КӨП МҮЧӨЛҮҮЛӨР


ДИФАЛЛИЯ ЖЕ КӨП ЖЫНЫС МҮЧӨЛҮҮ ЭРКЕКТЕР
Дифаллия гректин "di" – эки жана "phallus" – жыныстык мүчө деген сөзүнөн алынган. Бизче "көп жыныс мүчөлүү" дегенди билдирет.
Мындай кошумча мүчөлөр кээде жанаша жайгашса, кээде урук калтасынын артында, кээде биринин артында бири жайгашып калуулары ыктымал. Кээ бир учурларда мындай кош мүчөнүн экөөсү тең калыптагыдай иштесе, көбүнчө бири жакшы өнүкпөй калган болот. Ашыкча мүчө көбүнчөсү операция аркылуу кесилип салынат. Илимий маалыматка караганда, мындай кош мүчөлүү эркектер өтө сейрек учурайт.
Америкалык Жошуа Слим төрөлгөндө эле элдин кызыгуусун жараткан. Себеби, ал үч жыныс мүчөлүү болуп төрөлгөн. Болгондо да үч мүчөсү тең калыптагыдай иштеген. Врачтар наристенин ата-энесине "Мындай сасыткынын ашыкча эки "алигисин" кесип салуу керек" деген сунуш менен кайрылышкан. Бирок, "бул да болсо Кудайдын кылганы" дешкен ата-эне баласын операцияга берүүдөн баш тартышкан.
Баланын мындай мүчөлүү экендиги аны баккан бала багуучу аялга киреше алып келе баштаган. Анткени, ал баланын " алигисин" жашыруун камерага тартып, порножурналдарга сатып, акча табууга өткөн. Акыры муну байкап калган ата-эне бала багуучуну кууп жиберип, ошол эле жол менен баласынын артынан өздөрү акча таба башташкан.
Учурда Слим Америкадагы эң көп акы төлөнүүчү стриптизёр. Эң бай деп эсептелген түнкү клубда иштейт. Андан тышкары өзүнүн үч мүчөсүнүн артында миллионер айымдардын да каалоосун канааттандыруу менен кошумча акча таба коёт.

Полимастия же көп эмчектүүлүк
Полимастия гректин "polys" – көп жана "mastos" –көкүрөк деген сөзүнөн алынган. Бизче "көп эмчектүүлүк" дегенди билдирет.
Маалыматка караганда, ар бир беш жүзүнчү аялзаты кошумча, башкача айтканда, үчүнчү же төртүнчү эмчек менен төрөлөт. Кээсинде андай кошумча эмчек колтукта, кээсинде санында, кээсинде кош эмчегинин ылдый жагында жайгашып калуусу мүмкүн. Бирок, көпчүлүк аялзатында анын көлөмү кичинекей болгондуктан, мең катары санап, маани беришпейт. Бирок, кээде андай эмчектер канча бир жыл уйкуда жатып, анан ээси кош бойлуу кезинде өсө баштайт. Мындан тышкары сейрек болсо да кыздар жыныстык жактан жетиле баштаганда кошумча эмчек өсө баштаган учурлар кездешет.
Франциянын Марсель шаарындагы Вентр аттуу айымдын 3 эмчеги болгон. Анын бир уулу туруп алып энесинин санында жайгашкан үчүнчү эмчегин эмип жатканда, апасы ымыркайын өз ордунда жайгашкан эмчеги менен эмизип отурчу экен. Мындай укмуштуу көр­үнүштү көрүүнү каалагандар акча берип көрүү үчүн эшик сагаалап кезекте турушкандыгы жазылып калган.
1950-жылы Россиянын Алтай крайында 3 эмчектүү кыз төрөлгөн. Кичинесинде өзү курактуу балдар-кыздардын шылдыңына кабылып жүрсө, чоңойгонунда ага кызыккан эркектер көп чыга баштаган. Кыздын мындай артыкчылыгын угуп алган бай эркек кызды издеп таап, таанышып, акыры ага үйлөнүүгө жетишкен. Бирок, кыз балалуу болгучакты жашай алган эмес. Курч кармаган оорудан улам дүйнөдөн өткөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 194, 21-27-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан