АДАМ ӨЛТҮРҮҮ ҮЧҮН АТАЙЫН «ЖОРТУУЛГА» ЧЫГЫШКАН

Журналисттик кесибимде көп нерселерди көрдүм. “Кийинки кездери адамдын өмүрүн кыюу чымчыктын башын жулуп салуу менен эле барабар болуп калганбы?..” деген ой кетет. Эки бирдей таксисттин өмүрү кыйылып, эки жолкусунда тең алар киши өлтүрүүгө атайын даярданып чыгышканы таң каларлык.

КЕЛЕМ ДЕГЕН, БИРОК КЕЛБЕДИ
Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрынан 25ине караган түнү 31 жаштагы Алексей Лигай Аламүдүн айылындагы Елена Лигай аттуу эжесиникинен чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес. Ал Фольксваген-Гольф автоунаасы менен такси кызматында иштеп үй-бүлөсүн бакчу. Үч күндөн ашык дайынсыз болуп кеткенде инисинен кабатыр болгон Елена укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.
Изилдөөлөрдүн негизинде эки күндөн кийин Бишкек шаарынын Аска-Таш жаңы конушунан, тагыраак айтканда, Чоң Чүй каналынын жээгинен мамлекеттик номери жок Фольксваген-Гольф автоунаасы табылган. Бул автоунаа жоголуп кеткен Алексейге таандык эле. Анын эшиги ачык жана ичи кан боюнча калыптыр. Мындан сырткары магнитоласы да жок болуп чыккан. Арадан эки күн өтпөй ушул автоунаага тиешелүү номерлер табылган. Аталган кылмышты иликтөөгө Аламүдүн РИИБинин кызматкерлеринен сырткары облустук жана ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын из кубарлары да кошулган.

КИШИ ӨЛТҮРҮҮ КЕСИПКЕ АЙЛАНГАНБЫ?
Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Сталбек Сейитказиевдин айтымында, окуя төмөндөгүдөй болгон. 2011-жылдын 26-ноябрында Ясин, Нурбек жана Нияз аттуу үч жигит Төмөнкү Ала-Арча айылынан көчөдө бараткан бир кишини сабап, чөнтөгүндө болгон 100 сомун тоноп алышат. Ал акчага арак алып ичишет да, тоноо үчүн такси тосуп, таксистке Озёрное айылына жеткирүүнү айтышат.
Жолдо баратканда Нурбек “дааратканага барып алайын” деп машинаны токтоттурат. Ясин коюнуна салып жүргөн темири менен айдоочуну башка эки-үч жолу чабат. Алексей коргонуу үчүн жанындагы бычагын алып чыгып Нурбекти көздөй шилтеп калат. Нурбек бычакты кармап калганда Алексей бычакты тартып алып сыртка качып чыгат. Ошондо бычак Нурбектин колун кесип кетет. Артынан кууп жетишип дагы сабап, Нурбек беш-алты жолу бычак менен сайып өлтүрөт. Алексейди тинтип, жанында болгон 17 миң сом акчасын алып, жансыз денесин ошол жерге, каналдын боюндагы камыштардын арасына таштап, кайра Степное айылына келишет.
Ал жерден кан болгон жерлерин жууп-тазалашып, шаардагы “Хас-метро” кафесине келишет. Таң аткыча ичишип, автоунааны Аска-Таш жаңы конушуна таштап кетишкен. Алексейдин нике шакегин, телефонун жана автоунаадагы магнитоланы да чыгарып алышыптыр.
Атайын иликтөөнүн натыйжасында “бул кылмышка шектүү” делингендердин изине түшүшөт. Анын негизинде Нурбек Боронбаев жана Руслан Осмонов кармалган. Экөө тең 22 жашта, Степное айылынын тургундары. Нурбекти кармаган учурда анын колу бычактан алган жараатынан улам таңылып жүргөн. Ал кармалгандан кийин кылмышын мойнуна алып, өлүктү кай жерге таштаганын көрсөтүп бермекчи болот. Бардык жерлер камыштуу болгондуктан, кай жерге таштаганын жакшы билбей, Алексейдин денесин бир нече саат издешкен. Акыры издөө ийгиликтүү аяктап, бир канча ирет сайылган бычактан каза болгон Алексейдин денеси камыш жыш өскөн арыктын жанынан табылып отурат.
Нурбек тергөө учурунда төрт адам: Ясин, Нияз, Руслан болуп кылмышка барып жүрүшкөнүн айткан. Нурбек жана Руслан кармалганы менен, Ясин менен Нияз азырынча кармала элек. Алар Нурбек кармалгандан кийин качып кетишкен. Ал эми тергөө учурунда төрт жигиттен түзүлгөн банданын бир жыл мурун болгон ушуга окшош кылмышка тийиштиги бар экени да аныкталып отурат.

КЫЛМЫШТЫН ИЗИ МЕНЕН
Көрсө, бул жигиттердин биринчи “жортуулу” эмес экен. 2010-жылдын 31-октябрында Озёрное айылынын жанындагы каналдан Бишкек шаарынын 49 жаштагы тургуну Александр Ковалёвдун киши колдуу болуп өлгөн денеси табылган. Аны да бычак менен бир канча жолу сайып өлтүрүшкөн. Бул факт боюнча иш козголуп, кылмыштын бети ачыла элек болчу.
1961-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Александр Ковалёв тигүүчү машиналарды оңдоп иштечү. Ошол каргашалуу күнү өзүнүн Мазда үлгүсүндөгү автоунаасы менен жээнин Раздольное айылындагы үйүнө жеткирип коюп чыккан. Айыл четиндеги МАИ постунан өтө берерде кол көтөргөн эки жигитти көрүп, ала кетмекчи болот. Ал эми Ясин менен Нурбек атайын даярданып алып, Степное айылынан Раздольное айылына келип машина тосуп турушкан. Экөө оюнда эч нерсе жок Александрдан шаарга чейин ала кетүүсүн суранышканда Ковалёв 200 сомго жеткирип коюуга макул болгон.
Жолдо баратып Достук дачасына жетпей Нурбек жанагыдай эле сценарий менен “дааратканага барып алайын” деп машинаны токтоттурган. Айдоочу автоунааны токтоткондо артында отурган Ясин атайын алып алган таш менен башка беш-алты жолу чапкан. Жан талашып качып чыккан Александрдын артынан экөө кууп барып, эси ооп калганча дагы башына таш менен уруп, тепкилешкен. Эсин жоготкон Александрды автоунаанын жүк салгычына салып алып Степное айылына айдап жөнөшөт. Айылда бул экөөнү Нияз менен Руслан күтүп жатышкан.
Төрт баш кесер таксистти айыл жактагы каналга ыргытып жиберерде эсине келген Александр алардан “сураганыңарды берейин, мени өлтүрбөгүлө” деп суранат. Бирок жооп ордуна башына таш менен койгулашып, дем албай калганда денесин Ат-Башы каналына ыргытып жиберишет. Анын жанында болгон олжо 15 миң сом экен. Кайра Степное айылына автоунааны айдап келип ичин мизилдете жуушат да, Бишкек шаарына сапар алышат. Кайра эле көнүп калган “Хас-метро” деген эс алуучу жайга келишип, арам жол менен тапкан акчага таң аткыча арак ичип эс алышкан. Таң атканда Озёрное айылы тарапка барышат да, машинаны өрттөп жиберишип, талаа аркылуу үйлөрүнө кетип калышат.

“АТАЙЫН ДАЯРДАНЫП ЧЫГЫШКАН”
Аламүдүн РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Сталбек Сейитказиев төмөнкүлөргө токтолду:
– Алексей Лигайдын өлүмүнө шектелип Степное айылынын 22 жаштагы тургуну Нурбек Боронбаев кармалган. Ал Лигайды кантип өлтүргөндөрүн айтып, сөөгүн кай жерге таштагандарын көрсөтүп берди. Анын негизинде ушул эле айылдын 22 жаштагы тургуну Руслан Осмонов кармалып, 20 жаштагы Нияз Алиев жана топтун башчысы,
20 жаштагы Ясин Сардаров издөөдө. Маалыматтарга караганда, экөө Москва шаарына качып кетишиптир. Эки окуяда тең киши өлтүрүү үчүн атайын даярданып чыгышкан.
Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (алдын ала макулдашуу боюнча адамдар тобу тарабынан өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
tilekbek
2012-01-02 19:52:56
кандай кылса ошодой кылыш керек
аяоо жок
0
escape
2012-01-02 20:42:43
da akyrky ubakta uwundai okuyalardyn boluwu adam balasynyn aibanga ailanyp baratkany baikaluuda!!jaw jigitter kych bar andan koro iwtebeibi,sport menen mawykpaibylar?myndai mykaachy adamdarga olym jazasy!!!!
0
senchi
2012-01-03 03:51:08
эмне деген адам болду булар, жазасын Аллах беретго , бирок ага чейин канча адамдын журогун сыздатышат бул адам келбеттуу айбандар!!! качан темирдей тартип болот Кыргызстанда???????????
0
Zarina.S.1998
2012-01-03 11:57:01
туру сууктар олум аздык кылат бул окшогон адам кейпин кийген жырткычтар................
0
hasan2009
2012-01-03 13:49:05
Биздин кыргыздын чондоруна акча берсе кайра койо берет 100 киши олтурсонда эркиндикте журо бересин .балык башынан сасыган.бул акмактарды Алла жазалабаса биздин окмоттон умут жок.
0
Uygak
2012-01-03 15:42:52
Мындай мыкаачыларга олум жазасын бериш керек
0
OFK
2012-01-03 16:35:50


О лум жазасын бериш керек
0
Аида
2012-01-04 00:29:20
uri850724 кайсы тилде жазган эч тушунбой койдум.
0
Sportsmen
2012-01-05 14:12:35
туболук темир тордо калыш керек
0
asil-08
2012-01-05 22:18:07
кыйнап тырмагынын тубуно ийне сайып жана башка ушул сыяктуу кыйноолорду колдонуш керек мыкаачыларга
0
nolvan
2012-01-06 17:32:10
Аларды кул катары иштетиш керек. Жатып алып мамлекеттин акчасын жей береби
0
Kanat8174
2012-01-07 16:22:12
Атып салыш керек айбандарды.
0
kg_tab
2012-01-08 12:08:46
мындай айбандарга кыйноо менен олум жазасын бериш керек. жон эле атып салыш аздык кылат!
0
kyla
2012-01-09 08:30:37
кинолордон гана корчу элем мындай окуяларды.. аттин арман кайда баратабыз?!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
almasha
2012-01-25 17:11:07
Тан калыштуусу жалан орус улутундагыларды олтургон турбайбы.Эми жазасын темир тор артында ала беришсин.
0
№ 478, 30-декабрь - 5-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан