КЕЛБЕТИҢИЗДЕ КЕМЧИЛИК БАРБЫ?

Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:
– Ха-ха-ха! Келбетим боюнча “я прелесть- пре-е-лесть!” деп айтар элем. Анткени ар бир адам өзүн сулуу деп эсептейт. Анын сыңарындай мен өзүмдү «сулуумун” деп так кесе эле айта алам. Мени башкаларга окшоштурбай өтө оригиналдуу “помпошка” кылып жаратып койгон Кудайга миң мертебе ыраазымын.

Кайрат Примбердиев, ырчы:
– Боюмдун кыскалыгын эсептебегенде келбетимде чоң кемчилик бар деп деле ойлобойм. Негизи, эл көп байкабаган бир кемчилигим бар. Аны дайыма жашырып жүрчү элем, силер сурап калгандан кийин айтып эле коёюнчу. Ал сол кулагыма караганда оң кулагымдын чоңдугу. Маңдайыман караган адамга дароо байкалат. Бирок, ал чоң кулагымды чачымды өстүрүп жаап жүрөм.

Анжелика, ырчы:
– Кыз болгондон кийин кичине кезден тарта эле күзгүгө каранат эмеспизби. Күзгүнүн маңдайында турганымда “бир аз толсом жакшы болот эле” деп ойлоп койчумун. Жаңы төрөгөндө кичине толуп калгансыгам. Учурда көп иштеп жатамбы, айтор, арыктап кеттим. Беш килограммга чейин салмак кошуп алсам жакшы болор эле.

Ильяз Абдыразаков, ырчы:
– Мени бекеринен көп кыздар жактырышат дейсизби. Ошондон эле өң-түсүмдүн кандай экенин байкасаңыз болот да. Өзүмө өзүм жагам. Болгону бир гана чачым жакпайт. Чачым кирпиникиндей тик өсөт, кайраттуу. Көчөгө чыгарда дайыма буйдалам. Гелдеп жатып араң жаткызам.

Асел Турдалиева, ырчы:
– Окурмандардын баары эле кошулса керек, менде өң десе өң, келбет десе келбет бар. Бирок, боюм 1 метр 52 сантиметр, чын эле кичине да. Эгер алтын балык кармап алсам, андан “боюмду жок дегенде 5 сантиметрге узартып берчи” деп суранмакмын.

Бахтияр Токторов, ырчы:
– М-мм... Эмнемди айтсам экен? Боюман тарта, тырмагыма чейин жакшы эле. Мурдумду болсо сөз кылбай эле коёюн. Анткени, дал ушул мурдум үчүн артыман далай кыздар чуркаган. А-аа, таптым, мурутум суюк. Бир жолу мурут коюп көрөйүн десем эле, себелеп койгон таруудай сербейип алты-жетөө чыкса болобу. Анысы аз келгенсип, бири сары, бири кара, бири күрөң түстө экен. Анан да жаш курак өтүп бараткандыктанбы, курсагым чандайып, толуп баратканым мени кыжаалат кылууда. Мурунку калыбыма келип арыктоо үчүн жанталашып спорт менен машыгууга аргасыз болуп жатам.

Бакыт Мамаев, ырчы:
– Менин келбетимде кемчилик деле болбосо керек. Эл катары Кудай берген эки көзүм, бир мурдум, бир оозум, отуз эки тишим бар. Негизи нукура эркек маймылдан бир аз гана сулуураак болушу керек. Боюм бир аз кодо, ага деле арданбайм. Дүйнөгө атагы чыккан Гитлер, Путин сыяктуу адамдардын бойлорунун кыскалыгын эстеп, кыска боюм менен тескерисинче сыймыктанам.

Назми, ырчы:
– Келбетиме ушунчалык деле нааразы эмесмин. Болгону кашым жакпайт. Өңү сары болгону аз келгенсип, эки кашымда ондон жыйырма эле тал бар. Калыңыраак болсо каалагандай форма берип терет элем да. Ии баса, жаштыгым өткөн сайын спорт менен машыкпасам деле булчуңдарым чыгып, далым кең болуп баратат. Эки далымды күзгүдөн көргөн сайын сөзсүз маанайым чөгөт.

Айгүл Чалова, ырчы:
– М-мм... азыр ойлонуп көрөйүнчү. Менимче, Кудай таалам баарын ойдогудай жасап келатып эле, ушул мурдума келгенде алаксып кеткен окшойт. “Мурдум эле бир аз кырдачыраак болгондо, келбетим мен ойлогондой идеалдуу болмок” деп кыялдана берем.

Айбек Карымов, ырчы:
– Мага чекемдин өтө алыстыгы жакпайт. Мунума көз жумсам өзүмдү “красавчикмин” деп эле эсептейм. И-ии баса, чачымдын агарып баратканы жинге тиймек түгүл жанымды кашайтат. Апамдын чачы отуз жашынан кийин агарып кетиптир. Бул нерсе тукум кууйт окшобойбу, менин чачым дагы ошо курактан кийин 70 пайызга агарып кетпедиби. Айла жок боёп жүрөм.

Назира Жетигенова, куудул:
– Ка-ап, дал ушул сурооңор аркылуу мен нааразы болуп жүргөн мүчө келбетимди билип ала турган болдуңар, ээ. Мейли эми сурап калгандан кийин айтайын. Мисалы, мурдум күлгөндө жайылып кетет. Кашым жок, кайра-кайра боёй бергенден тажап, татуаж кылдырып коём. Чачым да жакпайт. Өтө суюк. Анан да тал чыбыктай келбетимен тайып, былчыйып толуп баратам. Э-ээ-эй, болду эми, айта берсем, такыр эле “мыркушка” болуп кетем. Ха-ха-ха!

Даярдагандар Сүйүн Кулматова, Шарипа Бекташова
E-mail: star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 325, 23-29-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан