Бир бүркүм... ОШТО УЧАК ӨРТТӨНҮП, ЖАРАДАРЛАР БАР...
Бишкек-Ош аба каттамында "Кыргызстан" аба компаниясынын Ту-134 учагы 28-декабрда Ош шаарынын аэропортуна конуп жатканда кырсыкка кабылды. Мындан 26 адам жабыркап, учактын оң канаты жана шассиси сынып, сырты өрттөнүп кеткен.
2011-жылдын июль айынан октябрга дейре Орусиядан эмгек мигранттары тарабынан Өзбекстанга 1,5 миллиард доллар, Тажикстанга 1 миллиард доллар, Кыргызстанга болсо 0,5 миллиард доллар акча которулган.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун биздин өлкөдөн өткөн бөлүгү 2003-жылы түзүлгөн план боюнча 1 миллиард 350 миллион долларга турмак. Азыр курулуш материалдарынын баалары өсүп, анын наркы 2 миллиард долларга жеткенин Транспорт жана жол министрлиги билдирди.
"Мен "Ата Мекен" фракциясын жана Өмүрбек Текебаевди урматтаганыма карабастан, коалициядан чыгам",- деди Ширин Айтматова.
“2011-жылы кызмат өтөп жүргөн 29 аскер качып кетип, анын 25и кайтарылса, дагы төртөөнө издөө салынган”,- дейт УКМКнын Чек ара кызматынын командири Закир Тиленов.
2012-жылдын январында УТРКнын түз эфириндеги аукциондо 4 улутташтырылган объект сатылат.
Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан "Кайыңды-Ойл" ЖЧКсына тиешелүү нефтебазанын аймагында 4 автоунаа жарылып, анда 5 адам каза тапты. Окуяны иликтөө иштери башталды.
2012-жылдын 20-январында Кыргызстанда 17 айыл өкмөтүнүн башчылары шайланат.
Жаңы жыл майрамына байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасы 31-декабрдан3-январга дейре жабылат.
Парламентке эми дагы үч жаңы депутат партиялардын тизмеси боюнча келмекчи. Анда “Ар-намыс” партиясына экөө, “Ата Мекен” партиясына бирөө депутаттык мандат алат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Modeshanyi
2011-12-30 22:36:34
Кызык болуп жатат, эмне себеп менен качып кетиш экен кызмат отоп жаткан жигиттер? Себеби жок качышпаса керек эле деген ой туулуп жатат?
0
tilekbek
2012-01-04 20:27:38
кыргыз кытай темир жолу бутсо кыргызстан онугобу же кыргызстанды кытай басабы
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.