КЫРГЫЗСТАН ЕВРОПАНЫН ТАШТАНДЫСЫНА АЙЛАНГАНБЫ?

Жаңы салык менен эски салыктын айырмасы

Машиналарды чек арадан өткөрүүдө кыймылдаткычынын кубаттуулугуна жараша төлөм алынат. Ал сантиметр/куб менен эсептелинет.

Машина чыгарылган жылдан баштап

Эски төлөм (доллар
менен)

Кыймылдаткычынын кубаттуулугу 3000 см/кубга чейин

Кыймылдаткычынын
кубаттуулугу
3000 см/кубдан жогору

1 жыл/2008

1,2

1,3

1,95

2 жыл/2007

1,1

1,2

1,8

3 жыл/2006

0,9

1,1

1,65

4 жыл/2005

0,8

1,0

1,5

5 жыл/2004

0,7

0,9

1,35

6 жыл/2003

0,6

0,8

1,2

7 жыл/2002

0.5

0,7

1.05

8 жыл/2001

0,4

0,6

0,9

9 жыл/2000

0,3

0,5

0,75

10 жыл/1999

0,2

0,4

0,6

11-12 жыл/1998-97

0,2

0,3

0,45

13 жыл жана андан

ашык/1996 жана андан мурункулар

0,2

1,5

2,25

Аскар уулу Мирлан, Мамлекеттик бажы комитетинин бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башчысынын орун басары:

“Эски машиналар экологияны булгоодо”

– Мирлан мырза, Кыргызстанга кирги­зилүүчү машиналарга бажы төлөмдөрүнүн кымбатташы боюнча жаңы токтом ишке кирдиби?
– 2008-жылдын 21-ноябрында машиналарды киргизүү боюнча өкмөттүн №132 токтому бекитилгенден кийин алып келинип жаткан машиналарга жаңы бажы төлөмдөрү жана салыктардын бирдиктүү ставкалары бекитилген. Бул токтомдо мындан 13 жыл мурун жасалган машиналарга, башкача айтканда,
1996-жылга чейинки жана жалпысынан эле бизге алынып келинүүчү автоунааларга жаңы бажы төлөмү каралган. Мисалы, 2008-жылы чыгарылган машиналардын кыймылдаткычынын кубаттуулугу жогору болуп, уулуу газдарды да абага көп бөлүп чыгарат. Ошондуктан буларга да бажы төлөмү бир аз кымбаттады. Ишкерлердин сураныч, нааразычылыктарынан улам өкмөт тарабынан токтомдун күчүнө кирүү мөөнөтү артка жылдырылып, 2009-жылдын 1-январынан баштап ишке кирди.
– Эски машиналарга бажы төлөмдөрүн жогорулатуунун себеби эмнеде?
– Биринчиден, мындай машиналарды биздин өлкөгө алып келүү экологиялык булганууну жогорулатты. Бишкек шаарында эле уулуу заттардын абадагы өлчөмү 40 пайыздан ашып кеткен. Экинчиден, сатып алуучулардын кызыкчылыгын коргоо. Мисалы, 4 миң долларга алган машинасын жок дегенде айына бир жолу 500 долларга чейин оңдотушат. Аларды эсептесек, жылына сатып алган баасынан да ашып кетип жатпайбы. Жөнөкөй тил менен түшүндүрүп кетейин. “Эски оокаттан экини алганча, жаңысынан бирди ал” деп коёт эмеспи. Бизге Европанын гана эмес, биздин стандартка да туура келбес, таштандыга ыргытылган машиналар келип жатат. Автооңдоочу жайлардын жаандан кийинки козу карындай көбөйүп жатканы да бекеринен эмес. Кээде жеке ишкерлер эки бүктөлүп же сууга чөккөн, өрттөнгөн, жарымы жок машиналарды алып өтүшөт. Эки күндөн кийин карасаң эле жаркырап базарда туруп калат. Азыр көбүнчө машиналар вагондор менен ташылат. Ичинде эч нерсеси жок машиналарды куру кылбай, таштандыга ыргытылган кийим-кечек, үй оокаттарын да толтура келишип, бул жерден сатышат. Себеби биз машинанын салмагы үчүн төлөм албайбыз. Болгону, кыймылдаткычынын кубаттуулугуна жараша алынат. Ушундан улам Кыргызстан Европанын таштандысын тазалаганы аз келгенсип, биз өз мекендештерибиздин өмүрүнө да коркунуч туудуруп жатабызбы деп ойлойсуң. МАИден алган маалыматтардын негизинде анализдесек, жол кырсыктарынын көбү эле техникалык себептерден улам болот экен. 2008-жылы 1046 жол кырсыгы катталган. Алардын арасында кадимкидей баратып эле өзүнөн өзү өрттөнүп кетип же тормозу кармабай калгандары бар.
– Жеке ишкерлерибизге кам көрүлбөй калган жокпу?
– Жаңы токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күндүн ичинде күчүнө кириш керек эле. Бирок жеке ишкерлердин: “Алып келе жаткан товарларыбыз орто жолдо калмак беле, бул жагын карап берсеңер”,- деген кайрылууларынан улам 1-январга чейин жылдырууну таразалап көрүп, өкмөт токтомдун мөөнөтүн узарткан. Ошентип жаңы жылдан баштап гана жаңы төлөмдөр күчүнө кирди. Ага карабай кээ бир ишкерлерибиз тобокелге салып же кимдир бирөөлөргө ишенип, мурдагыдай эле машиналарды алып келип жатышат.
– Машиналар көбүнчө кайсы өлкөлөр­дөн ташылат?
– Европанын туш тарабынан. Акыркы учурда Япония, Түштүк Корея, АКШдан да алынып келүүдө. Бул өлкөлөр биздин аркабыз менен бир чети таштандысынан кутулса, бир чети киреше да көрүп жатышат.
– Өлкөбүзгө эски машиналарды ташууга тыюу салынышына көзүңүз жетеби?
– Акырындык менен бул маселе да чечилерине ишенем.

“Бажыга жылына 3-4 миллион сом төл­өчүмүн”

Бул маселе тууралуу бизнесмендер эмне дешерин билмекчи болуп бул иштин кыныгын алган адамдарга кайрылдык. Андай иште бир топ жылдык тажрыйбасы бар Исаев Исламбек төмөнкүлөрдү айтып берди.

– Канча жылдан бери машина алып келип сатуу менен алектенесиз?
– Алты жылдан бери Прибалтикадан машина ташыйм. Эки-үч айда бир каттап, 15тен машина алып келем.
– Эгер жашыруун сыр болбосо, чет жерден кандай машинаны канчага алып, бул жактан канчага сатасыздар?
– Мерседес, Ауди, Фольксваген машиналарын темир жол каттамы менен ташыйм. Ал эми башка үлгүлөрдү жекече заказга карата алып келем. Бир вагонго 10 машина батат. Ага 8 миң доллар төлөйм. Машиналарды ар кандай баада алып, ар кандай баада сатабыз. Эми орто эсеп менен ар бир машинадан 500 доллардан жогору пайда көрөбүз. Азыр көбүбүздүн эле ишибиз токтоп турат. Биздин мамлекетке деле пайдабыз чоң эле болчу. Мына мен эле орто эсеп менен бир жылда 3-4 миллион сомду бажыга төкчүмүн. Мага окшогондор толтура эмеспи. Эми биздин иштин эртеңи эмне болорун билбейм.

– Эски машиналардын ордуна жаңы машиналарды алып келип иштөөгө болбойбу?
– Жаңы машиналардын баасы азырынча биздин элдин капчыгына туура келбейт.
– Эми бизнесиңизди токтотосузбу же жаңы төлөмдөрдү төлөп уланта бересизби?
– Жаңы төлөмдөргө макул эмесмин. Ушул үчүн ишимден да айрылып жатам.
Өкмөт баштаган бул иштин аягы Кыргызстандын кең келечеги үчүн чечилип, шаарыбыздын көчөлөрүндө жаңы машиналар каттап каларына ишенебиз.

Сандар сүйлөйт

1-январдан 19-январга чейин техникалык себептерден улам баш калаада 34 жол кырсыгы катталып, 36 адам жапа чегип, 2 адам каза болгон.
2008-жылы жалпысынан бир жыл ичинде 80 миңден ашык машина Кыргызстанга алынып келинген.

Даярдаган Бахияна Сатылганова
e-mail: koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 325, 23-29-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан