– Саламатсызбы, Өмүрбек мырза, жыл аяктап баратканда маектешип жатабыз. Узап бараткан жылдагы кайсы саясий окуяларды баса белгилейт элеңиз?
– Бул жыл саясий планда Кыргызстанда абдан маанилүү жылдардын бири болду. Быйыл президенттин шайланышы менен бир жарым жылдык өткөөл мезгил соңуна чыкты. Бир жарым жылда пландаштырган иш-чаралардын бир бөлүгүн, тилекке каршы, биз аткара албадык. Ага карабастан, өткөөл мезгил ийгиликтүү аяктады, Убактылуу өкмөт өз миссиясын так аткарды. Буга Түндүк Африкадагы, Жакынкы Чыгыштагы араб мамлекеттеринде болуп жаткан окуялар бизге толук негиз берет. Диктатуралык бийликти кулаткандары менен, келечеги бүдөмүк болуп, баштаган реформалары аксап, жарандык, диний, регионалдык, улут аралык кагылышуулар азыр да тынчыбай, миңдеген адамдар жабыркап турат. Дүйнөлүк эксперттердин баасы боюнча да Кыргызстандагы трансформация – өзгөрүү идеалдуу, бир гана Ош-Жалал-Абаддагы окуялар анын жүзүн буруп койду. Биринчи ирет Борбор Азияда тынчтык жолу менен мамлекет башчысы алмашты. Орто Азиянын тарыхында бул болуп көрбөгөн окуя. Саясий система ушундай алмаштырууга алып келди. Жакында мурдагысы тарап, жаңы коалиция түзүлдү. Бул коалиция президенттик шайлоодон кийин түзүлгөн жаңы саясий кырдаалга жооп берет. Эгер мурда президент мындай ишти туугандары менен жең ичинен сүйлөшүп бүтүрө турган болсо, бул коалициялык өкмөттүн түзүлүшү айдан ачык болду. Бүт Кыргызстан кеп-кеңеши, сын-пикири менен катышты десек да болот. Коалициянын иш-планы, кайсы министрлик кайсы партияга тийди, демек, жоопкерчиликти кимден сураш керектиги калк алдында ачык. Бул Кыргызстанда парламенттик системанын иштей баштагандыгынын белгиси.
– “Кыргызстанга парламентаризм жукпайт, оогандашып, уруу-уруу болуп согушат” деп Д.Медведев айткан соң ал киши экөөңүздөрдө сырттан дискуссия башталгандай болду эле. Анын сөзүн “туура эмес” деп сындаганыңыз үчүн шайлоо маалында Орусиянын душманы катарында көрсөтүлдүңүз. Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка бизден миңдеген чакырым алыс. Биздин чөлкөмгө кыргыз парламентаризми кандай таасир этти?
– "Араб жазы”, негизи, кыргыз революциясынын таасири менен биздин мамлекеттин айланасындагы геосаясий кырдаал өзгөрүүгө багыт алды. “Авторитардык” деп бааланган коңшу мамлекет башчылары да саясий өзгөрүү керектигине, бул тарыхый зарылдык экендигине көздөрү жетти. Өзбекстанда конституциялык реформалар башат алып, президенттин укугу чектелип, парламентаризмге карай кадам жасала баштады. Казакстанда да президенттин кеңешчилеринин оозу менен Назарбаевден кийин өлкө парламенттик-президенттик башкаруу системасына өтөрү жар салына баштады. Биздеги “Ак жол” сымал эле, аларда “Нур Отан” үстөмдүк кылган. Бир партиялуу парламент болбойт экен деп, көп партиялуу парламент түзөбүз деген ниетте кезексиз шайлоо жарыяланды. Владимир Путин: “Араб жазы” Кыргызстанда башталган”,- деп бул тарыхый планетардык масштабдагы өзгөрүүлөрдүн башаты кыргыз революциясы экендигин моюнга алды. Мындан он күн мурун Дмитрий Медведев “Орусиянын саясий системасынын күнү бүттү. Биз кескин реформаларга баруубуз зарыл” деп жарыялап, көп партиялуулук, парламентаризмди өнүктүрүү, коалициялык өкмөт түзүү, губернаторлор, жергиликтүү бийликти да партиялар аркылуу шайлоо идеясын көтөрө баштады.
– Үзөңгүлөш мамлекеттер да саясий атаандаштыктын зарылдыгын моюнга алды дейсизби?
– Ооба. Бир жыл мурун сындап келген болсо, Кыргызстандагы саясий өзгөрүүлөрдү Орусия аргасыз ээрчигендиги көрүнүп турат. Мурда 200-300дөн ашык эл жыйнай албаган орусиялык оппозициялык күчтөр быйыл Владивостоктон Калининградга чейин “Таза шайлоолор үчүн” он миңдеген адамдарды жыйнап отурат. 24-декабрда Москвада эле 70 миңдин тегерегинде адам чогулду. “Түстүү революция өтпөйт” деп Орусиянын президенти менен премьери дембе-дем айткандыгына карабастан, түстүү революциянын белгилери байкала баштады. Жаңы-Өзөндөгү кейиштүү окуялардан кийин казак оппозициялык күчтөрү Кыргызстандагы окуялар казак жергесинде да башталгандыгы туурасында билдире башташты. Орусия менен Казакстанда да кыргыз “кетсинизми” акыры ачык жаңырды. “Кыргыз “кетсинизми” дүйнөлүк масштабда тарай баштайт” дегенде чет элдик эмес, биздин жергиликтүү саясат таануучулар мыйыгынан күлүп, мени шылдыңдаган. Бүгүн аны моюнга алууга баары аргасыз. Муну менен кыргыз реформалары тарыхый зарылдык экени, тандаган жолу, жасаган кадамы туура экени, Кыргызстандагы реформалар ийгиликтүү жүрүп жаткандыгы далилденди десем жаңылышпайм.
– Сөзүңүзгө аралжы, Кыргызстандагы саясий окуяларга кайтсак. Эмнеликтен коалиция дал ушул төрт фракциядан куралды?
– Орусияда да оппозицияны жектеп, алардын оозун жаппастан, алар менен кеңешип, “бирдиктүү коалициялык өкмөт иштеш керек” деген чындык моюнга алына баштады. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” дегендей, Кыргызстанда да биргелешкен өкмөттүн иштөөсүнө аргасызбыз. Анткени ат чабым узап кеткен партия жок, парламентте бири-бири менен ит жыгылыш болгон беш фракция бар. Президенттик шайлоодон кийин саясий кырдаал кескин өзгөрдү. Ошол шартка жараша коалициянын курамы да, саясаты да өзгөрүү алды. “Ата Мекен” фракциясы да кошулуп, өкмөт куроого катышты.
– Коалицияны куроо маалында коомчулукта ар кандай сөздөр айтылды, саясат таануучулар өз божомол-пикирлерин билдиришти. Коалицияга кирерде “Ата Мекен” кандай талаптарды койгондугун анык биле алабызбы?
– Жашырбайбыз, кандай талаптарды койгондугубуз калк алдында ачык. Президенттик шайлоо алдында Алмазбек Атамбаевден бөлөк дээрлик бардык талапкерлер Конституцияны өзгөртүү урааны менен чыкты. Коалицияга кирген төрт фракция тең “Конституция кол тийгис, аны коргойбуз, андагы идеология менен принциптерди өнүктүрөбүз” деген милдеттенмелерди алды. Ушуну менен да биздин коалицияга киргенибиз акталды. Уюшкан кылмыштуулук, коррупцияга каршы кескин күрөшүү нормалары кирди. Ал нормалар бул өкмөт түзүлгөнчө эле ишке ашып, Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кызматынын алдында жогорку бийлик органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын структура ачты. Бул багытта да иш-чараларды алып кете алабыз. Сот реформасын тез аранын ичинде аяктап, адилеттүү иш алпарган сот системасын түзүү милдетин койдук. Мыйзамдуулук өкүм сүрүп, коррупция тыйылса, сот адилеттүү иштесе, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө негизги шарттар түзүлөт. Экономикалык программанын негизи да ушул болуш керек деп эсептейбиз.
– Өкмөт бекиген күнкү жыйында “эртең премьер мыйзамсыз иштерге барса, “Ата Мекен” фракциясы “Ата Журттун” колдоосуна үмүт артат” деп билдирдиңиз. Сөздүн төркүнү кайда?
– Коалиция мүчөлөрү өкмөттү катаал сындоо шартына макул болушту. Биздин фракция – катаал, бирок адилет саясий күч. Өз өнөктөштөрүбүздү да оппозициядан кем эмес катаал сындайбыз. “Алың-алың, өтүң-өтүң” деген сыпайыгерчиликтен алыс болобуз. Ар бир үч айда өкмөт коалициялык көпчүлүккө отчёт берет. Начар иштеген министрлерди фракциялардын, коалициянын чечими менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгү каралды. Мындай чечим кабыл алынганда эки жуманын ичинде ал министр отставкага кетиш керек. Ушуга окшогон талаптарды коюу менен “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында коалицияга кирүү чечими бир добуштан кабыл алынды. Коалициялык өкмөттү да биздин фракция бир добуштан колдоду. Добушубузду биз конкреттүү бир адам үчүн эмес, айтылган принциптер, кабыл алынган багыттар үчүн бердик. Өкмөттүн конкреттүү мүчөлөрүнө биз принципиалдуу түрдө конструктивдүү сын айтып, баа беребиз. Эгер бул жылды жыйынтыктасак, өткөөл мезгил аяктады, туруктуу бийлик органдары түзүлдү. Бул Кыргызстан калкына жаңы үмүттөрдү берет. Жаңы жыл жакшылыктардын, жаңылыктардын, ийгиликтердин жылы болот деп үмүттөнөм.
– Саясаттан четтейли, Өмүрбек мырза, жеке өзүңүздө, үй-бүлөңүздө бул жыл эмнелер менен эсте калды?
– Жеке жана үй-бүлөмдүн турмушу да партиялык ишке багындырылган. Узап бараткан жыл саясий окуяларга бай болгондуктан, өзүм эле эмес, туугандарым да саясий окуялардан баш көтөргөн жок. Ошентсе да, бир окуяны белгилеп кетсем болот.
Негизи эле ырым-жырымды жектеген, жактыра бербеген адам болгом, жашымдан. Ошого таяп, атамдын ашын өткөргөн эмеспиз. Университетти жаңы аяктап барган кезимде, 22 жашымда атам каза болуп калган. Андан бери отуз жылдан ашуун мезгил өтүптүр. Жаш өткөндөнбү, айтор, быйыл бир туугандар чогулуп, атабыздын арбагын эскерип, айылда аш бердик. Азыр “салтка” айланып, кадыр-баркын көтөрүү үчүн саясий жана бизнес элитанын өкүлдөрүн чакырышат. Биз анын теңирден тескерисин жасадык, принципиалдуу түрдө бир да өкмөт же парламент мүчөсүн чакырбадык. Тууган-урук, айылдаштар, жакын санаалаш, партиялаштар гана катышты. Андан сырткары көптөн бери балдарыма айтып келаткан убадамды бул жылы аткардым. Өзүм топтогон каражатка үй-бүлөм менен Түштүк Кореяга 3 күнгө барып келдик. Дүйнө таанымы жаңыдан түптөлүп жаткан балдарыма бул өлкөгө болгон сапар чоң таасирин тийгизди.
Жакында, 22-декабрда туулган күнүм өттү. Аягы нөл менен бүткөн жашка толсом да, бул датаны салтанаттуу белгилөөгө тыюу салам. Бул жылы да партиялаш, бирге иштешкендеримдин куттук сөзүн кабылдап, ал эми үй-бүлөм менен абдан жупуну белгиледим. Балдарым куттуктоо баракчаларын тапшырышат, жубайым парфюм, галстук өңдүү буюмдарды белек кылат. Негизи эле жупуну болууга умтулам.
Эльвира Караева
koom@super.kg