ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Ливия

ЭГЕМЕНДИКТИ БИРИНЧИ ЖОЛУ "МАЙЛАШТЫ"
Африка өлкөлөрүнүн ичинен алгачкы болуп эгемен­дүүлүккө жетишкен Ливия 42 жылдан бери биринчи жолу, 24-декабрда көз карандысыздык күнүн белгиледи. 42 жыл мурун 18 жыл катары менен белгиленип келип, Муаммар Каддафинин башкаруусу келген төңкөрүштөн соң бул майрамдын ордун төңкөрүш күнү ээлеген. Ошентип, 42 жыл унутта калган көз карандысыздык күнү ливиялык лидер Сирт шаарында өлтүрүлгөндөн кийин кайра белгиленди. Ливия жарандары мамлекеттин 60 жылдык эркиндигинин доорун сүрүшүүдө. Учурдагы убактылуу өкмөт жакында улуттук кеңештин түзүлөрүн жана жети-сегиз айда парламенттик шайлоо болорун билдирет.

Нигерия

РОЖДЕСТВО КҮНҮ БЕШ ЧИРКӨӨ ЖАРДЫРЫЛДЫ
Нигерияда бир күндүн ичинде беш чиркөөдө жардыруу болуп, 40 адам каза тапты. Терракт 25-декабрдагы Рождество күнүнө туш келип, адам көп келген борбор калаа Абужидеги чиркөөдөн старт алган. Каргашалуу окуянын башталышында эле бул чиркөөдө 35 адамдын өмүрү кыйылган. Көп өтпөй мындай жардыруу Жос жана Гадака шаарларындагы чиркөөлөрдө уланып, бир канча адам жаракат алып, полиция кызматкери өлгөн. Жардыруунун экөө өлкөнүн түндүгүндөгү Даматур шаарында ишке ашып, өзүн жардырган жан кечти эле набыт болгон. Бул жардырууну “Боко Харам” согушчандар тобу өз моюнуна алышты.

Беларус

ИТАЛИЯНЫН КОСТЮМДАРЫНАН БАШ ТАРТКАН ЛУКАШЕНКО
Өлкө президенти Александр Лукашенко каржылык каатчылыктан улам «кымбат баалуу коньяк ичпейм, Италиянын костюмдарын кийбейм» деп жар салды. Минскте журналисттер менен сүйлөшүп жатып, ата мекендик костюм кийгенин божурап, аны чечип, этикеткасынан өйдө көргөзүүгө да жетишти. Президент керек болсо жей турган тамак-ашына да чектөө кийириптир. Анын тамагын жалаң гана жергиликтүү жер-жемиштер түзүп, импортко «бойкот» жарыялаган. Казынанын акчасын үнөмдөө айласынан токойдогу резиденцияда жашап, коштоп жүргөн унаа санын да кескин кыскартыптыр.
Эске салсак, учурда Беларуста каатчылыктан улам базар баасы 120 пайызга көтөрүлүүсү күтүлүүдө.

Казакстан

АЙДАЛГАН НЕФТИЧИЛЕР КАЙРАДАН ЖУМУШТА
15 адамдын өлүмүнө кириптер болгон Жаңы-Өзөн (Жаңаөзен) шаарындагы кандуу окуя нефтичилердин митинги менен башталганы баарынын эсинде. Эми мындай каргашадан соң президент Нурсултан Назарбаев өзү жабыркагандар менен жүз көрүшүп, эки апта ичинде алардын иш менен камсыз кылынарын билдирди. Нефтичилердин тополоңунан улам Назарбаев мураскери делген Тимур Кулибаевди "Самрук Казына" фондунун башчылыгынан бошотту. Анткени окуяга тиешелүү “КазМунайГаз” АКсы бүт бойдон бул фонд тарабынан башкарылчу. Эртеси “КазМунайГаз” АКсына жаңы дайындалган башчы Алик Айдарбаев белди бекем бууп ишке киришти. Жаңы-Өзөн жана Ак-Тоо (Актау) шаарларында жумуштан айдалган миңге жакын нефтичилерге бир жылдын ичинде курулуп бүтө турган жаңы бургулоо компаниясында иштөөнү сунуштады. Маалымат үчүн: “КазМунайГаз” ачык коому мамлекеттик компания болуп эсептелип, анын курамына 41 ишкана кирет.

Орусия

БАШАР АСАД ОРУСИЯДАН БАШ ПААНЕК АЛАТ
Орусия Сириянын президенти Башар Асадга жана анын үй-бүлөсүнө баш паанек берерин билдирди. Ошол эле кезекте АКШ менен макулдашып, анын мураскерин да тандоого жетишти. Эң кызыктуусу, такты ээлей турган мураскер учурдагы вице-президент Фарук аш-Шараа бир апта мурун жашыруун Москвага келип кеткен. Мына ошондо Орусия тараптан убактылуу президент болуу сунушу киргизилгендиги эки өлкөнүн бир канча маалымат булактарында чагылдырылган. Убактылуу дегенинин себеби, ал бул орунду жакынкы парламенттик шайлоого дейре ээлемекчи. Эми эки державанын сунушу боюнча Башар Асад өз каалоосу менен бийликти мураскерине өткөрүп, эч тоскоолдуксуз өлкөдөн чыга алат.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
KG-Bishkek
2012-01-02 09:39:13
Ушу президенттер баш паанек берип койуп эле миллиондордун башын жеп атат. Пулун болсо кулунмун деген заман кучоду.
0
№ 478, 30-декабрь - 5-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан