ПОПУЛЯРДУУ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ТАСМАЛАР

Салт болуп калгандай эле, жыл жаңырар алдында бардык телеканалдар Жаңы жылдык берүүлөрдү, тасмаларды көрсөтө башташат. Биз да келаткан жылды утурлай баарыбыз сүйүп көргөн Жаңы жылдык тасмаларга саякатка чыгууну туура таптык...

«ҮЙДӨ ЖАЛГЫЗ»
“Үйдө жалгыз” аттуу фильмди көрбөгөн жан жок чыгар. Фильмдеги кичинекей Кевиндин жоруктарына таңданып да, суктанып да, ал үчүн кооптонуп да, экрандан көзүн албай көргөн жаш өспүрүмдөр үчүн бул фильмди жыл сайын көрүү – өзүнчө майрам. Аталган тасманын продюсерлеринин бири Жон Хьюз америкалыктарга Жаңы жыл алдында үй-бүлө менен чогуу отуруп көргөнгө ылайыктуу, өзгөчө, баарына позитив тартуулаган тасма жаратууну кыялданып келген. Бирок бул эмгегинин мындай бийиктикти багындырары үч уктаса түшүнө кирбептир. Анткени фильмге баш-аягы 18 миллион доллар гана сарпталып, сатыктан 476 миллион доллар чогултуп, азыркыга чейин рейтинги жагынан бул жанрдагы фильмдердин эч кимисин алдыга сала элек.
Режиссёр Жон Хьюз фильмдин сценарийи атайын Маколей Калкинге (Кевин) ылайыкталып жазылганын да танбайт. Тилекке каршы, Маколей үчүн бул фильм карьерасындагы эң ийгиликтүү алгачкы жана акыркы фильми болуп кала берген. Анткени 32 жаштагы Маколей азыркыга чейин карьерасында “Үйдө жалгыз” тасмасында жараткандай ийгиликти багындыра албай келет. Фильмде кээ бир эпизоддор гана Францияда тартылбаса, калганы АКШнын Иллинойс штатында тартылган.
P.S. Бул тасманын 4 бөлүгү бар. Маколей Калкин 1-2-бөлүктөрүнө, ал эми 3-бөлүгүнө Алекс Дэвид Линц, 4-бөлүгүнө Майк Уинберг тартылган.

«ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ»
Аруу махабатты даңазалаган “Чыныгы сүйүү” аттуу романтикалык фильм бүт мезгилде популярдуу.
Режиссёр Ричард Кёртистен эмнеге майда окуялардан куралган тасма тартканын сурашканда ал: “Бир романтикалык кино тартууга 3-4 жыл убара болосуң. Мен ойлогон идеяны экрандаштырыш үчүн ага бүт өмүрүм кетет болчу. Анан бир нече окуяны бир фильмге батырып көрсөмбү деп ойлоп, ушундай кадамга бардым”,- дейт.
Фильмдин сюжети бир учурда 9 окуяны камтып, эң эле кульминациялык саам – тасманын соңунда бардык каармандардын жолунун Рождество майрамында кесилишкенинде. Алар “бизди кармап жана курчап тургандардын баары сүйүү, ал эми сүйүүнүн баары чыныгы сүйүү болот” деп кайталагандан тажашпайт. Тасмадан улам сүйүү унутулгус, кол жеткис, өкүндүргөн, күтүлбөгөн, каалабаган, ыңгайсыз, сөз менен жеткире алгыс, теңсиз болорун түшүнөсүң. Чынында, тасмада сүйүү баарын башкарат.
Кол алдында иштеген кызматчысын сүйүп калган премьер-министрден баштап, жараланган жүрөгүн айыктыруу үчүн Францияга кетип калган жазуучуга чейин... Күйөөсүнөн күмөн санаган аялдан баштап, жоопсуз сүйүүгө кабылган бийкечке чейин... Сүйүү алардын ар биринин жашоосуна чоң бурулуш киргизет. Алардын Лондондо Рождество майрамынын алдында чогулганы, балким, кокустук эместир...

«ТАГДЫРДЫН ТАМАШАСЫ ЖЕ ЖЕҢИЛ ПАРЫҢЫЗ МЕНЕН!»
Ооба, бул тасмасыз КМШ аймагында эч бир Жаңы жыл өтпөйт. Режиссёр Рязановдун кайталангыс талантынан жаралган фильм кимге гана жакпасын? Адатта, баарыбыз тартуучу топтун артында канча эмгек жатарын, кандай кыйынчылыктарды басып өтөрүн билбейбиз.
1976-жылы жарыкка чыккан “Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!” тасмасына башында тыюу салынган. Фильмдин жанры – лирикалык комедия, бирок анда советтик идеологияны мазактаган курч сатирага да орун берилген.Тасманы чиновниктер “аракечтикти жарнамалаган ” деген шылтоо менен чыгарбоого аракеттенишкен. Буга ачууланган режиссёр “силер эмне, мончого барганда ичпейсиңерби?!” деп кекеткен.
Мончодо тартуунун алдында актёрлор чынында эле ичип алып, тартуу иштери кийинки күнгө жылдырылганы бар.
Баш каарман Женяны (Андрей Мягков) Надя (Барбара Брыльска) чыныгы жашоодо жактырчу эмес. Ошонун айынан кучакташкан эпизоддорду кежирленип араң аткарган.

«ЭС АЛУУ КҮНДӨРҮН АЛМАШУУ»
Баш каармандар Кейт Уинслет менен Кэмерон Диастын жүзүнөн улам “аа, көргөм бул фильмди” деп чыгарыңызга ынанып турам. Анткени тасма ушул эки айым жөнүндө.
Лондондо жашаган Айрис Симпкинс (Кейт Уинслет) жоопсуз сүйүүгө кабылып, мындай жагдайдан кантип арылуунун жолун издеп жүргөн кези эле. Ал эми океандын ары жагында, Түштүк Калифорнияда жашаган Аманда Вудс да (Кэмерон Диас) сүйүктүүсү көзүнө чөп салганын билип, катуу депрессияда болчу. Ортолорун миңдеген чакырым аралык бөлүп турган айымдарды эмне байланыштырып турат деп ойлойсуз? Албетте, жүрөктөгү жараат.
Кокусунан эки тагдырлаш айым интернеттен бири-бирин таап калып, сүйлөшүүлөрдүн негизинде алар Жаңы жыл алдында көйгөйлөрүнөн бир аз да болсо тыныгуу максатында эки жумага эс алуу үчүн үйлөрүн алмаштырууну чечишет. Айрис Аманда жашаган жылуу Калифорнияга келсе, ал эми Аманда аппак карга чулганган Лондонго көчүп келет. Ошентип, окшош маселеге кабылган эки айымдын жеке жашоолору жашаган жерин убактылуу өзгөртүү менен башка нукка бурулат.

«КАРНАВАЛДЫК ТҮН»
Атактуу режиссёр Эльдар Рязановдун алгачкы эмгеги, ырчы жана актриса, маркум Людмила Гурченконун биринчи башкы ролу болгон “Карнавалдык түн” музыкалык комедиясы 1956-жылы СССР боюнча сатыкта лидерликти эч кимге берген эмес. Аталган фильм жарыкка чыккан күндүн эртеси эле Гурченко атактуу болуп ойгонгон. Ал эми анын каарманы Лена Крылова бир саатта бардыгына үлгү болуп калат. Союздун кыздары фильмдеги Ленаныкындай көкүл кырктырып, белин ичкертип, жадакалса Крылова кийген капрон блузкалар модага айланат.
Кино сынчылар алгач фильмдин тартылып бүткөн версиясынын жарымын көрүп, “бул тасма ийгилик жарата албайт” деп баш чайкап коюшкан.
Фильмдеги баш каарман Огурцовдун ролундагы белгилүү актёр Игорь Ильинский тууралуу Рязанов: “Ильинский кинопробага келерин билгенде өзүмчө эле дүрбөлөңгө түшкөм. Ал бир жагынан жашы менин атам менен тең киши болсо, экинчи жагынан кичинемден ошол актёрдун жараткан ролдору менен чоңойгон элем. Ал келердин алдында белгилүү адам менен кантип сүйлөшөм деп чый-пыйым чыгып жатты”,- дейт.

Лунара Бекиева
kino@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
inspiron
2011-12-31 20:53:34
et to4no
0
bopos
2012-01-02 21:07:09
парыныз эмес,буунуз десенер хе-хе.
0
Chipolina
2012-01-05 00:12:20
bopos, hahaa tuura aitasyn
0
№ 478, 30-декабрь - 5-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан