АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ – «ЖЫЛДЫН САЯСАТЧЫСЫ»

2011-жылды биздин гезит Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге “Жылдын саясатчысы” наамын тапшыруу менен жыйынтыктады.

Жалпыга белгилүү болгондой, "Супердин тандоосу" шоу дүйнөнү гана камтып келсе, жыл өткөн сайын коомчулуктун бардык тармактарын кучагына алып, кеңейип баратат. Быйыл “Жылдын саясатчысы” наамына талапкер катары бир катар үлкөн саясатчылар көрсөтүлүп, гезитибиздин расмий сайтындагы колдонуучулардын добуш берүүсү менен Алмазбек Атамбаев ат чабым алдыга чыккан.
Сыйлык тапшыруу аземинде гезитибиздин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов: “Бул сыйлык биздин эмгек жамааттын, ошондой эле окурмандарыбыздын ишеними. Сиздин ушул убакытка чейинки, өзгөчө ушул жылдагы саясий ишмердигиңизди баалагандык. Мындай ишенимге жыл ичинде эле эмес, кийинки жылдары да ээ болууңузга тилектешпиз”,- деген жылуу пикирин билдирди. “Силердин сыйлыгыңар мен үчүн өзгөчө. Эң чоң гезит, анын үстүнө бүгүнкү күндө эле эмес, эң кооптуу, кыйын кезеңдерде колдоп келдиңер. Аны башкалар унутса да, мен унутпайм”,- деп жылмаюу менен узатты президент.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
risbek91_91
2011-12-30 19:31:31
ой супер суперсинерда. 2009. Жыл адамы Бакиев. 2011 Отунбаева бийликтен кетелекте берип калганга жетиштинер . Эми Атамбаевге да бергенге жетиштинер.чыныгы супер экенсинер.
0
super
2012-01-02 16:16:47
risbek91_91, жалган маалыматынызга 3 айлык банга жолдомо.
0
Таллас
2011-12-31 22:28:18
Кыргызстан - кызыктардын өлкөсү ))
0
tilekbek
2012-01-03 19:14:12
ооо атамбаев
0
Burabiya
2012-01-05 23:34:47
ooo super super super
0
Gulshan
2012-01-08 03:34:34
ой когда же в в моей любимой стране люди начнут жить нормально. когда же в правительство нашей страны придут нормальные, честные. а главное думающие о судьбе страны. а не о своем кошельке,
Я считаю, что Атамбаев это ксерокопия Акаева и Бакиева, ничем он не лучший. а выборы 31 октября нечестные были, я ооочень люблю свой народ, всех кыргызов. всех жителей Кыргызстана, но не нашему правительству!!!
Желаю Каждому Кыргызтанцу Удачи во всем!!!
0
turatbek-92
2012-01-18 20:27:53
мен бул кишини корсотпойт элем
0
№ 478, 30-декабрь - 5-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан