Коён жылы колубуздан булт берип коштошуп, Балык жылы босогобузда турат. Бул жылды кантип тосуп алуу, кандай ырым-жырымдарды колдонуу керек? Астрологдордун айтымында, жаңырган жыл ар бир адамдын жашоосуна өзгөчө маанилүү нерсе алып келет экен. Андыктан Жаңы жылды унутулгус кылып өткөрүү сиздин колуңузда.
ҮЙҮБҮЗДҮ ЖАРЫК МААНАЙ МЕНЕН КООЗДОЙБУЗ
Эң башында эле эскерте турган жагдай, Балык жылы жалкоолукту жана пассивдүүлүктү жактырбайт. Андыктан жаңырган жылды көңүлдүү, шат маанайда, өзгөчө өткөрүү зарыл (Кытай календары боюнча Ажыдаар, бизде Балык жылы деп аталат. Бирок экөө тең Суу табиятына (стихия) кирген жаныбарлар болгондуктан, бир калыпта турган нерсени жакшы көрүшпөйт).
Адаттан тышкаркы нерселерди да кылсаңыз ашык болбойт. Ар жылкы адат болуп калгандай, тууган отуруштан тышкары көчөгө от жагып, кафеге, дискотекага барып өткөрүүгө неге болбосун?
Балык тереңге сүңгүп, эркиндикте жашаганды жакшы көргөн жаныбар болгондуктан, бул жылы бардык нерсеге кененчилик керек. Жайылган дасторкон да, таттуу тамактар да, ал тургай жаш балдар ойной турган бөлмөнүн да кенен болгону дурус. Тар бөлмө же кичине дасторкон менен келе жаткан жылды капа кылып албаңыз.
Жаңы жылга бир аз убакыт калганда ашканадан, телевизордон же башка иштерден өзүңүздү бошотуп, бир аз убакытка болсо да көчүк басып отуруңуз. Жашооңузга алып келген жакшылыктар, ийгиликтер үчүн Коён жылына чын дилден рахмат айтып коштошуңуз. Өтүп бараткан Коён жылынын урматына дасторконго жашылча салаттарынан коюу жакшы. Айтмакчы, Жаңы жылда жаңы кийим кийүү да жашооңузга жаңы нерселерди алып келет. Жакындарыңызды гана белек менен кубантпастан, өзүңүзгө да жаңы кийим алганыңыз туура.
Ал эми Балык жылында кара, алтын түс, балырдын түсүндөй жашыл, анан көгүлтүр түс модада. Үй жасалгасында, балаты кооздоодо быйыл эксперимент жасасаңыз болот. Ар жылы балатынын чокусуна коюла турган жылдызчанын ордуна анча чоң эмес аквариум, балыктын, русалканын статуэткасын коюп койсоңуз, сизге өзгөчө маанай тартуулайт.
Эң негизги унутпай турган нерсе, сааттын жебеси 12ге жакындап, Жаңы жылды тосуп алар көз ирмемде оюңузду жыйынтыктап, позитивдүү маанай менен чын дилден жакшылыктарды күтүп алуу кажет.
ЖАҢЫ ЖЫЛДАГЫ ЫРЫМ-ЖЫРЫМ, ИШЕНИМДЕР:
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg
КАЙСЫ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕК ЭСИҢИЗДЕ КАЛГАН?
Дүйшөн Батырбеков,
КУУнун окутуучусу:
– Мен үчүн эң баалуу белек – куттуктоо баракчасындагы жылуу каалоо-тилектер. Эсимде калганы, бир жолу Жаңы жылда Элмира аттуу студент кызымдын балалык баёо сезим менен жазылган куттуктоо баракчасы болгон. Негизи, мага берилген куттуктоо баракчаларын ыргытпай сактап коём.
Гүлайым Жолдошбек кызы,
студент:
– Жакында эле турмушка чыккам. Учурда үй- бүлөлүк бакытка балкып жүргөн кезим. Көптөгөн эле белектерди алгам, бирок эсимде калганы жок экен. Бирок бул Жаңы жылда унутулгус белек катары мага энелик бакыт болот деп үмүттөнүп турам.
Рустам Усенбаев,
юрист:
– Былтыр Жаңы жылда досторум менен бирге Италиянын Милан шаарына бир жумалык жолдомо алып, өзүбүзгө белек тартуулаганбыз. Ушул мен үчүн унутулгус белек болду. Жаңы жылда аябай маанайыбыз көтөрүлгөн.
Калыгүл Кайкыева,
үй кожойкеси:
– Жаңы жылдык белек катары кичине кезимде апам жасап берген чий куурчак эсте калган. Эки көзүнө эки чоң топчу кадалып, кыргыз көйнөгүн кийген куурчак менен коңшу кыздарга далай мактангам. Кийин сынып жоголду. Бирок ошол куурчактын элеси дале көз алдымдан кетпейт.
Азамат Оморов,
сатуучу:
– Бала кезимде атамдардын Жаңы жылга сейрек кездешчү денди, анан плеер белек кылганы эсимде калган. Ал белекти бүгүнкү күнгө чейин сактап келем. Кээде үйдөн кутучасын көрүп калсам, ошол Жаңы жылдагы кубанычымды эстеп жылмайып алам.
Мээрим Заидова,
студент:
– Мектепте окуп жүргөнүмдө апам майрамдык балатыга атайын издеп жүрүп таап, барпайган сонун көйнөк белек кылган эле. Ошондо классташ кыздарыма мактанып, кубанычым коюнума батпай сүйүнгөнүм эсимде.
Марат Шералиев,
курулушчу:
– Жаңы жылда өзгөчө деле белек алып көргөн эмесмин. Бирок 2009-жылы Орусияда иштеген кайнежем берип жиберген булгаары күрмө, спорттук костюмдар эсимде калды. Алыста жүрүп күйөө баласына кам көргөнү мени кубанткан.
Мальвина Уметбекова