Жыл жаңырар алдында, 27-декабрда Бишкекте бильярд боюнча Өлкө чемпиондугу аяктады. Өлкөнүн түрдүү аймактарынан келген 64 кий чеберинин башын бириктирген мелдеш 3 күнгө созулду. Кара калчылдаштын жыйынтыгында Зайлан Адамов финалда Каныбек Сагынбаевди жеңип, Өлкө чемпиону болду. Зайлан финалда атактуу атаандашын 6:2 эсебинде утуп, 4 жолку Дүйнө чемпионуна эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок.
Айта кетсек, Өлкө чемпиондугун 5-ирет багындырган Зайландын машыктыруучусу болуп бир тууган агасы Ильяз Адамов саналат. Ал эми кыз-келиндер арасында Ким Лариса жеңүүчү аталса, ардагерлерден Карим Камаловго эч ким тең келген жок.