Кечир мени
Адам баласы киндик каны тамгандан баштап, жүрөгүнүн акыркы согушуна чейин сүйүнүч менен өкүнүч, сүйүү менен жек көрүү, жакшылык менен жамандык жандап жүрөт эмеспи. Биз, пенделер, жакын адамыбыздан түбөлүккө айрылмай- ынча, ал адам биз үчүн канчалык кымбат экенин түшүнбөйт экенбиз. Баары кеч болгон соң гана бармагыбызды тиштеп калганыбыз өкүнүчтүү.
«ЭМИ БАЛДАРЫБЫЗ ҮЧҮН ЖАШАЙМ»
Жанымда эң жакын адамдарым жүрсө да, жүрөгүмдүн түпкүрүндө дале кусалык сезими жашап келет. Ал түнү сени эч жакка жибербей алып калганда, балким, ал автокырсык да болбойт беле?.. Сенсиз өткөн күндөрдүн баары тең жалгыздык, кусалыктын бешигине бөлөнүп калды. Ооба, арадан бир топ жыл өттү. Мени менен түбөлүккө коштошсоң да, үмүтүм үзүлбөй сени күтө берем. Ар бир сенсиз өткөн таңым мээримдүү көз карашыңа, элесиңе зар. Кайда болбоюн, эмне кылбайын, мени жандап жүргөндөй сезилесиң. Кээде оор үшкүрүк угулгансып, далыма сенин жылуу алаканың тийгендей сезилет. Эх, ажалдын алдында баарыбыз тең алсыз экенбиз да! Аргасыздан ак жоолугумдун үстүн кара каптап, жер чапчып кала бердим. Экөөбүз эки башка дүйнөдө болсок да, жүрөгүм дале сен деп согот. Сенден айрылгандан бери тынч уйку да жок. Бул ааламды кол шилтеп таштап, тентип кетким келет. Ичимде кайнаган миңдеген суроолорго эч бир жооп таба албадым. Жашоонун маңызын түшүнө албай, туңгуюкка түшкөндөй эле сезилем. Баарын кечип кетейин деген жаман ойлор да бир топко чейин азгырып жүрдү. Бирок бул эң акылсыз чечим экенин туюп, ортобуздагы уулубузду, кичинекей кызыбызды кыя албадым. Кызыбыздын тармал чачы, уулубуздун кырдач мурду сага куюп койгондой. Алар – сенден калган өмүрүмдөгү эң чоң аманаттар. Мен сени ушунчалык сүйөрүмдү көзүң барда сездиң бекен, ардагым?! Билем, көп нерсени айтууга, сүйүүмдү билдирүүгө жетишпедим. Сенден мынча эрте айрыларымды билбедим, сезбедим, кечир!
«ЖАЗДЫ ДАГЫ ЖАЛГЫЗДЫКТА ТОСОМ»
Жакында жаз. Жапжашыл серүүн мезгил. Биз таанышкан, биз сүйгөн жазды дагы жалгыздыкта тосом. Жетелешип биз аралаган сейил бактар да эми суктана карай алышпайт. Бул жазды дагы сенсиз тосорумду эстеген сайын жүрөгүм өйүп кетет. Биз отурган скамейкаларга жөлөнө сенин кучагыңды издейм. Күнү бою суроолор менен алышып жатып түн да кирет. Башым жаздыкка тиери менен сенден айрыган таш боор тагдырга таарына жаздыкты мыкчый кармап, аргасыздан үшкүрүнүп коём. Андан башка аргам жок.Бир жагынан сүйүү эмне экенин билбей калбастан, анын балын таткандыгым үчүн сага ыраазы да болуп кетем. Мен сени сагынгым да, сага таарынгым да келет. Эмнеге мени менен коштошконго анча шаштың же сендей адамга тиги дүйнө зар болуп жатты беле?
Жаман айтышпадык, экөөбүз саналуу гана жылдар бирге жашасак да, сени бактылуу кыла алдым деп ишенгим келет. Болгону, өмүрүң кыска экен, ошол гана өкүнүчтүү! Мени эрте таштап кеттиң, ошонуңа таарынам! Балдарыбыздын ийгиликтерин, бир да жакшылыгын көрбөстөн боз топуракты кучактап жатып калганыңа жаным сыздайт. Мен дагы канча жашасам да, бүт өмүрүмдү балдарыбызга арнап, бир гана сени сүйүп жашаарымды айткым келет.
Айзат
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg