СПОРТ ААЛАМЫ-2011

Өтүп бараткан Коён жылында “жеңиштер коёндой быжырайт” деген божомол жокко чыгып, чоң жеңиштер аз болду. “Лондон-2012” Олимпиадасы эшик кагып турса да, кыргыз спорту бир гана жолдомого ээ. Төмөндө кыргыз жана дүйнө спортундагы маанилүү окуяларга сереп салдык.

ДҮЙНӨ

Өтүп кеткен жылда дүйнөлүк спорт оор жоготуулар, жеңилүүлөр жана карьерасын аяктагандар менен көңүл бурдурду окшойт.

ЖЫЛДЫН КААРМАНДАРЫ
Сербиялык теннисчи Новак Жокович жыл ичинде Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдештин үчүндө жеңишке жетишип, тарыхта мындай ийгиликти багынткан 6 теннисчинин бири болуп калды. Ошону менен катар эркектер арасында №1-теннисчиге айланды.
Германиялык автожарышчы Себастьян Феттель буга чейин Формула-1 боюнча эң жаш чемпион болсо, быйыл "Эң жаш 2 жолку чемпион" деген рекорд жаратты.

АЧЫЛЫШТАР
Бул жаатта азиялыктарды баса көргөзүүгө болот. Кытай кызы На Ли теннис боюнча Франциянын Ачык биринчилиги “Ролан Гарросту” утуп, Чоң шлем түркүмүндөгү 4 мелдештин бирин уткан алгачкы азиялык болуп калды.
Ошондой эле футбол боюнча кыздар арасында япон кыздары да Дүйнө чемпиондугун утуп, Азияга алгачкы кубок алып келишти.

КАРЬЕРАСЫН АЯКТАГАНДАР
Бул жылы бразилиялык футболчу Роналдо баштаган голландиялык Эдвин ван дер Сар, Пол Скоулз, Клод Макелеле жана голландиялык машыктыруучу Гус Хиддинк футбол менен коштошушса, британиялык мушкер Дэвид Хэй жана америкалык баскетболчу Шакил О`Нил эс алууга кетишти.
Ал эми жылдын кайтып келүүсү деп орусиялык муз үстүндөгү бийчи Евгений Плющенкону айтсак болот. Ал "Сочи-2014" Олимпиадасына баруу үчүн муз үстүнө кайтып келип, жакында эле Орусиянын чемпиондугун утту.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
Жеңилүүлөр. Жыл Акыркы император аталган Фёдор Емельяненконун 2 жолку жеңилүүсү менен эсте калды. Алгач бразилиялык Антонио Силвага жеңилген Федяны кийинкисинде Дэнни Хендерсон алып түштү. Анын катары менен 2 жеңилүүсүнөн кийин Жефф Монсонду жеңгени күйөрмандарга анча деле маанай тартуулаган жок.
Ажырашуулар. Жаздын келиши менен бүр байлаган сезимдер жылдын экинчи жарымында соолуп калды. Ажырашуу сериясын украиналык мушкер Владимир Кличко менен америкалык актриса Хайден Панеттьери баштаса, испаниялык футболчу Херард Пике Шакира менен, ал эми британ автожарышчысы Льюис Хэмилтон ырчы Николь Шерзингер менен ажырашып кетти.
Жоготуулар. Мушкер Жо Фрейзер, футболчу Сократ дүйнө салышты. Орусиянын “Локомотив” хоккейдик клубу авиакырсыкка учурады. Бул тарыхтагы ири катастрофалардын бири болуп, 44 кишинин өмүрүн алып кетти.
Жеңиштер. Украиналык мушкер Владимир Кличко британиялык Дэвид Хэйден WBA версиясы боюнча чемпиондук курун тартып алып, IBF, WBO версиялары боюнча чемпион болуп калды. Агасы Виталий WBС версиясында чемпион болгондуктан, абсолюттук салмактагы 4 чемпиондук кур тең Кличколордун карамагына өттү.
Катарда өткөн футбол боюнча Азиянын 15-биринчилигин япониялыктар жеңип алышты. Бул алардын Азия чемпиондугундагы 4-жеңиши болуп калды.
Словакияда өткөн хоккей боюнча 75-Дүйнө биринчилигин Финляндия курама командасы илип кетти.

КЫРГЫЗСТАН

Биз үчүн жыл саналуу гана спорт түрлөрү боюнча түшүмдүү болсо, көпчүлүк тармактар эс алуу менен өткөрүп жибергендей туюлду.

ЖЫЛДЫН КААРМАНДАРЫ
Кикбокс жана эрежесиз эр уруш.
Жыл кикбокс чеберлери жана эрежесиз эр урушчулар үчүн жемиштүү болуп, эл аралык аренада алар көптөгөн жеңиштерге жетишишти. Алексей Федосеев кикбокс боюнча Евразиянын чемпиону, Континенттер аралык биринчиликтин жеңүүчүсү болсо, Кылычбек Саркарбаев эрежесиз эр уруш боюнча Евразиянын чемпиону жана профессионалдар арасында Дүйнө чемпиондугунун биринчи баскычынан өттү. Рашит Аманкулов кикбокс боюнча Дүйнө кубогу менен вале-тудо боюнча Азия чемпиондугун, Сталбек Дарканбаев кикбокс боюнча Дүйнө кубогун жана ушу-саньда боюнча Казакстандын Ачык биринчилигин утканын бул жааттагы ийгиликтерге кошсок болот.
Тай бокс. Валентина Шевченко Ташкентте өткөн Азия чемпиондугунда калыстардын калыссыздыгынан улам 2-орунду алып калса да, профессионалдык бокс боюнча Латын Америкасынын чемпиону аталды. Ушул жерден спортчу кыздарыбыздын ийгиликтери тууралуу айта кетсек, жыл ичинде ийгилик балбандар Мехринисо Нурматова менен Яна Пановага жылмайды. Мехринисо Түркияда өткөн Голден Гран-Приде күмүш (февраль) жана Азия оюндарында коло (Ташкент, май) медаль тагынса, Янанын эсебинде Дүйнө чемпиондугунун колосу бар.
Жеңил атлетика. “Лондон-2012” Олимпиадасына азырынча биринчи жана жалгыз жолдомону марафончу Юлия Архипова камсыздады. Ушул жалгыз жолдомо менен кийинки жылга үмүт толгон кадам шилтеп кирип келдик.
Хоккей. Кышкы Азия оюндарында хоккейчилерибиз да өлкө желегин желбирете алышты. Алар кез келген 8 атаандашын тең жеңип чыгышты. Кызыгы, хоккей боюнча улуттук курама командабыз Азиянын Биринчи Лигасында ойногондуктан, жеңиштер өлкөгө медаль алып келе алган жок. Жыйынтыгында бардык байгелүү орундарды эсептегенде жалпы эсепте 7-орунду ээледик.

АЧЫЛЫШТАР
Жылдын ачылыштары катары балбан Арсен Эралиевди, бильярдчы Ызат Раатбековду жана сууда сүзүүчү Султан Букеевди айтсак болот. Арсен чоңдор арасында эл аралык аренада мыктылыгын далилдеп, грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугун (Ташкент, май) жана Польша Гран-Присин багынтты. Ызат 15 жашта экенине карабай Бишкектин чемпиондугун жеңип, Өлкө биринчилигинде 2-орунду ээлеп калды. Ал эми 14 жашар Султан сууда сүзүү боюнча өспүрүмдөр арасында Азия биринчилигин уткан (Индонезия, ноябрь) алгачкы кыргыз болуп калды.

ЖЕҢИЛҮҮЛӨР
Кыргыз футболунун абалына кейип, "ушундан көрө футболсуз жашаганыбыз оң" дегендердин саны артты. Бул курама команданын жыл ичинде 4 беттешинин биринде да жеңиш бетин көрбөгөнү менен байланыштуу. Ошол себептүү ФИФА тарабынан жарыяланган рейтингде Кыргызстан 192-орунду ээледи.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
Жоготуулар.
Оор атлетика боюнча Азиянын чемпиону Митал Шарипов жана өлкөдө грек-рим күрөшүнүн калыптанышына зор салым кошкон машыктыруучулардын бири Владимир Боголепов мезгилсиз дүйнө салышты.
Жеңиштер. Футбол боюнча мааракелик 20-Чемпиондукта бишкектик “Дордой” "Нефтичиден" чемпиондук тактыны кайтарып алды. Ал эми "нефтичилер" АФКнын президентинин кубогунда тайпалык баскычта кулап, ийгиликсиз кайтып келишти.
Коштошуу. Кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев бажы тармагы боюнча жумушка орношуп, расмий түрдө спорттук карьерасына чекит койду.
Кадр алмашуу. Март айында Мамлекеттик спорт жана дене тарбия агенттигинин директорлук кызматына Умбеталы Кыдыралиев дайындалды. Ага чейин бул кызматты Алмазбек Касенов ээлеп келген эле.
Сыйлыктар. "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2011-жылдын мыкты спортчусу" деп табылган бильярдчы Каныбек Сагынбаев Чыңгыз Айтматов атындагы Жаштар сыйлыгынын да лауреаты болду.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 478, 30-декабрь - 5-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан