ТОКТОГУЛДА СУУ КЕНЕН, ЖАРЫКТЫ ӨЧҮРҮҮНҮН ШЫЛТООСУ ЭМНЕ?
Бакиевдин тактан кетишине жарыкты тез-тез өчүрүү, анысы аз келгенсип баасын эки эсе көтөрүп салгандыгы бирден-бир себеп болгон. Бийлик алмашты. Бирок жарыктын көйгөйү чечилген жок.
“БААНЫ КӨТӨРӨЛҮ”
Жарыктын көйгөйү жанга батты. Кайрадан министрлик "креслого" келген Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев элдин башына түшкөн кыйынчылык үчүн кечирим сурап, артынан эле электр энергиясына бааны көтөрүүнү сунуштады. Анын негизинде көп жылдан бери үзүлүп, оңдоло берип, азыр араң эле турган жабдуулар алмаштырылмакчы. Бирок баа аз-аздан бир канча жылдын ичинде көтөрүлүшү керек экенин айтат министр.
"Республика" партиясынын парламенттик шайлоо алдындагы "фишкасы" "электр энергиясын өз баасында" элге берүү болгон эле. Албетте, өз баасы дегенде эл арзандатуу деп түшүнүп, бул партияга добуш берген. “Жарыктын наркы көтөрүлсө, анда убада кайда кетет?” деген суроо туулат.
ТҮНДҮК ЖАРЫКСЫЗ КАЛАБЫ?
Борбор Азиянын энергетикалык алкагынан Казакстандын чыгуу аракети Кыргызстанга чоң коркунуч жаратууда. Эгерде боордоштор мындай кадамга барышса, анда Кыргызстандын түндүгү жарыксыз калат. Анткени Токтогул ГЭСинде өндүрүлгөн электр энергиясы Казакстан жана Өзбекстандын зымдары аркылуу өлкөнүн түндүгүнө келет. Аскарбек Шадиев учурда бул маселе боюнча кошуналар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана маселенин оң жагына чечилиши күтүлүп жатканын айтты.
“МААЛ-МААЛЫ МЕНЕН ӨЧҮРҮҮ БАШТАЛАТ” ДЕШЕТ
Көйгөйдү чечүү үчүн эми Энергетика министрлиги электр энергиясын эң көп колдонулган таңга маал жана кечки сааттарда маал-маалы менен өчүрүүнү сунуштайт. Бул планды жакын арада өкмөткө киргизмекчи болушууда. Ошондой эле ишканаларга лимит коюлуп, өлкөдөгү электр энергиясын таратуучу негизги компаниялар лимиттен аша чапкандардын жарыгын өчүрөт. Бул чектөөгө сауналар, автоунаа жуучу жайлар, кафе-ресторандар жана башкалар кабылмакчы. Министрлик мындай чектөө “Датка-Кемин” подстанциясы курулганга дейре созулушу мүмкүн экенин билдирет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
атамбаев 1айда жеп ийдиби мурунку бакиевдикин жаап анан озунун ишине киришкенче убакыт керек туугандар жок дегенде 5ай отсо анан суйлосонор
Zarina.S.1998, Атамбаев бир жыл премьер-мнистр болуп иштеди мамлекетти онуктуруу боюнча эч кандай программасы жок... Эми президент болгондо пайда болот беле?... Эгер чынында эле Кыргызстанды онуктуром деген оюу болсо озун корсотмок да жок дегенде кызматка татыктуу кадрларды тандап...
Djigitbek,эми эле баарын ордунан айдай албайт да иштебеген атка минерлерди акырындык менен жоёт деген ишеним бар..келдибеков ондуулорду
Туугандар тонкоруш дебестен кичине ой жугурткулочу мээнерге!?Эгерде Казак боорум Борбор Азиянын энергетикалык алкагынан чыкса,0,75 эмес 2сом болсо да толойсунор,башка айланар жок!!!Себеби ГЕСдеги жабдуулар кобу казак боорумку.Башка мамлекеттер биздин азыркы абалыбыздан пайдаланып жатканын качан тушуносунор?!Тонкоруш да жасап кордук,аягы эмне менен бутту?!Жылдан жылга КЫРГЫЗСТАН жок болуп баратат.САБЫРДУУ БОЛГУЛА!!!Атамбаев да только эле жебей аткандыр...Озубуз шайлаган президент.
EkaMika, Азыркы кундо бийликтегилерге озубуздун унубузду куч менен угузуп калдыкко мынтип угрожать этпесе тоготпой атышатко... Азыр бара-бара угрожать этсен да коркпой калышты, анткени тонкоруш болуп кетишине ишенбей атышат, элдик революция кыргызстанда боло элек, болгону саясатчылардын тундук-туштук болуп бийлик талашуусу болду, элдин арасынан чыныгы патриот чыгып, алдыга жол баштаса ошону ээрчишмек тилекке каршы андай инсандар жок болуп атат КРда...
Сабыр тубу сары алтын дегендей,сабырдуу болгула туугандар.Антпесек жарыксыз калабыз.
Бирөөнү сындаш дайыма оңой. Бакиевди сындап, Бабанов шайлоо алдындагы эл. энергия боюнча айткандарын, энерго барондор жонундо ж. б. баарын унутту окшойт. Кайра эле Шершовдун командасы келүүдө. Ызы чууну баштаган мурдагы энергетика министри Давыдов азыр советник.
Эмнеси болсо да күтө туралы, баарын убакыт көрсөтөт.
токтогул суусу азайып кетти деп дагы шылтоолошкон бирок токтогулдун суусу азайбай эле биздин жегичтерибиз казактардан алдын ала жеп алышкан анан кыргызстандын жарыгын очуруп казактарга сатып жатканы айдан ачык
кышта светти очурсо жазда свет жонундо унутабызбы
Kyrgyzstanda gana emes bul italiada da svet,benzin kymbattady. bul jakta svet ochpoit,birok el kyinalyp gatat. Elim CHYDAGYLA BUL DA OTUP KETE TURGAN UBAK!!!!!
iza италиянын бил жерде эмне тиешеси бар ойлонуп жазсан
Кыргыз элим куто берип 20жыл отту. Кыргыздарга булда аздык кылат.Шайлодо оздорун 100сомго сатышты таза шайлоо болбоду.Бунданда жаман кундор келет бул бийликтегилер жеп конуп калган. Алладан коркушбайт.
эээ Бакиев, Акаев учурунда ГЭС, трансформаторлор ондоло ремонт кылына турган акчалардын баарын жеп салышып эми мына кесепети. Убагында болунгон акчаны оз чонтокторуно салып коюшкан да бакиевчилер, азыр эскилиги жеткен зым, подстанциялар суукта чыналууну которо албай бузулуп жатат. бунун баарына Бакиевчилер, Акаевчилер куноолу. а Атамбае жаны эле келди го ага коп асылбагыла.
bavariy, Atambaevdin fonatu okwoysun ee???
iza Кыргызстанда еле емес Италияда да свет бензин кымбаттады дейсин сен эмне Европага салыштырып атасынбы бизде Европадагыдай жумуш,айлык барбы?
ДАТКА-КЕМИН подстанциясы курулганга дейре созулушу мумкун* Демек омур бою очот турбайбы
если карман позволяет, предлагаю использовать солнечную энергию и ветер(солнечные батареи, ветрянка) будете не зависимыми от кого либо. Иш кана, завод, фабрика ачабыз элибиз чет элден келет дешти эле. экономиканы которуштун ордуна ар кандай схема менен чонтокту толтурган болбойт. Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып эл кылдым- ушул создорду укканда президентке азыркы окмотко ишенгим келип турат, бирок корупция токтобой, мамлекеттин байлыгы араланып чонтокторго тушсо турмуш начарлап....
уландысы: эгемендуулугубуз ТСга жакынкы арада сатылса, анда кагылайын калкым бул нерсенин тыюу жолун абдан жакшы билебиз! Сабыр кылайлы ишеничти актап экономиканы которуп, жыргал жашоо болуп калса таазим кылалы.
Кандай болбосун ишке ашырышат