21-декабрда Индиянын Пуна шаарында бел боо күрөшү боюнча 20 мамлекеттен келген 200дөй спортчунун катышуусундагы Дүйнө чемпиондугу аяктады. Кубандырганы, мелдеште өлкөбүздүн жүзү болуп барган 5 спортчу бардык байгелүү орундарды кошкондо командалык эсепте 3-орунду ээлеп кайтышты. 7 медаль (4 күмүш, 3 коло) уткан жердештерибизден өзгөчө эрдикти 60 килограмм салмакта Давран Ильяхунов жасап, өз наамына 2 коло, 2 күмүш медаль жаза алды. Андан тышкары Санжар Осмоналиев (60) 1 күмүш, 1 коло камсыздаса, Талант Жаманкулов (90)күмүш тагынды.
Айта кетчү нерсе, балбандарыбыз, салтка айлангандай, мелдешке кеткен чыгымды өз чөнтөктөрүнөн чыгарышканын билдиришти. Кыргыз спортчуларынын акчанын жоктугуна карабай кыргыздын туусун бийик желбиретип, намысты жогору кармап келаткандары кубандырат.