Өң десе өңү, үн десе үнү бар Гүлжигит Калыков учурда “Евразия жылдызы” сынагында түрк тилдүү бир канча мамлекетте Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн кези. Сынак кандай деңгээлде өтүп жатканы, Гүлжигиттин жеңишке жетишүүгө канча пайыз “шансы” бар экени тууралуу алдын ала билгибиз келип, байланышка чыктык.
– Кандайсың, Гүлжигит, сынак кандай өтүп жатат?
– Абдан жакшы. Мындай чоң масштабдагы сынакка ырчылык жашоомдо биринчи жолу катышып жаткандыктан, абдан толкунданып жүрөм.
– Сынактын өзгөчө шарттарына токтолсоң...
– Сынакта ыр жандуу үн менен оркестрдин коштоосунда аткарылып, мунун баары 6 өлкөдө түз эфирден көрсөтүлүүдө. Ар бир өлкөгө барганда эки ырдан, биринчи чыгарма ошол өлкөнүн тилинде, экинчиси эне тилинде ырдалып жатат. Ишемби сайын өтүүчү отчёттук концерттен сырткары ар күнү ошол барган өлкөнүн маданияты, кооз жерлери менен таанышуудабыз. Кыскасы, баскан-турганыңдын баары телеканалдан көрсөтүлүп турат экен.
– Уюштуруучулардын тартиптерине көнүп калдыңбы?
– Тартип күчтүү. Эрте турабыз. Тамактануудан кийин дароо эле съёмка башталат. Барган өлкөнүн тилинде ырдоо кыйын болууда. Бир жуманын ичинде сөздөрүн жаттап, жандуу үн менен ырдоо бир топ эле татаал экен. Анан бул сынактын бир айырмасы, бардык нерсени өзүң жасашың кажет. Эч кандай жандап жүргөн адамың болбош керек.
– Канча мамлекет жана канча катышуучу бар?
– Бул сынакка Түркиядан Локман, Азербайжандан Жавидан, Түркмөнстандан Сохбет, Казакстандан Ардак, Кипрден Сойхан жана Кыргызстандан мен катышып жатабыз.
– Калыстар тобу жөнүндө айта кетсең...
– Калыстар тобу ар жерде ар башка, бирок бүт өлкөлөргө Түркиядан белгилүү ырчы Бурак Кут барып жатат. Мени калыстар тобу жакшы колдоп жатышат. Эми финалда кандай болорун биле албайм.
– Кайсы жерлерге бардыңар?
– Азыр биз Түркиядабыз, бул бешинчи өлкө. Баса, шарт боюнча, бир номерге экиден катышуучуну жайгаштырышты. Чүчү кулак тартканда мен Түркиядан келген Локман менен жашай турган болдум. “Эми кантип сүйлөшөм?..” деген ойго кабылдым. Башында кол жаңсап түшүндүрүшүп жатсак, азыр сөздөрүн түшүнүп калдым.
Казакстанда бир кызык окуя болду. Бизге бөлүнгөн Гүлнур аттуу казак кызы кыргыздарды такыр көрбөптүр. Мен кыргызча сүйлөсөм, “ай-ий, мен сени түсүнип жатырмын. Биздин айырмабыз жок го, сен казаксың го?..” деп күлдүрдү. Андан соң өзүмдүн жериме – Кыргызстанга сапар алдык. Конокторду жакшылап тосуп алуу менин милдетим болчу, ошого көп аракет кылдым. Менимче, баарына эле жакты. Дагы бир эсте калган жери, өзүмдүн жеримде кенен басам деп ойлогом. Бирок “тартип деген тартип” деп мейманканадан чыгарбай коюшса болобу. Бир күнгө суранып, ата-энеме жолугуп келдим.
Кыргызстандан кийинки сапарыбыз Түндүк Кипрдин Гирне шаарына болду. Кипрдик эркектер чачтарын узун кылып өстүрүшөт экен, чачы кыска эркектер аз. Ал жакта кыргыздар жок го десем, концертке мекендештер келип колдоп кетишти. Анан Азербайжандын Баку шаарына жөнөдүк. Ушул өлкөгө барганда ооруп калып, концертте ойдогудай ырдай албай калдым. Бир жеринде жөтөлүп да жибердим. Азыр биз Стамбулдабыз. Жаңы жылды Стамбулда тосот экенбиз, дайыма үй-бүлөм менен тосчу элем, быйыл өзгөчө болот окшойт.
– Демөөрчүлөр барбы?
– Каражатты уюштуруучулар мойнуна алган. Демөөрчүлөр жок. Көп нерсени продюсерим колго алды, мисалы, костюмдарды, күнүмдүк чыгымдарымды. Эң өкүнүчтүүсү, башка мамлекеттердин элчиликтеринен, консулдуктарынан келип өз катышуучуларын колдоп жатышат. Ишембидеги концертке келип желегин желбиретип колдоп, СМС-добуштарды берип турушат. Бизден эч ким жок. Ошого маанайым улам бузулуп жатат. Бул сынактын жыйынтыгы СМС-добуштар аркылуу чечилет.
– Барган жериңден эле сага ашык болгон кыздардын саны көп болуп жатыптыр...
– Ооба, күйөрман кыздар көбөйүүдө, бирок мен сынак менен эле алекмин. Кийин баарына жетишебиз. Кипрге барганда Сойхандын (Кипрдин атынан катышып жаткан ырчы) 16 жаштагы кызы мага ашык болуп калып, атасына эмес, мага добуш берип жатпайбы. Эми улам эле эстеп, мени көрсө эле колун кезеп калат. Сойхан ошол кызы менен телефон аркылуу сүйлөштүрүп турат.
– Күчтүү атаандаштар болуп жатабы?
– Баары эле күчтүү. Өздөрүнүн өлкөсүнүн мыктылары.
– Качан кайтасың?
– 14-январда финал болот. Андан соң бир аз эс алып, анан Бишкекке кайтам.
– Маегиңе рахмат. Ийгиликке жетишиңе тилектешпиз.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg