Тапкан-ташыган буюмдарыңды бир заматта илип кеткен уурулар барган сайын күч алууда. Күнү куру эмес көптөгөн адамдар жыйнаган мүлкүнөн кол жууган фактылар буга күбө. Бирок уурунун арты кууш дегендей, арам оокат менен күн көргөндөрдүн көбү кармалып, темир тор артына кеткендери да жок эмес. Мына жакында эле ордо калаабыздын милиция кызматкерлери көптөн бери элди зар какшатып келген дасыккан уурулар тобун кармашты.
ТАПКАН АКЧАСЫН БАҢГИЗАТЫНА КОРОТУШКАН
Өткөн жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин кызматкерлери көптөн бери үйлөрдү карактап келген уурулар тобун колго түшүрүштү. Бул топ мурун бир нече ирет соттолуп чыккан адамдардан турган. “Жентльмени удачи” тасмасында фраза бар эмеспи “уурдадың, ичтиң – түрмөгө, уурдадың, ичтиң – түрмөгө, мына сага романтика!” деген, булар ошондой эле болгонбу деп ойлоп кетет экенсиң. Себеби бул топтун мүчөлөрү да уурдап, арам акчага ичимдик ичип, баңгизат колдонушуп, бул кылмыштары үчүн бир нече ирет түрмөгө отуруп чыгышкан. Маалыматтарга караганда, алар күндүзү "аңчылыкка" чыгышып, ээси жок үйлөргө балкон аркылуу кирип, буюмдарын уурдап кетип турушкан. Кабат үйлөрдөн сырткары жаңы конуштарга да көп барышып, үйдө эч ким жок экендигине көздөрү жеткенден кийин терезесин чыгарып киришчү. Көбүнчө алтын буюмдарды, акча уурдашып, уурдалган буюмдарды ломбардга өткөрүп турушкан.
Уурулук катталган үйлөрдү изилдеп чыккан милиция кызматкерлери ушул өңдүү кылмыштарды бир эле топ жасап жатат деген жыйынтыкка келишкен. Бир топ тер төгүп изилдөөнүн натыйжасында акыры уурулардын изине түшүшөт. Алардын 20-30 жаштардагы Русь, Димон жана Талып каймана аттуу адамдар экендиги белгилүү болуп, жашаган жерлери да аныкталат. Болушу мүмкүн деген жерлерди күнү-түнү аңдышып, акыры үч кишиден турган топту колго түшүрүшөт.
Алар бир жерде туруктуу жашабай, тез-тез конуш которуп турушкан. Арамдан тапкан акчаларын баңгизатына, спирт ичимдиктерине коротушары аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө алар “үйлөрдү акмалап, тыкылдатып же коңгуроосун басып көрүп, эч ким жок экендигин билгенден кийин гана кирчүбүз” деп айтып беришкен.
“БУЛ ТОП АБАКТА ЖАРАЛГАН”
Октябрь РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Улан Айтбаев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Атайын иликтөөлөрдүн натыйжасында көптөн бери уурулук кылып жүргөн топту колго түшүрдүк. Топтун лидери 30 жаштагы, уйгур улутундагы, Русь каймана аттуу Исаходжаев Рустам Хирсанович топтун калган мүчөлөрү менен ар кайсы абактарда жатканда таанышып, топ түзүү идеясы ошондо эле жаралган экен. Өзү 1997-жылдан бери үч жолу соттолуп чыккан. Топтун мүчөсү 32 жаштагы Нурахунов Талыпжан Таиржанович да мурун үч жолу соттолуп чыккан. Ал К.Көлбаевдин кылмыштуу тобунун башчылары жана мүчөлөрү менен тыгыз байланышта, “общагында” болгон экен. Ал эми 22 жаштагы дагы бир мүчөсү Калачиков Дмитрий Николаевич бир жолу соттолгон. 1-2-кабаттардагы балкондордун темир торун кайрышып же жер тамдардын терезелерин ачып кирип уурулук кылып жүргөндөрүн айтып беришти. Учурда бул топ 83 фактыга тийиштиги бар экендигин мойнуна алышты. Алар жашаган жерлерди тинткен учурда кылмышка далил буюмдар (зер буюмдар, аудио-видеоаппаратуралар жана башка) табылып, тартылып алынды. Азыркы убакта бул топтун үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук – мыйзам боюнча 2 жылдан 6 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлүүдө. Буларга зер буюмдарды өткөрүүдө жардам берген мүчөлөрүн таап, кармоо иш-чараларын жүргүзүүдөбүз. Бул топтун дагы башка да көптөгөн уурулук фактыларына тийиштиги бар болушу мүмкүн. Андыктан бул адамдардан жабыр тарткандар болсо, төмөндөгү телефондорго кайрылса болот:
(0312) 54-41-16, 43-32-75.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg