ӨНӨРҮҢ ТҮБӨЛҮК ЭСТЕ КАЛАТ, ЭСИЛ АГА!

Сыйлыктары:

  • Кыргыз ССРинин Эмгек сиңир­ген артисти (1975-жылы);
  • Кыргыз ССРинин Эл артисти (1977-жылы);
  • Даңк медалы (1997-жылы);
  • Эл аралык Алтын көпүрө сыйлыгынын лауреаты (1996-жылы);

Тартылган фильмдери:

  • “Караш-караш окуясы”;
  • “Акбаранын көз жашы”;
  • “Бакайдын жайыты”;
  • “Биринчи мугалим”;
  • “Отко таазим”;
  • “Улан”;
  • “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”;
  • “Балалыктын асманы”;
  • “Дерсу Узала”;
  • “Кырк биринчи ок”.

Эл душманынын баласы

Советбек ага 1932-жылы кыш күндөрүнүн биринде көл кылаасындагы Тепке деген айылда төрөлгөн. Маңдайы жарыла сүйүнгөн ата-эне замандын ыргагы менен атын Советбек коюшат. Ал кезде мал чарбасы көбүрөөк адам болсо эле эл душманы аталып, айдалып кете берген эмеспи. Советбек аганын атасы Жумадыл да репрессияга туш болуп, сүргүнгө айдалган.
Эки чиедей баласы менен апасы Бөдөнө көз жашын төгүп кала берет. Ал кезде эл душманынын баласын ар тараптан кысымга алуу күчөп турган эле. Ошентсе да дилгирлиги күч Советбек ага Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайына тапшырат.
Мугалимдик кесипке ээ болгонуна карабай тагдыры аны башка жолго салып, башка энчи арнаган окшобойбу... Борборго агылып келген жаштар менен «Ташкенттеги театралдык институтка өтөбүз» деп экзамен берип жаткан жигиттерге кошулуп, жөн эле кызыкчылык үчүн тапшырып коёт. Талантынын аркасы менен конкурстан өтүп кетет.

Чыгармачылык чыйыр

Советбек аганын таланты жараткандан берилген белек болсо керек. Ташкенттен келери менен Кыргыз драма театрына жумушка кирет. Кирери менен чоң ролдор бериле баштайт. Күчтүү актёрлук дарамети болбосо жаңы эле бүтүп келген жигитке чоң ролдор кайдан берилсин? Аз эле убакыт ичинде Советбек Жумадылов деген ысым театрдын сыймыгына айланат. Анткени катардагы ролдорду же оң каармандын ролун аткаруу өтө жеңил. Ал эми бир эле мезгилде көрүүчүнү күлдүрүп, ошол замат аны кайра ыйлата да алган татаал образдарды аткаруу Советбек агага гана таандык нерсе эле. “Роль аткарып жаткан учурда бар дүйнөнү унутуп, ролуна жан дили менен берилип кетчү” дешет. Репетиция убагында анчалык көңүлдөнүп аткарбай, ал эми камеранын алдында эки көзүнөн от жанып таанылгыс болуп өзгөрүп кетчү экен. Замандашы Жамал Сейдакматова ал тууралуу минтип эскерет: “Советбек эң жөнөкөйлөнтүп айтканда номур биринчи актёр болчу. Ал сахнага чыкканда, биз, артисттер өзүбүз келип карап калчубуз. Анан да үнүнүн дикциясы кайталангыс эле. Үнү жасалма, кооз болбой, нукура сезимге жуурулушуп, сонун угулчу”.
Чыгармачылыгында эң бийик деңгээлдеги ролу “Караш-караш окуясындагы» Жараспайдын ролу эле. Ушул фильмден кийин анын актёр катары аты чыгып, тасмаларга чакырыла баштайт. “Акбаранын көз жашы” фильминде Бостондун ролун да Советбек ойнойт деп эч ким күтпөгөн. Күлкүлүү кейипкерден олуттуу образга өткөн Советбек ага ролду алары менен өздөштүрүп кеткенин анын тасма тартуу аянтчасындагы кесиптештери таң калуу менен эскеришет.

Таланттын тагдыры

«Таланттуу адамдардын тагдыр жолу эки ача болот» деп бекеринен айтышпаса керек. Тагдырдын татаал жолунда аганы гүл жайнаган көктөм да , буюктурган ызгаар да, мээ кайнаткан аптаптуу чөл да күтүп турган экен...
Жашоосунун көктөм жазына туш келген биринчи жубайы Эркин менен Ташкентте окуп жүргөндө таанышат. Ошол жактан тил табышып алган жаштар окуусун бүтүп, Кыргызстанга келери менен кол кармашып, бир үйдөн түтүн булатып калышат. Катары менен Азат, Канат, Марат аттуу үч уулдуу болушат. Өзү менен чогуу иштеп, оорун колдон, жеңилин жерден алган Эркин эже кокусунан айыкпас ооруга чалдыгып калат. Албетте, чыгармачылык менен алек болгон адам үйгө көп көңүл бура албайт эмеспи. Анын үстүнө оорулуу аял менен жашоо да оор болсо керек. Ошондой күндөрдүн биринде Советбек ага бир кечеден өзүнөн он беш жашка кичүү татынакай кызды жолуктуруп калат. Махабат ышкысына кабылган Советбек ага жалындап күйүп берет. Аргасыз үйбүлөсүн таштап, бактысына жолуккан Сагын аттуу кызга үйлөнөт. Бул учурда биринчи жубайы дүйнөдөн кайтат. «Көрүстөндө көз жашын төгүп мурунку жубайын өз колу менен түбөлүк жайына узаткан» дешет көргөндөр. Бул дагы аганын бийик адамгерчилигинен кабар берсе керек.
Өзүнөн кичүү болгону менен дили жашташ Сагын эже Советбек агага өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон. «Кээ бир учурда киного тартылып жатканда съёмкага кошо барып, тамагын таптап даярдап турчу» дешет. Биринен-бири өткөн сүймөнчүктүү уул-кыздуу болушат. Бирок тагдырдын көлөкөдөй ээрчиген кырсыгы бактылуу үйбүлөнү кайрадан тооруп калды. Сагын эже рак оорусуна чалдыгып, 1997-жылы каза болот. Боз ингендей боздогон Советбек аганын башына жалгыздык түшөт. Түгөйүнөн ажыраганы аз келгенсип, ошол учурда искусство адамдарына иш дагы жок болуп калат. Бул Советбек ага үчүн экинчи сокку эле. Өмүр бою актёрлук менен алышып, башка дүйнөнү көрбөй келген адамга бул өткөөл мезгил өз таасирин тийгизбей койбоду. Же элге окшоп бирөөнүн шапкесин бирине кийгизип кызыл кулактык кыла албай, же баягыдай театрга келген адам жок, турмуштун шарына кошула албай өзүн-өзү жоготуп койгон экен кайран киши. “Эски Жигулим менен нан ташып, балдарымды багып жатам” деп айткан экен ошол кездери бир замандашына. «Мына ушул учурда колтугунан жөлөп, кайрат айткан эч ким болбой өзүнөн өзү жалгыздаган кайран талант «ак молдо”менен жакындашып кетиптир» деген да сөздөр айтылып келет.

Мүнөзү аткан таңга окшоп...

«Улуулук – бул жөнөкөйлүк» дешет. Советбек аганы жакындан билген адамдардын баары анын жөнөкөйлүгүн эскеришет. «Даңкы таш жарып турганда да кимдир бирөөгө өйдөдөн карап, текебер жылмайбаган адам эле» дешет. Дүйнө-мүлк чогултуу, акча жыйноо деген нерселерден алыс болгон экен. Атасынын мүнөзү тууралуу уулу Эдил минтип эскерет: “Атам көпчүлүк учурда үйдө болчу эмес. Атам сөз менен тарбиялачу эмес. Өзүнүн мүнөзү, кылык-жоругу менен бизге өрнөк болчу. Анан ушунчалык көп иштечү. Эртең менен туруп кеткен боюнча түнкү саат бир-экилерде өтө чарчап келчү.

Өлгөндөр баркталмайынча, тирүүлөр даңкталбайт

“Дүйнөгө түркүк болмок белем, мен дагы Ала-Арчадагы туугандарымдын катарына кошулам да бир күнү” деп досторунун арасында тамашалап айтып калчу Советбек ага 2003-жылы 24-мартта жашоо менен кош айтышып кете берди.
Андан бери алты жыл өтсө да Со­вет­бек аганын рух-мурасын изилдөөгө эч ким киришпеди. Ал тургай эстелиги да алты жылдан соң гана коюлду. Чындыгында Советбек Жумадыловдой чыныгы талант жүз жылда бир жаралат. Эң негизгиси, элиңиз сизди эч качан эстен чыгарбайт деп ишенебиз, Советбек ага!

СокеНи Доке эскерип...

«Атактуу “Махабат дастаны” фильмин тартып жатканда башкы ролго Советбек Жумадыловду жана Сайра Мырсалиеваны тандашкан экен. Бирок кийин келген Асел Эшимбековага Бегимайдын ролун ойнотобуз деп калышат. “10-класста окуган, кыргызча бир ооз сөз билбеген, өмүрү колуна комуз кармап көрбөгөн кызга кантип чоң ролду табыштап берет?”- деп баары чочушат. Бирок айтканынан кайтпай туруп алган режиссёрдун сөзү менен Советбек ага менен Асел Эшимбековны ойнотуп көрүшсө, таптакыр окшобой калат. Анткени жаш, тажрыйбасыз кыз залкар артист менен тең тайлашып ойной албай коёт. Ошондо Советбек ага “мага Абдилхандын ролун бер, Раймаалынын ролун Тууганбай ойносун” деген экен. Советбек укмуштай таланттуу болчу, “көзүң менен мобу кызды чечинт” десең, аны шумдук аткармак. Тууганбай акеде андай чеберчилик жок эле, Аселди бир укмуштай ашык болгон көз менен карата албай эптеп атып ошол сүйүүнү тартканбыз”- деп Дооронбек Садырбаевдин эскергени бар.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева
E-mail: Lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 325, 23-29-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан