Элдин баары Жаңы жылга даярданып жатканда Лейлек районунда кыргыздар менен тажиктердин чабыша кетүүсүнө аз калып, бир жерде, бир сууну ичкендердин ортосунда жаңжал чыкты.
ТАЖИКТЕР СӨЗГӨ ТЕРИКТИБИ?
29-декабрь күнү түштөн кийин мектепке бара жаткан кыргыз окуучу балдары менен ошол эле айылдын тажик тургундарынын ортосунда мушташ чыккан. Жаңжалда жашы улуу тажиктер өспүрүм балдарды сабап коюшкан. Ал заматта “Андарак окуясы” деген аталышты алып, бүткүл республикага дүңк дей түштү. Анткени Июнь окуясы дале эстерден, түштөрдөн кете элек. Эскерте кетсек, Андарак айылы Лейлек районунда жайгашкан. Ал жердеги мушташтын келип чыгышы жөнүндө түрдүү версиялар айтылууда. Бирок ИИМ тараткан маалыматка ылайык, окуучу балдар көчөдө бара жаткан жеринен машинада келе жатышкан тажиктер “жолдун четине чыккыла” дешкен. “Ушул жерден түшүнбөстүк пайда болуп, кыргыз балдар уят сөз менен тажиктерди сөгүшкөн” деген кептер да айтылууда, кыскасы, эки тарап сөздөн муштумга өткөн. Жаңжалда 10-класстын окуучусу, 1996-жылкы Нурмухаммед Ташбеков алган жаракатынан улам ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Анын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган соң үч шектүү тажик кармалат. Бирок аларды Райондук ички иштер башкармалыгына алып бара жатышканда 200гө жакын тажик чогулуп келип, бошотуп кетишкен.
КЫРГЫЗДАР ӨРТ МЕНЕН ЖООП БЕРИП...
Тажиктер “толпа” менен өз адамдарын бошотуп алган соң кыргыздар да чогула баштаган. Баш-аягы 500дөй болгон кыргыздар милициядан окуучуларды сабагандарды кармоону талап кылышкан. Бирок 1000дей тажик улутундагылар чогулуп, сес көрсөтмөкчү болушат. Маалыматтарга караганда, Андарак айылында тажиктер кыргыздарга салыштырмалуу көбүрөөк жашайт.
Ушундан уламбы же кыргыздар милициянын алсыздыгына ачууланган чыгар, жаш жигиттер 2 дүкөн, 2 сарай, 1 наабайкана, 2 үйгө өрт коюшкан. Бирок өрт өчүрүүчүлөр үйлөрдү толугу менен күлгө айлануудан сактап калган. Андан тышкары Жигули автоунаасы да талкаланган. Караңгы түндө орун алган бул окуяда массалык мушташ да болду дешүүдө, бирок бейтапканага кайрылгандар болгон эмес.
АРАҢ АЛЫП КАЛЫШТЫ
Жаңжал токтобой, тескерисинче, оттой албырттап күчөй баштаганда Андарак айылына туш тараптан аткаминерлер да, укук коргоочулар да келе башташты. 30-декабрга караган түнү Баткен облусунун губернатору Арзыбек Бурканов, көп өтпөй айылдын тургундарын тартипке чакыруу үчүн 300дөй милиция кызматкерлери да келишкен.
Укук коргоочулардын айтымында, баштапкы мушташка катышкан тажиктер: 1992-жылкы Абдурауф Поччоев, 1991-жылкы Турахон Хожаев, 1990-жылкы Аваз Латипов колго түшүрүлгөн. Алар учурда Лейлек Райондук ички иштер бөлүмүнүн ИВСинде отурушат. Ошондой эле өрт коюуга тиешеси барлар да жакын арада кармалат дешти.
Албууттанган эки элди ынтымакка чакыруу үчүн кадыр-барктуу аксакалдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүштү.
“КӨЧӨ МИЛИЦИЯГА ТОЛУП КЕТКЕН”
Андарак айылынын тургуну Таалай Абдыкадыровго байланышып, окуянын эмнеден башталганын жана азыркы учурдагы абалын сурадык. Ал: “Уруш биринчи Андарактын жогору жагындагы тажиктер жашаган жердеги дүкөндө башталган. Түшкө маал 10-класстагы үч кыргыз бала тажиктер иштеткен дүкөнгө кирип, ал жерде эки тарап урушуп, катуу сабалган кыргыз бала ооруканага жаткырылган. Ата-энеси карап турмак беле, алар милицияга кайрылышты. Кийин кыргыздар “өз жерибизде туруп, инилерибизди сабатабызбы?” деп жыйылып барып, ошол дүкөндү, жанында турганын да өрттөдү. Жаңжалдын акыры милиция келип калып токтотулду. Азыр көчө толгон милиция. Бир аптадан бери милициялардын кээ бирлери аялдамаларды, кээ бири дүкөндөрдүн алдын байырлап калды”,- деп айтып берди.
ЭЛИН СЫЙЛАШСА ГАНА ЖЕРИ АМАН БОЛОТ
Бир жарым жыл мурунку Ош коогалаңында төгүлгөн канды эч ким унута элек. Ондогондор жакынынан түбөлүк ажырап, миңдеген үйдүн коломтосу тепселди.
Кыргыздар дүйнөдө бар үчүн Кыргызстан бар. Ар бир улуттун өкүлү жашаган жерин, тапкан нанын, жуткан абасын кандай сыйласа, жашаган өлкөсүнүн кожоюну болгон элди да бирдей сыйлашы керек эмеспи. Муну менен ар бир кыргыз да кожоюн болуунун жоопкерчилигин сезип, үйдүн ынтымагын качырбоого аракет жасашы шарт.
Эльвира Караева
koom@super.kg