуң, азыркыларга мындан башка иш калган эмеспи деп. Кыйшык баспаган эркек болбойт. Мен деле эркекмин да...
– Азыр эмне менен алексиз?
– Куудулдар менен бирге жаңы долбоор даярдап атабыз. «Депутат», «Достор-2» кинотасмаларынын үстүндө иштөөдөмүн. Февралга үч чоң концерт пландаштырып жатам. Бош маалда үйдө китеп жазам. Кээде “эмне үчүн күндү 24 сааттан көбүрөөк кылган эмес?” деп жиним келет.
– Өткөн жыл сиз үчүн жемиштүү болдубу?
– Ооба. Кино тарттым. Үй салдым. Кызым студент болду. Эки өкүл баламдын үстүнө дагы эки өкүл балалуу болдум. Ал эми 2009-жыл – менин мүчөл жылым. Бул жыл да жемиштүү болот деген ишеничтемин.

Бетти даярдаган Бегайым Мусакеева
E-mail:
press@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 325, 23-29-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан