2011-ЖЫЛ. ЭМНЕ ТАПТЫК? ЭМНЕ ЖОГОТТУК?

2011-жыл окуяларга бай болду. Кээде “ой, шумдугуң кургур” деп жакабызды кармап, бир кубанып, бир кейип отуруп, жылдын кантип өткөнүн деле байкабай калгансыдык. Жыл аяктаар алдында кыргыз жергесиндеги жана дүйнөдөгү эң маанилүү окуяларды тизмелеп коюуну эп көрдүк.

КЫРГЫЗСТАНДА

Январь
Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен “2011-жыл – Курманжан датка жылы” деп жарыяланды.

Февраль
4-февралда Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги 40 депутаттын 39у колдоп беришти.

Март
Кыргызстан аба каттамы дагы бир линия менен толукталды. 6-мартта “Манас” аэропортунда Бишкек-Стамбул-Бишкек аба каттамы ишке кирди.

Апрель
1-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев менен Алтынбек Сулайманов мушташа кетишти. Ортого түшкөн арачылардан бери кызыл чеке болушуп, араң дегенде басылышты.
7-апрель. Каргашалуу Апрель окуясына бир жыл толду. Бул күнү ошол кандуу окуянын баатырлары, президент Роза Отунбаева баш болуп бир катар шаар тургундары Бишкектин көчөлөрүн аралай жүрүш жасашты. Аянтка келип куран окулуп, андан ары “Ата Бейит” мүрзөсүнө барып, көзү өткөндөр эскерилди.
14-апрель күнү Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен КРнын Башкы прокурору болуп дайындалды.
30-апрелде Кубада эс алып жүргөн жеринен белгилүү коомдук ишмер, “Замандаш” партиясынын лидери Мухтарбек Өмүракунов кырсыктап каза тапты. Ал күтүүсүз каптаган деңиз толкунунун курмандыгы болду.

Май
Көзү өткөндөн 2 жылдан соң белгилүү саясий ишмер, кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы, “Ак шумкар” өзгөчө төш белгиси менен сыйланды.

Июнь
Июнь айында кыргыз эли бир ка­тар мыкты инсандарын жоготту. 13-июнда КРнын гимнинин авторлорунун бири, композитор Насыр Давлесов көз жумса, 16-июнда Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков, ал эми 18-июнь күнү белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев кайрылгыс сапарга аттанышты.

Июль
14-июлда президенттин жарлыгы менен БШКнын башчысы Акылбек Сариев отставкага кетти.
Эгемендүүлүк майрамына карата жаңы эстеликке орун бошотуу үчүн Бишкектин борборунда турган Эркиндик эстелигин алып салуу иши башталды.

Август
Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев башкарган Тойота Ленд Крузер унаасы жолдо Ауди унаасын сүзүп, үч адам каза тапты.
30-август күнү Бишкекте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи болду. Иш-чарага кыргыз мамлекет жетекчилери жана Орусия президентинин аппарат жетекчиси Сергей Нарышкин катышты.
31-августта Кыргызстан эгемендүүлүк майрамын 20-жолу белгиледи. Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтында айкөл Манастын айкелин ачуу аземи болду. Ары тартып, бери тартып айкелдин үстүндөгү жабуусун түшүрө албай койгон өлкө жетекчилери муну жакшылыкка жорушту.

Сентябрь
Күтүүсүз оорунун кесепетинен 15-сентябрда белгилүү журналист, саясий ишмер Мелис Эшимканов каза тапты.
29-сентябрда Ак үйдүн алдына казино кызматкерлери митингге чыгышты. Алар казинолордун жабылышын туура эмес деп нааразы болушту. Эске салсак, ЖК казинолорду жабуу тууралуу мыйзам кабыл алган. Ал 2012-жылдын январынан баштап күчүнө кирет.

Октябрь
“Тумар” радиосунун кызматкери Жаныбек Айдаралиев Максат Эралиев аттуу адам тарабынан сабалып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Өзүнө келе албаган калыбында 4 аптадан кийин көз жумду.
30-октябрь – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү. Каттала келгенде талапкерлер 81ге чейин жетсе, шайлоо күнүнө жеткиче алардын 16сы гана калды. Жыйынтыгында 63 пайыз шайлоочулардын добушун алуу менен Алмазбек Атамбаев жеңишке жетишти.
31-октябрь же президенттик шайлоонун эртеси. Базар-Коргондо К.Ташиевдин шайлоочулары шайлоонун жыйынтыгына макул болушпай, Ош-Бишкек жолун тосушту. Ошто президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун тарапташтары шайлоонун таза өтпөгөнүн айтышып, нааразычылык митингине чыгышты.

Ноябрь
6-ноябрда Курман айт майрамы белгиленди. Жылдагыдай эле Бишкектеги эски аянтта Айт намазы окулуп, анда премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен Президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев эл менен кошо намазга жыгылышты.

Декабрь
1-декабрда Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Алмазбек Атамбаевдин ант берүү аземи болду.
Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары төрага Ахматбек Келдибековго 13 пункттан турган айыптарды айтып, ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгышты.
12-декабрь күнү кечинде төрага Ахматбек Келдибеков кызматынан кетүү боюнча арызын жазды. Ал ортодо “Ата Мекен” фракциясы койгон 13 фактынын 11ин депутаттык комиссия далилдеп берди.
21-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы шайланды. Парламенттин ичи ызы-чуу болуп отуруп, акыры депутаттардын 78 добушу менен КСДПдан Асылбек Жээнбеков төрага болуп шайланды.
23-декабрь күнү ЖКдагы кезексиз жыйында КРнын жаңы премьер-министри болуп Өмүрбек Бабанов дайындалды. Бабановго жана ал түзгөн министрлер курамына 113 депутат “макул” деген добуш беришти.


ДҮЙНӨДӨ

21-январда Белорусия президенти Александр Лукашенконун инаугурациясы өттү. Кайрадан ажо болуп шайланган ал ант берүү аземине кичүү уулу менен келди.

24-январь күнү Орусиянын “Домодедово” аэропортунда террордук жардыруу болуп, анда 35 адам көз жумду. Буга байланыштуу Москва мэри Сергей Собянин 26-январды аза күтүү күнү деп жарыялады.

Февраль айында башталган конфликт, күч алган жарандык согуш акыры келип Муаммар Каддафинин өлүмү менен аяктады. Такты үчүн канчалык күрөшпөсүн, Каддафи туруштук бере албады. 20-октябрь күнү көчөдөгү элдин курчоосунда калып, токмоктон жан берди.

11-февралда Египетти 20 жылга жакын башкарган Хосни Мубарак үч жумага созулган массалык каршы чыгуулардан кийин бийликтен кетти.

2011-жыл япон өлкөсү үчүн кырсыктуу окуянын элеси менен кала турган болду. 11-мартта башталган жер титирөө, артынан келген цунами 16 миңге жакын адамдын өмүрүн алып кетти. "Фукусима" АЭСи зыянга учурап, айлана-чөйрөгө радиация тарай баштады. Мындай гиганттык апаат Японияда акыркы жолу 1896-жылы катталган.

30-март күнү кечинде орусиялык белгилүү актриса Людмила Гурченко көз жумду.

Таиландды суу каптап, миңдеген адамдар үйсүз калышты.

3-апрелде Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өттү. Шайлоочулардын 95 пайызынын колдоосу менен Нурсултан Назарбаев кайрадан 5 жылга Казакстанды башкаруу укугун алды.
Бир жыл өтпөй, 16-декабрда Казакстанда нефтичилердин “чатагы” чыкты. Расмий маалымат боюнча, каза тапкандардын саны 15 адам болсо, ондогон имарат күлгө айланды. Шашылган казак президенти нааразычылыктардын алдын албады деген кыязда күйөө баласы Тимур Кулибаевди "Самрук Казына" фондунун жетекчилигинен алды жана 5-январга чейин окуя болгон Жаңы-Өзөн (Жаңаөзен) аймагына өзгөчө кырдаал киргизди.

5-октябрда атактуу "Apple" компаниясынын негиздөөчүсү, 56 жаштагы Стив Жобс каза болду.

11-октябрь күнү Украинанын экс-премьер-министри сот тарабынан 7 жылга эркинен ажыратылды. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылды.

17-декабрь күнү Түндүк Кореянын “кожоюну” Ким Чен Ир 69 жашында каза тапты.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
KG-Bishkek
2012-01-01 17:32:50
Супер инфо украина дебей беларуссия десенер. Ушинтип туура эмес маалыматтардан кийин эл да туура эмес тушунуп жатышат. Афтандил Добулбеков жазып жатканда бир аз этият болунузда же украина менен беларуссту билбейсизби уят эле!
0
info
2012-01-03 11:16:44
KG-Bishkek, рахмат, ката оңдолду.
0
gul2211
2012-01-02 23:01:18
Кыргыздар суу деп арак ичишсе да....АВГУСТА ыйык орозо айын унутупсунар. 29 кундо ай жанырып.30 эмес 29 кун орозо тутулду.Аба ырайы аябай ысык болду.Кудайым сабыр тилегендерге сабыр берип.копчулугу орозо тутушту.
0
EkaMika
2012-01-04 20:00:54
Bawkasun bilbeym Kyrgyzstan 2011-julu baarun jogottu.Jakwu bir kan4a sport4ularubuz dagu abroyubuzdu saktap kaluwtu.Sport4ular baarunarga rahmat.
0
№ 478, 30-декабрь - 5-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан