ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ДААМДАР

Жыл тогошордо саат жебеси 12ни какканча Коён жакшы көргөн даамдан сызып, андан кийин Балыктын тамагына басым жасаганыбыз туура. Эмесе, эки жандыктын жактырган азыктарынан даярдалган даамдардын рецепттерин сунуштайбыз.

«СЫЙЛУУ КОНОК» ЗАКУСКЕСИ

Керектелүүчү азыктар:
Балык – 1 килограмм
Болгар калемпири – 200 грамм
Сабиз, помидор, пияз – 100 граммдан
Лимон – 1 даана
Сарымсак – 3-4 тишче
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Татымына жараша туз жана кара мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчалардын баарын аарчып-тазалап, жууп, майда туурайбыз.
2. Анан кызытылган майга алгач пиязды, анан сабизди, калемпирди, помидорду, татымына жараша туз, кара мурч салып кууруп, муздаганча коё турабыз.
3. Бул учурда 3 аш кашык өсүмдүк майына жанчылган сарымсакты кошуп соус даярдап алабыз да, балыктын ичи-тышына сүртүп чыгабыз.
4. Анан муздаган туурамжы менен балыктын ичин толтуруп, 180 градуста ысытылган духовкада 35-40 мүнөт бышырабыз. Бышкан балыкты лимон менен кооздоп дасторконго койсок болот.

ФАРШТАЛГАН ӨРДӨК

Керектелүүчү азыктар:
Бүтүн өрдөк же тоок – 1 даана
Козу карын – 300 грамм
Картошка – 500 грамм
Пияз – 2 баш
Суу май, татымына жараша туз, кара мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач өрдөктү жууп-тазалап, ага майонез, майда тууралган сарымсак жана татымына жараша туз, кара мурч кошуп 8-10 саат маринаддайбыз.
Анан жашылчаларды жууп-тазалап, майда туурап, кызытылган майга пияз, козу карын жана картошканы чала кууруп, татымына жараша туз, кара мурч кошуп, туурамжы даярдайбыз.
2. Даярдалган туурамжы менен өрдөктүн ичин толтурабыз.
3. Өрдөктүн ичин тиш чукугучтар менен бекитебиз да, 180 градуста ысып турган духовкада 1,5-2 саат убакыт бышырабыз. Бышкан даамыбызды чоң табакка салып, четин куурулган картошка, помидор, сабиз салаты жана көк чөптөр менен кооздоп, дасторконго сунабыз.

“АЯЗ АТА” САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:
Картошка – 5 даана
Сабиз – 2 даана
Краб таякчалары – 100 грамм
Жумуртка – 4 даана
Сарымсак – 4 тишче
Кызыл калемпир – 2 даана
Майонез жана татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Сууга бышырылган картошканы сүргүчтөн өткөрүп, аны Аяз атанын баш кийиминин формасындай кылып тарелкага салабыз да, үстүнө майонезден сүйкөйбүз.
2. Андан соң майда тууралган краб таякчаларын салып, анын үстүнө да майонез сүйкөйбүз.
3. Анан сууга бышырылган жумуртканы сүргүчтөн өткөрүп себелейбиз.
4. Мунун үстүнө картошка, анан сабиз салынып, майонез сүйкөлөт.
5. Майда тууралган болгар калемпиринен баш кийимин, оозун, жумуртканын сарысынан Аяз атанын жүзүн, агынан сакалын, сабизден мурдун, зайтундан көздөрүн жасап коёбуз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Modeshanyi
2011-12-30 22:46:08
Балыктын жакшы коргон тамагы,курт соол жыланго. Ошолордун рецепи жок беле? (Тамаша).:–)))))))
0
anka_van
2011-12-31 00:14:07
conun eken
0
Lily
2012-01-02 18:58:56
Фаршталган ордок сонунго
0
saya4ka
2012-01-03 17:17:04
мммах! аппититти ачат го, рахмат соонун тактар экен, созсуз жасаш керек!
0
Tokochbek
2012-01-03 23:34:11
кана эй, салаттардын рецептери?
0
kuzdargan
2012-01-04 19:02:22
Соонун рецептер экен.
0
Cyldyzka
2012-01-05 17:47:56
krab tayakçaları kanday
0
tatakozy
2012-06-09 15:42:19
Cyldyzka, Крабовые палочки)))
0
Аида
2012-01-05 23:54:51
Фаршталган ордокту жасагым келип жатат,бирок духовка иштебейт да.
0
№ 478, 30-декабрь - 5-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан