АЙБЕК КАРЫМОВ: «1-классымда «Манас» эпосун окуп чыккам»

«Жут жылы, беденин экинчи чабыгында төрөлгөм»

– Менин төрөлгөн күнүмдү чоң атам ушинтип койчу. Себеби 1969-жыл жут жылдардан болуп, анан 29-июлда беденин экинчи чабыгы башталган кез экен. Миң-Кушта кечки саат ондон өткөндө төрөлүптүрмүн. Мен эне сүтүн жыргатып деле эмбептирмин. Чоң энемдин каймакка көөлөнгөн талканы менен чоңойгом. Анткени мени 6 айлык кезимде чоң атам менен чоң энем өздөрүнүн колуна алышып, балалыгым алар менен Токтогулдун Сары-Камыш деген айылында өттү. Балалыгымда эч кандай жамандык деле көргөн жокмун, эрке болуп чоңойдум.

«Элестеткиле, Бокбасар Карымов»

– Мен жаңы төрөлгөндө эле чоң атам «биринчи неберем, атын өзүм коём» деп чыгыптыр. Ага ата-энем да көп ойлонбой макул болушат. Чоң атам болсо элдин баарын чочутуп «аты Бокбасар болот» деген экен. Буга чычалаган ата-энем күбөлүгүмдү алууга келгенде Айбек деп жаздырып коюшуптур. Кийин деле чоң атам мени Бокбасар деп жүрүп, Айбек деген атыма араң көндү. Элестеткиле, азыр мени эл Бокбасар Карымов деген ырчы катары таанышса, ээ?!
Анан бир аз эс тартып калган кезде айыл арасындагы аксакалдар мага дагы бир ат коюшкан, «чоң атасынын көзү» деген. Себеби чоң атамдын көзү көрчү эмес да. «Ай, Айбек, баланчанын үйүнө барабыз»,- деп калса, аны жетелеп жөнөчүмүн.

«Аш-тойлордон калбаган эрке бала болчумун»

– Чоң атамды жетелеп жүрүп, кемпир-чалды дайыма ээрчигенге аябай көнүп алгам да. Алар кайда гана барбасын, кал дегендерин угуп да койбой, ыйлап жатып ээрчип алчумун. Анан эркелигим ушунчалык, үйдө кант түгөнүп калса таптакыр тамак ичпей, көмкөрөмдөн түшүп ыйлап жатып алчу экенмин. Энем байкуш кошуналардан сурап келип мага чай берчү тура. Наристе кезимде аябай жоош, үнүм чыкпаган бала болгонум менен, бир аз эс тартып калган кезде аябай эрке, анан да ыйлаак болуптурмун.

«биринчи класска декабрда баргам»

– Ал убакта бала жетиге толор жылы эле «быйыл балаңар мектепке барышы керек» деген билдирүүлөр келе баштачу эле. Ошентип, сентябрь болуп, сабакка барчу мезгил келгенде мени үйдөгүлөр жибербей коюшат. Класс жетекчим болуучу агай үйгө келсе, апам: «Сен бир жыл бою үйрөтө тургандарыңдын баарын Айбек билет. Кийин деле барса классташтарынан кем калбай окуп кетет»,- деп коюптур. Чын эле мен 6 жашымда «Алиппени» жатка билчү экенмин. Ошентип, сабакка декабрь айында баргам. Баса, сабакка барарда да апамдар мага портфель сатып бербестен, чийбаркыттан баштык тигип, ага эжеме сайма сайдырып, ийиниме илип жөнөтүп коюшуптур. Барсам эч кимде андай баштык жок экен. Эртеси:«Сумка сатып бербесеңер барбайм. Силер мага кыздардын баштыгын көтөртүп коюптурсуңар»,- деп чатак салып, эки күн дегенде портфель саттырып алгам. Ошондо деле кеч барганыма карабай класстын эң жакшы окуганы мен болгом. Ал тургай, 7 жашымда «Манас» эпосун окуп чыккам. Себеби көзү көрбөгөн чоң атам окуп берүүмдү суранчу. Мен окуп жатканда өзү кыйкырып коштоп отурар эле. Ошентип жүрүп кичи дастандарды да 1-классымда эле окуп коюптурмун.

«Тууганымдын башын таш менен жарып коюп…»

– 2-3- класстарымда болсо керек, бир тууганыбыздын баласы менен чүкө ойноп жатып ага утулуп калсам болобу! Ызаланып, чычалап отуруп муштумдай таш менен башып жарып салгам. Анан анын ата-энеси үйгө келип ызы-чуу салганы эсимде. Апам болсо мени жүктүн арасына бекитип койгон. Ошондон кийин бир жолу сабакка баратып жолдон бир рубль таап алып, чоң атам менен чоң энеме ыраазычылыгымды билдирүү максатында 35 тыйындык индия чайын алып келип бергем. Чоң атам алгач «чындап таап алдыңбы же уурдап алдыңбы?» деп тактап алып, анан алдына отургузуп алып мени алкаган болчу. Баса, алкады демекчи, бир күнү эртең менен сабакка барайын деп камынып жатсам, чоң атам мени чакырып алып эле мактап кирди. Көрсө, мен жөнүндө түш кө­рүптүр. Түшүндө менин маңдайымда жаркырап бир жылдыз турган экен. Ошондон кийин эле чоң атам «сен маң­дайыңа жылдыз тагынган милиция болосуң» дей берер эле.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева
E-mail: star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 325, 23-29-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан