Жаңы министрлер кабинети жана өкмөт башчы 113 добуш менен шайланды. Оппозиция болгон «Ата Журт» да колдоп, “Ар-намыстын” депутаты Дастан Бекешов менен КСДПнын депутаты Исмаил Исаков гана каршы чыгышты. Алар бул өкмөттүн жетишерлик деңгээлде иш алып барарына көзү жетпесин айтып, колдобой коюшту.