Жыл тогошордо «жарк-журк» эткен пиротехникалык каражаттарды колдонуу бизде салтка айланган. Калктын тили менен айтканда, «салюттар» майрамдык шаңга шаң кошот. Бирок туура эмес колдонсо, кырсыктарга, ал тургай адамдардын майып болуусуна чейин жеткирет. Андыктан «салюттарды» туура колдонуу эрежелерин эсибизге түйүп алалы...
ПИРОТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТ
Бул – жарылууда пайда болгон учкундардын негизинде адамдарга өзгөчө маанай тартуулоочу каражат. Курамын күйүүчү жана жарылуучу заттар түзгөндүктөн, күйгүзүп, өрттөп, сындырып, кыскасы, кырсык жаратуучу күчкө ээ. Ошондуктан колдонууда бардык эрежелерди так сактоо керек.
ТҮРЛӨРҮ
Пиротехникалык каражаттар эки түргө: техникалык багытка жана өз алдынча колдонууга ылайыкталып жасалат.
1. Техникалык маанидеги пиротехникалык каражаттар бул – майрамдарда, концерттерде колдонулуучу түрү. Муну атайын окуудан жана даярдыктан өткөн колдонуучулар гана иштетүүгө тийиш. Себеби мындай фейерверктердин курамы чоң өлчөмдөгү жарылуучу заттардан турат.
2. Өз алдынча колдонууга ылайыкталган пиротехникалык каражаттар бул – жалпы эл колдонууга ылайыкталып даярдалган түрү. Демек, ар ким өз алдынча колдоно алат. Бирок кутунун сыртындагы көрсөтмөлөрдү так аткаруу керек.
НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕЛЕР
Пиротехникалык каражаттар жарылуучу заттардын катарына киргендиктен, аны туура эмес колдонуу адамдын денесинин күйүп калуу, электромагниттик нурдануудан жабыркоосу (нерв системдерине, жүрөк ооруларына, бойдон түшүп калуу ж.б) сыяктуу түрдүү кырсыктарга, ооруларга себепкер болот. Жарылуу учурунда кээ бирлеринин температурасы 3000 градустук ысыктыкка чейин жетет. Мындай күчкө ээ каражат 100 метр бийиктикке көтөрүлүп, радиусу 20 метрден жогору учкундары айланага чачырайт. Андыктан кырсыктарды алдын алуу үчүн төмөнкүлөр эсиңизде болсун:
ПИРОТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР КУБАТТУУЛУГУНА
ЖАРАША ТИПТЕРГЕ БӨЛҮНӨТ:
САТЫП АЛУУДА...
КОЛДОНУУ ЖАНА ЖАРДЫРУУ УЧУРУНДА...
КЫСКАЧА
Пиротехникалык каражаттын эң коозу – фейерверк. Бул немисчеден которгондо «фейер» – «от» жана «верк» – «иштөө» дегенди түшүндүрөт.
Фейерверк немис тилинде дүйнөгө жайылгандыктан, немистер ойлоп тапкан дешиңер мүмкүн. Бирок алгачкы фейерверкти 12-кылымда кытайлыктар ойлоп табышкан.
Салют менен фейерверк синоним катары айтылып жүрөт. Бирок бул туура эмес. Себеби салют аскердик улуу инсандарды эскерүү же мамлекеттик жогорку кызматтагы кызматкерлердин иш сапарындагы салтанаттарда артиллериялык же ок атуучу куралдан атылат.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg