АДАМЧА СҮЙЛӨГӨН ЖАНЫБАРЛАР БАР

Адам жер каймактагандан бери жаныбарлар менен тыгыз байланышта. Жаныбарларды колго да үйрөтүп, асырап багып, күнүмдүк турмушта пайдаланып келебиз. Мисалы, итке “кет!” деп буйрук берсек, куйругун шыйпаңдатып жөнөп калат. Ушул сыяктуу тоту куш, жылкы жана башка “жердештерибиз” да адамдын айткандарына реакция жасашат. Жаныбарлардын өздөрүнүн тили бар деп эсептейбиз. Ушул чынбы? Алар адамча сүйлөй алышабы? Анда эмесе, токойдон таланттарды издейбиз...

Алекстин Ирэнге айткан акыркы сөзү
“Жакшы жүр. Мен сени сүйөм!” болгон.

АДАМ – СҮЙЛӨЙ АЛГАН ЖАЛГЫЗ ЖАНЫБАР
Алгач сүйлөгөн жаныбарлар деп кандай жаныбарлар аталарын тактап алалы. Сүйлөгөн жаныбарлар бул – түрдүү белгилер менен (үн чыгаруу, жаңсоо, түрдүү мимикалар) пикир алышууга жөндөмдүү жаныбарлар. Жаныбарлар дүйнөсүндө адамдарга окшоп сүйлөй алган канаттуу жана айбанаттар да кездешет. Алардын арасында адамды туурап эмес, аң-сезимдүү түрдө сүйлөшкөн мисалдар жок эмес.
Негизи, илимде адам жаныбарлардын сүйлөй ала турган жалгыз түрү деп саналат. Сүйлөө үчүн жооп берген – экинчи сигналдык система деп аталган сүйлөө системасы бар. Бул система адамда гана өөрчүгөн. Көптөгөн канаттуулар, мисалы, тоту куш адамдын үнүн кайталоо жөндөмүнө ээ, бирок сүйлөй албайт деп саналат. Бирок муну Алекс деген тоту куш жокко чыгарат.

ЖАНЫБАРЛАРДЫН ӨЗ ТИЛИ БАР
Жаныбарлардын ички абалын билдирүүчү, өз ара маалымат алмашуучу тилдери бар. Алар бири-бири менен төмөнкүдөй тилдер менен, тактап айтсак, сигналдар менен сүйлөшүшөт.
Үндөр тили. Кантип үн чыгарганына жараша маанайын, каалоосун, ачуусу келип жатканын же сүйүүсүн билдире алышат.
Жаңсоо жана мимикалардын тили. Абалын жүзүндөгү эмоциясы, көз карашы аркылуу билдире алат. Мында куйруктары өзгөчө роль ойнойт. Мисалы, иттер кожоюнун көрсө же башка бир себептен улам кубанса, куйругу тикчиет эмеспи. Тескерисинче, кандайдыр бир күнөө жасаса, куйругун түйөт.
Жыттардын тили. Ит, мышык жана башка түрлөргө кирген жаныбарлар жыттар аркылуу олжолорун табышат, коркунучтан арылышат жана бири-бири тууралуу маалымат алмаша алышат.
Жалпысынан жаныбарлар көп сандаган түрдүү үндөрдү чыгара алышат. Алсак, тооктор 13 түрдүү үн чыгарса, бакалар 6, короздор 15, каргалар 120, чочколор 23, дельфиндер 32, түлкүлөр 36, маймылдар 40, жылкылар 100гө чейин түрдүү үн менен сүйлөшө алышат.

АНГЛИСЧЕ ТҮШ ЖОРУГАН ГОРИЛЛА ЖАНА ТОТУ КУШ
Окумуштуулардын жаныбарларга адамча сүйлөөнү үйрөтүү боюнча көптөгөн аракеттери таш капкан. Коко деген горилла менен Алекс деген тоту куштан тышкары.
Коко менен иш алып барган Франсис Паттерсондун айтымында, горилла американча жаңсоо тилинин 1000ден ашуун белгилерин өздөштүргөн жана англисче 200 миңден ашуун сөздү түшүнөт. 40 жаштагы ургаачы горилла тамашалайт жана сезимдерин билдире алат. Анын эң белгилүү тамашасы өзүн “жакшы чымчыкмын” деп уча ала турганын билдиргени жана аягында “тамашалап койдум” деп айтканы болгон. Бир жолу Майкл аттуу досу куурчагынын бутун үзүп салганда аны “сен акмаксың!” деген таризде сөгүп салган. Оозуна жүгөн салынган жылкыны көргөндө “байкуш жылкы” деп айтканы бар. Ваннага түшкөндү жаман көргөндүктөн, ваннанын сүрөтүн көрүп “мен ал жакта ыйлайм” деп моюнга алган. Бирок адистер “жогорудагы маалыматтар бир адамдын гана айтканы, илимде иш жүзүндө тастыкталган эмес” деп баса белгилешет.
Коко 1971-жылдын 4-июлунда Сан-Францискодо туулган. Өмүрүнүн көп бөлүгүн Калифорниядагы корукта өткөргөн. Учурда карылык башына түшкөн приматты Гаваи аралдарындагы “Карылар үйүнө” көчүрүү маселеси каралып жатат.
Алекс аттуу боз тоту куш атайын илимий изилдөө жүргүзүү максатында 1 жашында зоодүкөндөн сатып алынган. Ал 30 жыл бою психолог Ирэн Паппербергдин эксперименттеринин предмети болуп, Ирэнден көп нерсе үйрөнгөн. Буга чейин "тоту куштар адамдардын айткандарын кайталай гана алат" деген түшүнүк болсо, Алекс тоту куштар да ой жүгүртө аларын далилдей алган. Ирэн айым айткандай, Алекс интеллекти жагынан 5 жаштагы баланын деңгээлине жеткен. Словардык запасы 150 англис сөзүн түзгөн эң акылдуу тоту куш 31 жашында жүрөгү токтоп калып мезгилсиз дүйнөдөн өткөн (африкалык боз тоту куштар орто эсеп менен 50 жыл өмүр сүрүшөт).

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aminali
2011-12-30 21:44:07
Кызыктуу экен аябай)))).
0
kaiurka
2011-12-31 13:29:47
соонун го
0
gulistan
2012-01-02 20:41:29
Кызыктуу экен
0
OMG
2012-01-03 04:36:29
Keremet!
0
№ 478, 30-декабрь - 5-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан