26-декабрда Бишкекте КРнын Дене тарбия жана спорт агенттигинин версиясы боюнча 2011-жылдын мыкты спортчуларынын тизмеси жарыяланды. Салтанаттуу сыйлык тапшыруу кечесинде спорттун олимпиадалык түрү боюнча 15 спортчу сыйланды.
Алар: А.Эралиев (грек-рим күрөшү), Е.Ваккер (веложарыш), А.Жамгырчиева (бокс), А.Баатыралиев (бокс), Б.Курмангазиев (грек-рим күрөшү), Б.Токтогонов (дзюдо), М.Нурматова (кыздар күрөшү), И.Инокентьев, А.Усупов (экөө тең эркин күрөш), М.Рамонов (грек-рим күрөшү), С.Качурин, Е.Наумкин, М.Иванов (баары фехтование), А.Назаралиев, А.Анарбай уулу (экөө тең бокс), И.Дорофеев, И.Альгин, А.Пароль, М.Бондарь (кайыкта калак менен жарышуу), В.Данилов (сууда сүзүү).