Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты: «АХМАТ ДОСУМ БАЙЛЫК, БИЙЛИККЕ АЗГЫРЫЛЫП КЕТТИ»

Түз байланыш

Жаш министр Алиясбек Алымкулов, эки революциянын “бульдозери” Азимбек Бекназаров, ити чөп жеген ишкер, учурда премьер Өмүрбек Бабанов... Түз байланыштагы келме кезек жыл бүтүп баратканда Камчыбек мырзага туш болду. Бул ирет баарлашуу өзгөчө бир атмосфера менен коштолуп, достун сатып кетүүсү, жеңиш жана жеңилүү ызасы айтылып, соңу эч ким күтпөгөн көзгө тегеренген жаштар менен аяктады.

Айжамал, Жалал-Абад:
– Өтүнүч менен чыгып жатам. 2-класста окуган уулум сиздин чоң күйөрманыңыз. Аяз атага “Ташиев мага куртка алып берсин” деп кат жазыптыр. Куртканы өзүм деле алып берем, бирок сиздин сүрөтүңүз же эмблемабы, кол тамгабы, жөнөтүп жибере аласызбы? Баламды кубантайын дедим эле.
– Албетте. Уулуңузга “Ата Журттун” жана менин эмблемаларымды берип жиберем. Аяз атадан сураган белегин да тартуулайын. Телефон номериңизди жазып алдым.

Ысымын атагысы келбеген жигит, Кочкор-Ата:
– Президенттик жарыштан кандай сабак алдыңыз?
– Быйылкы жыл көп нерселерге көзүмдү ачып, сабак алчу учурлар бир топ болду. Бир жыл ичинде кыргыз жерин төрт жолу кыдырыпмын. Былтыркы парламенттик шайлоого чейин, үгүт учурунда, кийин президенттик жарышка аттанарда, дагы бир ирет шайлоонун үгүт кампаниясы маалына туш келдим. Мага окшоп жыл ичинде эле төрт ирет шаар, район, айыл-кыштактардан бери кыдырып чыккандар дээрлик жок. Бул жагынан алганда, мени уникалдуу саясатчы десе да болот.
Бир жыл ичинде эки чоң шайлоого катыштым. Мен үчүн бул жыл өмүрүмдөгү эң натыйжалуу, сабак берүүчү, бошко кетпеген жыл болду.

Нурулло, Бишкек:
– Июнь окуясына тиешеси бар адамдар жоопко тартылабы?
– Июнь окуясына күнөөсү барларды эки топко бөлөм. Биринчиси – Кадыржан Батыров, Иномжан Абдурасулов, Жалаллидин Салахудинов, Карамат Абдуллаева сыяктуу сепаратисттик уюмдардын башчылары. Экинчиси – ошол кезде мамлекет башында тургандар. Эки топ тең жооп бербей, кылмышка кириптер гана адамдар сотко тартылбадыбы. Июнь окуясы боюнча күчүм жетпей жатат, бирок бул иштин акырына чыгам. Анын үстүнө элдин көксөөсү да суубайт.

Абдылдабек, Сокулук:
– Биздин районго спортзал куруп берсеңиз деп суранып чалып жатам.
– Өзүм кезинде спорт менен алектенгеним үчүн спорттук комплекстерге көп көңүл бурам. Былтыр Жалал-Абадда 31 миллион сомго спорттук комплекс курдук, мындай комплекс кыргыз жеринде башка жок. Жакында ал жерде машыгуулар башталат. Мамлекет жактан спортко маани берилбей жатат. Мисалы, Алмазбек Раимкулов барган Олимпиада оюндарынан бери азайып отуруп, Лондон Олимпиадасына бокс боюнча жолдомо ута албай калчудайбыз. Бул жакшы көрүнүш эмес. Өкмөт курсагын эле эмес, сырттагы кадыр-баркын да унутпашы керек.

Тааалайбек, Бишкек:
– Алмазбек Атамбаевдин командасына Аалы Карашев келди. Президент Молдомуса Конгантиев менен да тил табышып алыптыр. Бул туурабы?
– 7-апрелде аянтта кан төгүлүп жатканда ошол адамдар бийликте отурушкан. Анан ортодон бийликке келип калууга алардын моралдык укугу жок болчу. Октон каза тапкандардын каны сууй элек. Ал эмес, сот чечими да азырынча жок. Эмне, Атамбаевге Карашев менен Конгантиевден башка чуркачу адам табылбай калыптырбы? Жетекчилер мындай кадамдары менен туруксуздугун гана көрсөтүшүүдө.

Рахима, Ош:
– Өткөндө Роза Отунбаева президенттиктен кетерде Убактылуу өкмөттүн 14 адамына сыйлык таратты. Сизге окшогон отту кечип жүргөндөр эске алынбады. Ачуум келип, катуу туталандым. Сиз буга эмне дейсиз?
– Убактылуу өкмөт Июнь окуясында кырдаалды жөнгө салмак тургай токтотууга да аракет жасабады. Токтоткон адамдарга бир ооз рахмат да айтышкан жок. Соңунда сыйлык таратып, өздөрү ордендерди тагынып алышкандыгын туура эмес иш катары көрөм.

Адина, Бишкек:
– Атамбаев президент болду. Сиз аны туура иш алып барат деп эсептейсизби?
– Ал киши өзү Кудайды көп оозанат, андыктан туура иш алып барар деп күтөлү. Бирок “адам эмнени көп оозанса, ошону көп бузат” деген да кеп бар. Менин таң калганым, президент 1-декабрда бийликке келгенден бери анын эмне жумуш менен алек болуп жатканын эч ким билбейт. Кааласа ишке чыгып, кааласа чыкпай, көңүлүнө жараша түшкө маал келип, балким, кечке жетпей кетип жаткандыр. Атамбаевден демилге көрбөй жатам. Чынында, ушундай абалда жаңы келген президент мамлекетти түрө көтөрүп иш башташы керек болчу.

Гүлмира, Ысык-Көл:
– Жаман көрбөңүз, бирок партияңарга жалаң ичип-жеген аткаминерлерди чогултуп алгансыңар. Аларды башкаларга окшоп жаштарга алмаштырса болбойт беле? Жоомарт Сапарбаев, Данияр Тербишалиев сыяктуу.
– Муну мойнума алам. Шайлоонун алдында партиялык тизмени туура эмес түзгөн экенбиз. Анын кесепетин көрүп жатабыз. Мен жаңы жылдан тарта бир топ иштерди четке жылдырып, дал ушул партияны тазалоо боюнча жумуштарга киришейин деп турам. Мына көрөсүз, биздин партия болуп көрбөгөндөй өзгөрөт, жакында жаңылыктардан угасыз.

Надира, Жалал-Абад:
– Берген убадаларыңызды президенттик кызматка келбесеңиз деле аткарсаңыз болбойбу?
– Ар бир бийликтин өз деңгээлиндеги убадасы болот. Мен шайлоого катышып жатканда президент жасай ала турган убадаларды бергем. Бирок айткан сөзүмдү жерге калтырбай, кайсы бир күнү жүзөгө ашырууга аракет жасайм.


WWW.SUPER.KG САЙТЫБЫЗДЫН КОЛДОНУУЧУЛАРЫНАН БЕРИЛГЕН СУРООЛОР:

temu:
– Сиз азыркы абройдун кандайдыр бир деңгээлин Ош окуясында кошкон салымыңыз үчүн алгансыз. Бирок ошол күндөрү Жалал-Абад шаарында тынчтыкты орнотуу боюнча иш жүргүзгөндө курал-жаракты каяктан алгансыздар?
– Жалал-Абадда Июнь окуясында мен өзүм куралчан жүргөн эмесмин. Элдин арасында куралсыз эле аракеттерди жасап жүрдүм. Бирок эл бир күн кыйналды, эки күн кыйналды, кийин өздөрү куралды таап алышты. Жалал-Абадда аскердик бөлүк бар. Аны басып алышып, ошол курал-жарактарды алып жүрүштү.

andormeda:
– Кайрымдуулук иш-чараларын сиз шайлоо алдында эле өткөрөсүзбү же муктаж адамдарга кол сунууга пионерлерчесинен дайым даярсызбы?
– Кыйналып-кысталган адамдарга, жетим-жесирлерге дайыма эле жардам берип келем. Жакында жардамчыларым мен берген жардамды санап чыгышыптыр, баш-аягы 87 миллион сом экен. Миңдеген адамдардын фамилиялары бар. Бирок мындай иштерди алдын ала пландабай эле жасайм.

Likvidator:
– Ак калпакты жумушка кийгендей чет өлкөлөргө да кийип барасызбы?
– Сөзсүз түрдө ак калпак кийгенге аракет жасайм. "Мамлекет улуттардан турат" деп жаңылышат, андай эмес. Улут болгону үчүн мамлекет болот. Кыргыз болбосо, Кыргызстан да болбойт.

USSR:
– Кыз талашып мушташып көрдүңүз беле?
– Жеңеңерди мушташып жүрүп казактардан тартып алгам. Ошол учурда Орусияда окучумун.
– Муштум менен маселени чечип коюуга кандай карайсыз?
– Кол алдымдагы кызматкерлерди коркутуп-үркүткөнгө каршымын. Жетекчилик кызматтарда иштеп келдим, кызматкерлерге кол көтөргөн окуя болгон эмес. Бирок депутаттар башка маселе. Алар кол алдымдагы кызматкер эмес, тең атабыз. Ооба, мушташуулар да болду. Бирок ал кокустан болуп кеткен окуя. Мындай абал ар бир адамдын башына түшүшү ыктымал. Көчө-белде, сен каалабаган, сен баштабаган учурда деле мушташып кетүү мүмкүн.

ТҮЗ БАЙЛАНЫШ КЫЗУУ УЛАНЫП ЖАТТЫ.
АЛ АРАДА ӨЗҮБҮЗДҮН СУРООЛОРДУ ДА УЗАТЫП ЖАТТЫК.

– Сиз Ахматбек Келдибеков менен жакын дос экениңизди жашырбайсыз. Ал спикерликке келгенден кийин экөөңүздөрдүн мамилеңиздер салкындап кеткени байкалып жатты. Бийлик, "бийик кресло" эки достун арасын сууттубу?
– Бийликте болобу же жокпу, адам достук сапаттарын сактап калышы керек. Мына, Ахматбек Келдибеков спикер болду. Шайлоого барардын алдында мен, Ахмат, Садыр болуп сүйлөшүп отурганбыз. Ошондо Ахматка "тизмеде менин алдымда тур" десем, ал “жок, мага депутаттык эле жетиштүү. Анын үстүнө азыр эл сени көбүрөөк жактырат” деп тизмеде алдыда турууга макул болбой койгон.
Шайлоодон кийин коюлган талаптар өзгөрүп кетти. Ахмат менин эң жакын досум. Экөөбүз 30 жыл мурун Терешкова атындагы жатак-мектебинен таанышканбыз. Ал 15 жашта, мен 12-13 жаш кезде интернатта чогуу окуп, кээде бир бөлмө, бир керебетте уктаган күндөр болгон. Ахмат спикер болуп, биринчи жолу мамлекеттик жогорку кызматка дайындалды. Анан өзгөрүүлөр башталды. Мага президенттик шайлоого чыкканымда салкын мамиле жасап койду. Чынын айтайын, андан каршылык, бут тосуу көргөн жокмун, бирок колдоо да көрбөдүм. Ошол салкын мамиленин айынан көп ийгиликке жетише албадык. Ал Атамбаев менен тыгыз иштеп, ага “Ташиевге жардам бербейм” деп убадалашкан, аны аткарды.
Шайлоодон келгенден кийин мени фракция лидерлигинен алабыз деген идея чыкты. Моралдык, психологиялык, каржылык жактан да колдоого муктаж болуп турганда мага, чынында, чоң сокку болду. Кийин ойлоп көрсөм, бул Ахматтын идеясы болгон экен. Бир аптага жетпей ал идея жокко чыкты. Көпчүлүк депутаттардын уяты, ар-намысы чыдабады. Анан Ахмат туура эмес иш кылганын айтып, депутаттардын көзүнчө менден кечирим сурады. Андан көп өтпөй Ахматты спикерликтен кетирүү иши башталды. Мага келип айткандар да болду, "сени сатып кетти эле, эмне кыласың колдоп?" деп. Мен андай сүйлөшүүлөргө барбадым. Достуктун парзын аткарып, акырына чейин Ахматты колдоп турдум. Ал кишини сатпайм, чыккынчылык жасабайм дедим, кыйындыгымдан эмес, достук милдетимден улам.
Эгерде экөөбүз орун алмашып калсак, мен байлык жана бийликке азгырылбайт болчумун. Бирок Ахмат антпеди. Ошол эле адамдар кийин Ахматты ай талаага таштап кетишти. Акыры айтты, "мени сатып кетишти, алдандым" деп.
– Сизде өкмөт башчы болуу планы жокпу?
– Президенттикке чыгарда мен башкаларга окшоп муну оюн деп кабыл албадым. Мыйзам чегинде эл алдында президент болууга олуттуу аракет жасадым. Премьер болом десем сентябрь, октябрда эле болуп алмакмын. Лидерликтен алайын дешкенде да бир депутатты чакырып, "колдоп кой" дебедим. Анткени мен жалдырабайм.
– Бийлик тарабынан сизге кызматтар сунушталдыбы?
– Албетте, болду. Бирок менин шайлоочуларымдын алдында берген убадаларым бар. Ошолорду аткарышым керек. Андыктан мен сунушталган кызматтарды кабыл албай, биздин фракция оппозицияда калды.
– Кычыраган кышта улам жарык өчүрүлүп, элдин жүдөгөнүнө карабастан, Аскарбек Шадиев кайрадан Энергетика министри болуп дайындалды. Бул депутаттарда жарык өчүү деген көйгөй жоктугунун белгисиби?
– Парламент жогорку мамлекеттик орган болгондуктан, ал жерде жарык өчпөйт. Бирок мен эл катары Чоң-Арык айылында турам, ал жерде жарык тез-тез өчөт. Бакиевдин тушунда кышында жарыкты өчүрүү, баасын кымбаттатуу өңдүү калпыс иштер төңкөрүшкө алып келди. Андыктан азыркы бийликке тарых кайталанарын унутушпаса деп айтар элем.
Шадиевдин келишине коалицияга кирген фракциялар күнөөлүү. Мамлекетте катуу тартип болмоюнча турмуш эч качан оңолбойт.
– "Ата Журт" ажырабайт, чачырабайт" деп ишендирер элеңиз, бирок акыркы окуялар муну жокко чыгарды. Өзүнчө блок түзгөн “ата журтчу” депутаттарга кандай чаралар көрүлөт?
– Бул адамдар өмүрү бийликке каршы чыккан эмес, өздөрүнүн позициясы жок. Команда деп эле Шин, Коркмазов, Түлеев, Иманалиева дегендерди ала бериппиз.
Биринчи болуп силерге айтып жатам. Жаңы жыл кирип келери менен партияда "тазалоо" иштерин жүргүзөм. 4-мартта жергиликтүү шайлоолор башталат, биз ал шайлоолорго активдүү катышабыз. Партия мында утуп чыгышы керек. Балким, парламент да тарап кетиши ыктымал. Мен азыр оппозициялык маанайдагы, Жогорку Кеңеште отурбагандар менен да сүйлөшүү жүргүзүп жатам. Оппозициялык блок түзүп чыгам. Бул менин биринчи аракетим болот.
– Кичинекей чагыңызга кайрылалы. Жаңы жылдагы кечелерге кайсы бир жомоктун каарманына айланып баргансызбы?
– Экинчи же үчүнчү класста окучумун. Мектептеги балатыда мен бир каарманды аткармай болдум. Аябай катуу даярдандым. Каарманга ылайык костюм жана шляпа кийип барышым керек эле. Алдын ала апама да айткам. Ал киши “эртең, бүрсүгүнү” деп отуруп, балаты болчу күн келип калды, менде кийим жок, кийим алууга апамда акча жок.
Эртең дегенде түнү менен ойлонуп чыктым. Анткени биз карапайым турчубуз, ал форманы сатып алуу зарыл, ага болсо акча тартыш. Жөнөй турган маал келди, классташтарым үйгө келип алышкан “жүрү” деп. Менде болсо кийип барчу костюм менен шляпа жок. Калып калдым, балатыга барбай. Ошол ыза жүрөгүмдө биротоло калып кетиптир. Балдардын балатыга даярданганын көргөн сайын ошол окуя эсиме түшөт (көпчүлүк сүрдүү деп билген каарманыбыздын көздөрүнө жаш тегеренип кетти), эч бир бала ошондой ыза тартпаса экен дей берем.
– Өзүңүздүн балдарыңызчы?
– Мен жетишпеген үй-бүлөдө чоңойдум. Азыр балдарымды карап, алардын келечегинен коркуп кетем. Уулдарым мектепти бүтө элек болсо да, алдында машинасы, үстүндө эки кабаттуу үйлөрү бар. Алар тартыштыкты, жетишпестикти көрүшпөдү, келечеги кандай болот деп санааркайм. Ошондуктан аларды айылга жакын кармайм, акчаны каалашынча бербейм.
30-декабрда балдарым Орусиядан келишет. "Жаңы жылды айылда эмес, Бишкекте эле тосолучу" деп суранышканына макул болбой койдум. Жаңы жылды жыл сайын үй-бүлөбүз менен чогуу атамдын үйүндө тособуз.

Шаиста Шатманова, Эльвира Караева
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
К.Ташиев:"Досум Ахмат байлык, бийликке азгырылып кетти" (1-бөлүк)
К.Ташиев: "Досум Ахмат байлык, бийликке азгырылып кетти" (2-бөлүк)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (54)
SatyshKadamjai
2012-01-04 09:38:02
Ишиңизге ийгилик Камчыбек Кыдыршаевич. Кыргыз үчүн күйүп-жанып иштей бериңиз.
0
wrestling
2012-01-04 11:23:19
uwu akener maga jakpait voobwe jetken wumwuk eldi 4abiwtirip ozu dagy 4abiwip jaw baldardai bolup keregi jok munu bizge ketsin owingtongo
0
Nurgul_J
2012-01-06 08:49:52
wrestling,
А Сиз эмне учун болуп жатасыз? Биринчиден, Ташиев Оштон эмес, Жалал-Абад облусундагы бир айылдан. Экинчиден, Сиз билип-билбей айтып жаткан Оштон сырткары Баткен жана Жалал-Абад деген шаарлар да бар Кыргызстандын туштук жеринде. Сиз озунуз кай жерден болосуз? Бишкектен эмес экендигиниз айкын. Себеби маданияттуу борбордун анык тургуну мындай созду айтпайт болчу. Сиз оз денгээлинизди корсоттунуз :)
Ким кай жерде жашаса - оз эрки. Аны Сизден эч ким сурабайт!
0
dioro
2012-01-04 15:28:31
wrestling кошулам сага ,кечирип койгула туугандар баарын эле укмуш колдоп мактпа жазыпсынарда,ким эле бул киши мурун ?,ким аркылуу бийлике келгенин билесинерби? кимдин жанында журуп кимдин кишиси эле?бат эле унутуп каласынарда,партиясындагы депутатын баары ак жол партиясындагы кишилерге го ээ
0
Nurgul_J
2012-01-06 08:54:39
dioro,
Туура, партиясындагы адамдардын бардыгынын тен телегейи тегиз, ак адамдар эмес. Бирок, ал партияны жалгыз озу тузгон эмес да. Мисалы, Сиз оноктошунуз менен бир иш баштасаныз, экинчи тараптын да пикири менен макул болууга туура келет, себеби сиздер бир ишти баштап жатасыздар. Бийликти жалгыз оз колуна алып алганда гана, бардыгын козомолго алса болот. Ал - авторитардык режим, абсолюттук монархия турундо болуусу мумкун. Ал эми демократиялык тузулушто эки тарап бирдей добушка ээ болуша
0
Love_kg
2012-01-06 14:37:05
dioro, нуу правильно рассуждаешь..
0
sambo
2012-01-09 13:05:31
dioro, сен да кечирип кой Атамбаев кимдин учурунда премер мин болду эле муну уннуттунбу,Учурунда Бакс менен эле обушуп журбоду беле!Эсине жакшылап туйуп ал!
0
RIO
2012-01-11 19:15:42
sambo, сенин да эсиндее болсун,Атамбаев Бакс менен келише албай коюп опозицияга откон.
0
Gold_kg
2012-01-05 00:06:55
ишинизге ийгилик
0
HONDA
2012-01-05 18:49:52
Ташиев скоро призидентом станет вот увидете!кудай озу колдосун
0
Love_kg
2012-01-06 14:35:48
HONDA, Кудай ошондон сактасын.... президент болбойле койсун
0
historic
2012-01-06 09:19:59
Wrestling, Бишкек жалпыбыздын борборубуз. Ал сенин атандан калган мурас эмес. Ким кайда жашаарын озу билет. Созунузду байкап суйлонуз! Камчыбек Кыдыршаевичти эл колдойт! Ишинизге ийгилик!!!
0
bavariy
2012-01-06 12:08:50
Каяктагы А. Мадумаровду? Мадумаров прямой трансляциядан апрель окуяларында эмне деп айтты эле, шейт кеткен балдарды Ата_бейитке коюп, наам беребиз дегенде каршы чыгып, "АЛАР ЭМНЕ, АЛАР ДЕГЕН БОМЖ дод "деп антпей эле депутаттардын санын кыскартыш керек 50-60 депутат жетет алакандай Кыргызстанга, ар бир депутаттын 2-3 тон помощниги, замдары, водитель, секретарьлары бар анын баары акча да.
0
jhanibek
2012-01-10 16:17:46
bavariy, шейит кетсе алар акча учун чыгышкан. аларды оппозиция колдонгон.кыргыз менен кр атышса герой беришет орден. ошто олгон кыргыздарга эч нерсе жок башынарды иштетип анан жазгыла клавиатурада
0
MiranA
2012-01-06 14:42:22
Love_kg, 1) Жалаң баш тамгалар менен жазганыңыз үчүн, 2) Түндүк-түштүк деп бөлүп-жарыган билдирүү жазганңыз үчүн, бекер мончого барып, тазаланып келиңиз! 1 айга БАН!
0
roy
2012-01-06 17:26:50
Биздин кээ бир озбектер м-н колтукташкан баатырлардан 1000% кыйында кичине токтоо болсоле болот
0
amalia
2012-01-06 20:25:28
Men Jalabattan bolom lichno Jalabatta Tashievge el ishenet koldoit el uchun jardamyn ayabait ushundai prezident bolso butundoi Kyrgyz eline jakshy bolmok Atambaev mn salyshtyryp bolboit
0
amalia
2012-01-06 20:29:29
Maga Atambaev aitkan sozuno maani berbegendei sezile beret mumkun al kishinin adamdyk sapaty jakshy... birok prezident boluuga tatyktuu emes ele
0
ismail
2012-01-07 03:49:05
Жаш кезинен жакырчылыкты коргон, турмушка бышып, нандын кадырын билип чонойгон. Нукура кыргыз, тили эмес, дили менен, журогу менен. Дайыма созуно турган, мээнеткеч, эрктуу инсан. Жалал-Абадка мандай тер, таза мээнети менен белгилуу. Жалал-Абадка абдан чон жардам берген сон, албетте буткул Кыргызстанга жардам берет, эгерде президент болсо.
0
ismail
2012-01-07 03:52:34
Билимдуу, акылдуу, денгээли бийик адам. Жакында бышып жетилип, буйруса президент болот. Ташиев мырзага терен ишенем ! Албетте бул менен жекече оюм. Жаратканыбыз элибизге ыйман берген болсун.
0
bomba
2012-01-07 11:17:41
Азаматсыз, азаматсыз, азаматсыз....... Сизге окшогон мырзалар бар учун кыргыз эли умут кылып жашап келет да. Мамлекеттен жебеген адамдар эсептелуу эле. Ош жактан Мелис мырза да бар. Экоонуздордун окшоштук жактарыныздар ото коп экен карап корсом. Жебениз, эл учун иштениз. Эгер бийлик кийинки шайлоодо балит иштерге барбаса кезек сизге келип калды окшойт.
0
Sama81
2012-01-08 14:54:43
Негизи Камчыбек Ташиевге окшогон адам бийликке келсе кыргыздын аты чыгып зоболу которулот
0
RIO
2012-01-11 19:19:08
Sama81, Ташийиптей адамдар биликке келбешин кудайдан суранам!
0
Zarina.S.1998
2012-01-14 16:33:57
RIO, 100%кошулам!!
0
№ 478, 30-декабрь - 5-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан